Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-январы № 18
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270, 2011-жылдын 15-июнундагы № 318, 2013-жылдын 24-июнундагы № 373, 2013-жылдын 31-декабрындагы № 720, 2015-жылдын 9-июлундагы № 473, 2015-жылдын 11-сентябрындагы № 628, 2015-жылдын 16-октябрындагы № 711, 2016-жылдын 18-мартындагы № 133, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 216, 2016-жылдын 6-сентябрындагы № 485, 2017-жылдын 17-январы № 28, 2016-жылдын 29-декабрындагы № 708, 2017-жылдын 17-январындагы № 28, 2017-жылдын 23-июну № 404, 2017-жылдын 20-сентябрындагы № 593, 2017-жылдын 5-октябрындагы № 648, 2018-жылдын 15-майындагы № 234 , 2018-жылдын 4 сентябрындагы № 415 , 2018-жылдын 8-октябрындагы № 464 , 2018-жылдын 9-октябрындагы № 466 , 2019-жылдын 2-майындагы № 204 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү өркүндөтүү, педагогикалык кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн материалдык жактан стимулдоо жана шарт түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 1-майынан тартып Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын мугалимдери, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарынын тарбиячылары жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучулары үчүн саатына карата эмгек акы төлөөнүн негизинде эмгек акы төлөөнүн жаңы системасы киргизилсин.
Ушул токтом эмгек акысын төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнчө чечими менен жөнгө салынган Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын карамагында турган мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасына карата колдонулбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4 сентябрындагы № 415 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- жалпы билим берүүчү уюмдардын (мектептер жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттар) мугалимдерине жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларына саатына карата эмгек акы төлөөнүн өлчөмү, 1-тиркемеге ылайык;
- мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарынын жана балдар үйлөрүнүн тарбиячыларына саатына карата эмгек акы төлөөнүн өлчөмү, 2-тиркемеге ылайык;
- педагогикалык жана башка билим берүү уюмдарынын педагогикалык жана башка кызматкерлеринин ставкаларынын жана кызматтык маяналарынын өлчөмү, 3-16-тиркемелерге ылайык;
- жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдерине жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларына жумасына 20 саат иштегени (окутуучулук иши), бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын жана балдар үйлөрүнүн тарбиячыларына - 30 саат, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларына - 36 саат иштегени жана айыл жеринде жайгашкан билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин эмгек акысынын ставкасы үчүн айына 1000 сом өлчөмүндөгү кошумча төлөө.
2-1. Атайын эсептин каражаттарынан каржыланган билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын билим берүүчү уюм өзү аныктайт, мында алардын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү тиешелүү кызмат оруну боюнча бюджеттик эсептин каражаттарынын эсебинен каржыланган билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүнөн төмөн болбоого тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-майындагы № 234 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Педагогикалык иш стажы, окумуштуулук даражасы, ардак наамдары, бийик тоолуу жана алыскы шарттарда иштегендиги, квалификациялык категориясы, ошондой эле өзгөчө иш шарттары үчүн кошумча төлөөлөр жана үстөктөр Кыргыз Республикасынын тиешелүү нормативдик укуктук актылары менен аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 648 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Мугалимдер жана окутуучулар жок болуп калган учурда жетекчилерге тийиштүү предметтер боюнча мугалимдик ишти аткарууга (сабак өтүүгө) уруксат берилсин:
- мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарда жумасына 22 сааттан ашык эмес;
- жалпы билим берүүчү жана мектептен тышкаркы уюмдарда, баштапкы кесиптик билим берүүчү уюмдарда, балдар үйлөрүндө - жумасына 12 сааттан ашык эмес;
- орто кесиптик билим берүүчү уюмдарда - окуу жылынын ичинде 480 сааттан ашык эмес;
- жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарда - кызмат орду боюнча тийиштүү кызматтык маянасынын 0,5 ставкасынан ашык эмес.
Жалпы билим берүүчү уюмдарда директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарларына жумасына 17, балдар менен иштөөдө класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучуларга - 22 жана 0,75, 0,5 жана 0,25 ставка менен иштешкен социалдык педагогдорго 26 саат окуу иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 373 токтомунун редакциясына ылайык)
4-1. Жалпы билим берүүчү уюмдардагы жетекчилерге жана социалдык педагогдорго окутуу иштерине жараша, сабакка даярданган, жазуу жана лабораториялык иштерди текшерген сааттары үчүн төлөнөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 373 токтомунун редакциясына ылайык)
4-2. 2019-жылдын 1-апрелинен тартып мамлекеттик кесиптик лицейлерде бюджеттин каражаттарынын эсебинен окуучулардын санына жана бир окуучуга каржылоонун ченемине жараша эсептелген эмгек акы төлөө фондунун чегинде дем берүүчү эмгек акы төлөө фонду түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 204 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Жалпы билим берүү уюмдарында бюджеттик каражаттардын эсебинен төмөнкүдөй эмгек акыны стимулдаштыруу фонду түзүлсүн:
- 2011-жылдын 1-майынан тартып - кызматкерлердин жалпы эмгек акы фондусунун 10 пайызы өлчөмүндө;
- 2011-жылдын 1-сентябрынан тартып - кызматкерлердин жалпы эмгек акы фондунун 20 пайызына чейин өлчөмдө, анын ичинде 10 пайызга чейини жалпы билим берүүчү уюмдардын структурасын жана тармактарын, окуу пландарын, программаларын оптималдаштыруунун натыйжасында бошогон каражаттардын эсебинен;
- 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып - окуучулардын санына жана бюджеттик каржылоонун стандартына жараша аны жабуунун ченемин эске алуу менен эсептелген эмгек акы фондунун чегинде.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270, 2015-жылдын 16-октябрындагы № 711 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5.1. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары билим берүү уюмдарындагы кызмат орундардын аталыштарын ушул токтом менен аныкталган кызмат орундардын аталыштарына ылайык келтиришсин.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2011-жылдын республикалык бюджетинде билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын көбөйтүүгө жана иштин натыйжасы менен сапаты үчүн материалдык жактан сыйлоо үчүн стимулдаштыруу фондун түзүүгө кошумча акча каражатын карасын.
7. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
а) Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги менен бирдикте:
2011-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө:
- кызматкерлердин ар бир категориясы (жетекчилик, педагогикалык кызматкерлер, чарбалык жана окуу-көмөкчү персонал) үчүн эмгекке катышуу коэффициентин эсептөө үчүн иштин натыйжалуулугу менен сапатын баалоонун индикаторлорун бекитсин;
- билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү боюнча методикалык сунуштарды иштеп чыксын жана бекитсин;
2011-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө:
- белгиленген тартипте билим берүү мекемелеринин типтүү штаттарын иштеп чыксын жана бекитсин;
б) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте төмөнкүлөрдү жүргүзсүн:
- 2011-жылдын 1-майына чейин райондук, шаардык билим берүү жана финансы бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, билим берүү уюмдарынын кызматкерлерин эмгек акы төлөөнүн жаңы системасына окутууну;
- 2011-жылдын 1-сентябрына чейин билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин арасында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттары жөнүндө түшүндүрүү иштерин.
8. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнү жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө тапшырылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270, 2015-жылдын 16-октябрындагы № 711 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| А.Атамбаев |
|
| 1-тиркеме |
Жалпы билим берүүчү уюмдардын (мектептер жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттар) мугалимдерине жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларына саатына карата эмгек акы төлөөнүн ӨЛЧӨМҮ
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270, 2013-жылдын 31-декабрындагы № 720, 2015-жылдын 9-июлундагы № 473 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 216 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кызматтын аталышы | Бир сааттык окутуучулук иш үчүн акы төлөө, сом менен | ||
орто кесиптик педагогикалык билим | жогорку педагогикалык билим | ||
бакалавр, дипломдуу адис | магистр | ||
Мугалим, окутуучу | 60 | 67,5 | 75 |
Эскертүү:
1. Жалпы орто билими бар мугалимдин (окутуучунун) бир сааттык окутуучулук ишинин наркын аныктоодо орто кесиптик педагогикалы билими бар мугалимдин (окутуучунун) сааттык ставкасынын 0,7 коэффициенти колдонулат.
2. Мугалимдин (окутуучунун) бир сааттык даярдануу ишинин наркын аныктоодо тийиштүү билими бар мугалимдин (окутуучунун) сааттык ставкасынын 1,0 коэффициенти, сабактан тышкаркы иште жана чеберчиликти жогорулатууда - 0,5 коэффициенти колдонулат.
3. Балдар үйлөрүндө жана атайын мектеп-интернаттарда мугалимдердин, баштапкы кесиптик билим берүүчү уюмдардын адистештирилген (реабилитациялык) топторунда окутуучулардын бир сааттык окутуучулук, даярдануу, сабактан тышкаркы ишине жана чеберчиликти жогорулатууга акы төлөө 25%га жогорулатылат.
4. Интернат мектептерде жана жалпы типтеги интернаттарда мугалимдин окутуучу, даярдоочу, сабактан тышкаркы жана адистигин жогорулатуу иши боюнча бир саат үчүн акы 10%га жогорулатылат.
5. Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү жалпы билим берүүчү уюмдардын атайын сабактарды окуткан мугалимдерге жана баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарында атайын сабактарды окуткан окутуучуларга саатына карата эмгек акы төлөөнүн өлчөмү жалпы билим берүүчү мектептердин тийиштүү билим деңгээли (орто кесиптик педагогикалык билими - орто кесиптик билими, жогорку педагогикалык билими, жогорку билими, магистр академиялык даражасын ыйгаруу менен жогорку педагогикалык билими - магистр академиялык даражасын ыйгаруу менен жогорку билими) бар мугалимдерине саатына карата эмгек акы төлөөнүн өлчөмүнүн деңгээлинде белгиленет.
(6-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 473 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Баштапкы класстарда сабак берген мугалимдин бир сааттык ишинин наркын аныктоодо мугалимдин тийиштүү билимине жараша бир сааттык ставкасынан 1,2 коэффициент колдонулат.
7. Жалпы билим берүүчү уюмдардагы илимдин кандидатынын (докторунун) илимпоздук даражасы бар мугалимдердин саат боюнча төлөнүүчү эмгек акысынын өлчөмү жалпы билим берүү уюмдарындагы жогорку педагогикалык билимдүү мугалимдердин (окутуучулардын) саат боюнча төлөнүүчү эмгек акысынын өлчөмүнүн деңгээлинде, магистрдин академиялык даражасын ыйгаруу менен белгиленет.
|
| 2-тиркеме |
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарынын жана балдар үйлөрүнүн тарбиячыларына саатына карата эмгек акы төлөөнүн ӨЛЧӨМҮ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 373, 2013-жылдын 31-декабрындагы № 720, 2015-жылдын 9-июлундагы № 473, 2017-жылдын 17-январы № 28 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кызматтын аталышы | Бир сааттык окутуучулук иш үчүн акы төлөө, сом менен | ||
орто кесиптик педагогикалык билим | жогорку педагогикалык билим | ||
бакалавр, дипломдуу адис | магистр | ||
Мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы | 57,6 | 63 | 68,4 |
Бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарынын жана балдар үйлөрүнүн тарбиячылары | 49,4 | 54,6 | 58,5 |
Эскертүү:
1. Жалпы орто билими бар тарбиячынын бир сааттык окутуучулук ишинин наркын аныктоодо орто кесиптик педагогикалык билими бар тарбиячынын сааттык ставкасынын 0,7 коэффициенти колдонулат.
2. Балдар үйлөрүндө жана атайын мектеп-интернаттарда бир сааттык окутуучулук иш үчүн акы төлөө 25%га жогорулатылат.
3. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары үчүн иш жумасынын узактыгы 36 саат көлөмүндө, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарда жана балдар үйлөрүндө - 30 саат көлөмүндө белгиленген.
4. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, балдар үйлөрүнүн жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын улук тарбиячысынын бир сааттык ишине акы төлөө тийиштүү билим деңгээли бар тарбиячынын бир сааттык ишине акы төлөөдөн 10%га жогорулатылат.
5. Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардагы орус тилдүү мектепке чейинки топтордогу кыргыз тили, кыргыз тилдүү мектепке чейинки топтордогу орус тили мугалимдерине саат боюнча эмгек акы төлөөнүн көлөмү ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык жалпы билим берүүчү уюмдардагы башталгыч класстын мугалимдеринин саат боюнча төлөнүүчү эмгек акысынын көлөмүнүн деңгээлинде белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январы № 28 токтомунун редакцияларына ылайык)
|
| 3-тиркеме |
Мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын окутуучуларыны ставкаларынын ӨЛЧӨМҮ
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270, 2013-жылдын 24-июнундагы № 373, 2015-жылдын 9-июлундагы № 473, 2015-жылдын 11-сентябрындагы № 628 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Кызматтын аталышы | Ставканын өлчөмү, сом менен |
1 | Төмөнкүлөргө ээ ийримдин окутуучусу: |
|
| - орто кесиптик билимге; | 7500 |
| - жогорку билимге; | 8250 |
| - академиялык магистр даражасын ыйгаруу менен жогорку билимге | 9000 |
Эскертүү:
1. Мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын окутуучуларынын ставкасы жумасына 20 сааттык окуу иши үчүн белгиленген.
2. Жалпы орто билимдүү окутуучунун ставкаларынын өлчөмүн аныктоодо кесиптик орто билимдүү окутуучунун ставкасынын өлчөмүнүн 0,7 коэффиценти колдонулат.
(3-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 473 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
| 4-тиркеме |
Баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын өндүрүштүк окутуу устаттарынын кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМҮ
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270, 2013-жылдын 24-июнундагы № 373, 2015-жылдын 9-июлундагы № 473 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кызматтын аталышы | Кызматтык маянасы, сом менен |
Төмөнкүлөргө ээ өндүрүштүк окутуу мастери: |
|
- баштапкы кесиптик билимге; | 6450 |
- орто кесиптик билимге; | 6750 |
- жогорку билимге(*); | 7200 |
- академиялык магистр даражасын ыйгаруу менен жогорку билимге | 8250 |
Эскертүү:
1. Баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын өндүрүштүк окутуу устаттарынын кызматтык маянасы жумасына 40 сааттык иш үчүн белгиленет.
2. Өндүрүштүк окутуу мезгилинде окуу топторунун саны 12-15 адамдан болушу белгиленет.
3. Адистештирилген реабилитациялык топтордо (ден соолугунун мүмкүндүгү чектелген балдар, кароосуз калган балдар) жана түзөтүү мекемелериндеги балдар менен иштөөдө өндүрүштүк окутуу устаттарынын кызматтык маяналары 6 адам менен толукталган окуу топторундагы иш үчүн белгиленет.
4. Адистештирилген реабилитациялоочу топтордо иштешкен өндүрүштө окутуучу устаттардын кызматтык маяналары 25 пайызга көбөйтүлөт.
(*) Бакалавр, дипломдуу адис
|
| 5-тиркеме |
Орто кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларынын ставкаларынын ӨЛЧӨМҮ
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы N 270, 2018-жылдын 9-октябрындагы № 466 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
N | Кызматтын аталышы | Ставканын өлчөмү, сом менен |
1 | Төмөнкүлөргө ээ окутуучу; |
|
- кесиптик орто билимге; | 5000 | |
- жогорку билимге(*); | 5500 | |
- академиялык магистр даражасын ыйгаруу менен жогорку билимге | 6000 |
Эскертүү:
Орто кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларынын ставкасы окуу жылындагы 720 сааттык окуу иши үчүн белгиленген.
Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын, Күрөңкөй уулу Мураталы атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын, С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын, Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын профессордук-окутуучулук курамынын, концертмейстерлеринин жана иллюстраторлорунун кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселик коэффициент 1,8 өлчөмүндө белгиленет.
(*) Бакалавр, дипломдуу адис
|
| 6-тиркеме |
Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын профессордук-окутуучулук курамынын кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМҮ
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270, 2011-жылдын 15-июнундагы № 318, 2016-жылдын 29-декабрындагы № 708, 2017-жылдын 23-июну № 404, 2017-жылдын 20-сентябрындагы № 593 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
N | Кызматтын аталышы | Кызматтык маяна, сом менен |
1 | Профессор: | |
- илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар; | 8000 | |
- илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы бар; | 7500 | |
- окумуштуулук даражасы жок | 7000 | |
2 | Доцент: | |
- илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар; | 7500 | |
- илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы бар; | 7000 | |
- окумуштуулук даражасы жок | 6500 | |
3 | Улук окутуучу: | |
- илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар; | 7000 | |
- илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы бар; | 6500 | |
- окумуштуулук даражасы жок | 6000 | |
4 | Окутуучу, ассистент: | |
- илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар; | 6500 | |
- илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы бар; | 6000 | |
- окумуштуулук даражасы жок | 5500 | |
5 | Ассистент-стажер | 5000 |
Эскертүү:
1. Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын профессордук-окутуучулук курамынын кызматтык маяналары окуу жылындагы окуу ишинин төмөндөгүдөй көлөмү үчүн аныкталган.
- улук окутуучуларга (окумуштуулук даражасы жок) жана окутуучуларга (ассистенттерге) - 850 саат;
- улук окутуучуларга (окумуштуулук даражасы бар) жана доценттерге - 800 саат;
- профессорлорго - 750 саат.
2. Факультеттин деканы, факультеттин деканынын орун басары жана кафедра башчысынын милдеттерин аткаргандыгы үчүн тийиштүү түрдө айына 800, 600 жана 500 сом өлчөмүндө кошумча акы төлөнө тургандыгы белгиленет.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм сүрөт академиясынын атайын сабактар боюнча профессордук-окутуучулук курамынын кызматтык маяналарын аныктоодо тийиштүү кызмат орундары боюнча профессордук-окутуучулук курамдын кызматтык маяналарына 1,8 коэффициенти колдонулат.
К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын профессордук-окутуучулук курамынын, концертмейстерлеринин жана иллюстраторлорунун кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселик коэффициент 2,4 өлчөмдө; Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетиники - 1,8 өлчөмдө белгиленет.
Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун жана анын Түштүк филиалынын клиникалык иштерди жүргүзүүчү профессордук-окутуучулук курамына кызматтык маяна 25% га жогорулатылат.
4. Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын ассистент-стажерунун жана Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун жана анын Түштүк филиалынын орто медициналык билими бар окутуучусунун кызматтык маянасы 5500 сом өлчөмдө белгиленет.
|
| 7-тиркеме |
Жалпы билим берүү уюмдарынын (бардык типтеги жана аталыштагы мектептердин жана мектеп-интернаттардын, балдар үйлөрүнүн) жетекчилеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМҮ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 473 токтомунун редакциясына ылайык)
Окуучулардын (тарбиялануучулардын) саны боюнча жалпы билим берүү уюмдары | Айлык кызматтык маяналар, сом менен | ||
Директор | Директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары | Директордун башка орун басарлары, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучу | |
100гө чейин | 6000 | 5400 | 5100 |
100дөн 600гө чейин | 6840 | 6156 | 5814 |
600дон 1200кө чейин | 7680 | 6912 | 6528 |
1200дөн 1800гө чейин | 8520 | 7668 | 7242 |
1800дөн жогору | 9360 | 8424 | 7956 |
Эскертүү:
1. Кызматтык маянаны аныктоодо бюджеттик каражаттардын эсебинен окуган окуучулардын (тарбиялануучулардын) контингенти эске алынат.
2. Бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарда келип окуган окуучулардын контингенти 0,5 коэффициенти менен эске алынат.
3. Директордун жана директордун орун басарларынын, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы ишти уюштуруучулардын кызматтык маяналары:
- интернат мектептерде (атайын интернат мектептерден башкаларында) жалпы билим берүүчү уюмдардын директорлорунун, директордун орун басарларынын жана класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы ишти уюштуруучуларынын кызматтык маяналарынан 10%га жогору белгиленет;
- балдар үйлөрүндө, атайын мектептерде жана атайын интернат мектептерде тийиштүү жалпы билим берүүчү уюмдардын директорлорунун, директордун орун басарларынын, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы ишти уюштуруучуларынын кызматтык маяналарынан 25%га жогору белгиленет.
|
| 8-тиркеме |
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМҮ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 473 токтомунун редакциясына ылайык)
Балдардын саны боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмдары | Айлык кызматтык маяна, сом менен |
| Директор |
100гө чейин | 6000 |
100дөн 200гө чейин | 6600 |
200дөн 300гө чейин | 7200 |
300дөн жогору | 7800 |
|
| 9-тиркеме |
Мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМҮ
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270, 2015-жылдын 11-сентябрындагы № 628 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Окуучулардын саны боюнча мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары | Бир айдагы кызматтык маяна, сом менен | ||
| Директор | Директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары | Директордун башка орун басарлары |
210дон 420га чейин | 6000 | 5400 | 5100 |
420дан 900гө чейин | 6600 | 5940 | 5610 |
900дөн 1380ге чейин | 7200 | 6480 | 6120 |
1380ден көп | 7800 | 7020 | 6630 |
Эскертүү:
1. Кызматтык маянанын өлчөмүн аныктоодо бюджеттик каражаттын эсебинен окуган балдардын контингенти эске алынат.
2. Балдардын музыкалык мектептеринде алардын жетекчилеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо окуган балдардын контингенти 10 коэффициент менен эске алынат.
|
| 10-тиркеме |
Баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМҮ (сом менен)
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270, 2015-жылдын 9-июлундагы № 473 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кызматтын аталышы | 250гө чейинки окуучу | 250дөн 450гө чейинки окуучу | 450дөн жогору окуучу |
Директор | 6600 | 7200 | 7800 |
Директордун орун басары | 6000 | 6600 | 7200 |
Эскертүү:
1. Кызматтык маянанын өлчөмүн аныктоодо бюджеттик каражаттын эсебинен окуган балдардын контингенти эске алынат.
2. Жалпы орто жана кесиптик билим берүүнүн интеграцияланган программаларын ишке ашыруучу баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын директорлорунун, директордун орун басарларынын кызматтык маяналары баштапкы кесиптик билим берүүчү уюмдардын директорлорунун жана директордун орун басарларынын кызматтык маяналарынан 10%га жогору белгиленет.
|
| 11-тиркеме |
Орто кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМҮ
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы N 270, 2018-жылдын 9-октябрындагы № 466 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Студенттердин саны боюнча билим берүү уюмдары | Бир айга кызматтык маяна, сом менен | ||
Директор | Директордун окуу иштери боюнча орун басары | Директордун башка орун басарлары | |
280ге чейин | 5500 | 4950 | 4675 |
280ден 640ка чейин | 6500 | 5850 | 5525 |
640тан 1000ге чейин | 7500 | 6750 | 6375 |
1000ден көп | 8500 | 7650 | 7225 |
Эскертүү:
1. Кызматтык маянанын өлчөмүн аныктоодо бюджеттик каражаттын эсебинен окуган студенттердин контингенти эске алынат.
2. Кесиптик орто билим берүүчү маданият жана искусство окуу жайларында алардын жетекчилеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо студенттердин контингенти 5 коэффициент менен эске алынат.
3. Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын, Күрөңкөй уулу Мураталы атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын, С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын, Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын жетекчилеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселик коэффициент 1,8 өлчөмүндө белгиленет.
|
| 12-тиркеме |
Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМҮ
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270, 2016-жылдын 29-декабрындагы № 708, 2017-жылдын 23-июну № 404 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Студенттердин саны боюнча билим берүү уюмдары | Бир айга кызматтык маяна, сом менен | ||
Ректор | Окуу иштери боюнча проректор | Башка проректорлор | |
280ге чейин | 6500 | 5850 | 5525 |
280ден 640ка чейин | 7500 | 6750 | 6375 |
640тан 1000ге чейин | 8500 | 7650 | 7225 |
1000ден көп | 9500 | 8550 | 8075 |
Эскертүү:
1. Кызматтык маянанын өлчөмүн аныктоодо бюджеттик каражаттын эсебинен окуган студенттердин контингенти эске алынат.
2. Кесиптик жогорку билим берүүчү маданият жана искусство окуу жайларында алардын жетекчилеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо студенттердин контингенти 5 коэффициент менен эске алынат.
3. Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жетекчилеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселик коэффициент 1,8 өлчөмдө; Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын жана академик Тургунбай Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук сүрөт академиясынын жетекчилерине – 2,4 өлчөмдө белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июну № 404 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| 13-тиркеме |
Кыргыз билим берүү академиясынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун жана анын Түштүк филиалынын, облустук билим берүү институттарынын жана облустук окуу-методикалык билим берүү борборлорунун жетекчилеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-сентябрындагы № 593 токтомунун редакциясына ылайык)
Уюмдардын аталышы | Бир айга кызматтык маяна, сом менен | ||
Президент, ректор, директор | Вице-президент, окуу жана дарылоо иштери боюнча проректор, илим жана мамлекеттик тил боюнча проректор, директордун окуу иштери боюнча орун басары | Президенттин финансы-чарбалык иштери боюнча орун басары, директордун башка орун басарлары | |
Кыргыз билим берүү академиясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту | 13500 | 12150 | 11475 |
Облустук билим берүү институттары, облустук окуу-методикалык билим берүү борборлору, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун Түштүк филиалы | 6500 | 5850 | 5525 |
|
| 14-тиркеме |
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМҮ
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270, 2013-жылдын 24-июнундагы № 373, 2013-жылдын 31-декабрындагы № 720, 2015-жылдын 9-июлундагы № 473, 2015-жылдын 11-сентябрындагы № 628, 2016-жылдын 18-мартындагы № 133 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 216, 2017-жылдын 20-сентябрындагы № 593 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
N | Билим берүү уюмдарынын, кызмат орундарынын аталышы | Айлык кызматтык маяна, сом менен |
I | Мектепке чейинки билим берүү уюмдары |
|
| - дефектолог, психолог, психиатр, сурдолог, логопед, сурдопедагог, музыкалык кызматкер, методист | 5000 |
| - бухгалтер | 4750 |
| - лаборант, ашпозчу, медициналык айым | 4500 |
| - тарбиячынын жардамчысы | 3500 |
II | Жалпы билим берүүчү уюмдар (мектептер жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттар, балдар үйлөрү) |
|
| Башкы бухгалтер, мектептеги окуучулардын контингенти: |
|
- 100гө чейин; | 4400 | |
- 100дөн 880ге чейин; | 5000 | |
- 880дөн 1360ка чейин; | 5200 | |
- 1360тан ашык | 5400 | |
| - мектептин, мектеп-интернаттын жана балдар үйүнүн бухгалтери | 4500 |
| - мектептин, мектеп-интернаттын жана балдар үйүнүн бухгалтер-кассири | 4300 |
| Мектеп-интернаттын жана балдар үйүнүн башкы бухгалтери, тарбиялануучулардын контингенти: |
|
- 100гө чейин; | 5000 | |
- 100дөн 200гө чейин; | 5200 | |
- 200дөн ашык | 5400 | |
| - социалдык педагог, психолог, врач | 5500 |
| - музыкалык жетекчи, китепканачы, библиограф, дефектолог, психолог, психиатр, сурдолог, логопед, стоматолог дарыгер, дарылоочу дене тарбия боюнча инструктор, шеф-ашпозчу | 5000 |
| - лаборант, медайым, ийримдин жетекчиси, класстан тышкаркы дене тарбия боюнча жетекчи, ашпозчу | 4500 |
| - тарбиячынын жардамчысы | 3500 |
III | Мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары Башкы бухгалтер, окуучулардын контингенти: |
|
- 280ге чейин; | 4400 | |
- 280ден 640ка чейин; | 4800 | |
- 640тан 1000ге чейин; | 5100 | |
| - 1000ден ашык | 5400 |
| - бөлүм башчы, окуу бөлүгүнүн башчысы, | 5400 |
| - методист, педагог-уюштуруучу, сүрөтчү, жасалгалоочу сүрөтчү, уюштуруучу | 5000 |
| - бухгалтер | 4750 |
| - ансамблдин көркөм жетекчиси, хормейстер, балетмейстер, дирижер, концертмейстер, китепканачы, врач | 5000 |
IV | Кесиптик орто билим берүүчү билим берүү уюмдары |
|
| - бөлүмдүн, китепкананын башчысы; дене тарбиянын, өндүрүштүк практиканын жетекчиси, аскер жетекчиси, лаборатория башчысы | 5400 |
| - дарыгер |
|
| Башкы бухгалтер, студенттердин контингенти | 5500 |
- 280ге чейин; | 4800 | |
- 280ден 640ка чейин; | 5000 | |
- 640тан 1000ге чейин; | 5200 | |
- 1000ден ашык | 5400 | |
| - улук лаборант, инженер, программист, адис, инспектор | 5000 |
| - бухгалтер, экономист, юрист | 4750 |
| - бухгалтер-кассир, тарбиячы | 4600 |
| - лаборант | 4500 |
| - окуу устаты, китепканачы, комендант | 4300 |
| - архивариус, иш кагаздарын жүргүзүүчү | 4000 |
V | Жогорку кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдары |
|
| - башкы бухгалтер, студенттердин контингенти: |
|
- 280ге чейин; | 5400 | |
- 280ден 640ка чейин; | 5600 | |
- 640тан 1000ге чейин; | 5800 | |
- 1000ден ашык | 6000 | |
| - окуу, пландоо-финансылык, редакциялык-басма, маалыматтык бөлүмдөрдүн начальниги, башкы инженер, башкы бухгалтердин орун басары, студенттердин контингенти: |
|
- 280ге чейин; | 4900 | |
- 280ден 640ка чейин; | 5100 | |
- 640тан 1000ге чейин: | 5300 | |
- 1000ден ашык. | 5500 | |
| - окумуштуу секретарь, докторантуранын жана аспирантуранын башчысы, лабораториянын жана башка бөлүмдөрдүн башчысы, сектор башчы, китепкананын, музейдин, директору, өндүрүштүк практиканын жетекчиси, башкы адис, башкы илимий кызматкер | 5200 |
| - дарыгер | 5500 |
| - жетектөөчү адис, жетектөөчү илимий кызматкер, жетектөөчү концертмейстер, юрист, улук экономист, бухгалтер, инженер-программист, улук лаборант, башкы китепканачы, башкы библиограф | 5000 |
| - улук адис, методист, бухгалтер-кассир, улук инспектор, улук китепканачы, концертмейстер, экономист, реставратор, улук илимий кызматкер, улук китепканачы | 4700 |
| - ректордун жардамчысы, китепканачы, окуу устаты, комендант, адис, лаборант, сүрөтчү, тарбиячы, улук архивариус, жогорку билимдүү иллюстратор, жогорку билимдүү инженер | 4500 |
| - инспектор, статист-талдоочу, диспетчер, архивариус, иш кагаздарын жүргүзүүчү, секретарь-референт, кесиптик орто билими бар иллюстратор | 4000 |
VI | Кыргыз билим берүү академиясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту жана анын Түштүк филиалы |
|
| - борбордун директору | 6000 |
| - окумуштуу секретарь, башкы инженер, лабораториянын башчысы | 5700 |
| - башкы бухгалтер | 5400 |
| - бөлүм башчы, бөлүмдүн, китепкананын, канцеляриянын башчысы, башкы бухгалтердин орун басары, башкы адис, башкы илимий кызматкер | 5000 |
| - бухгалтер, экономист, юрист, жетектөөчү адис, жетектөөчү китепканачы, методист, редактор, инженер-программист, жетектөөчү илимий кызматкер, улук лаборант | 4750 |
| - улук инспектор, инженер, бухгалтер-кассир, улук илимий кызматкер | 4600 |
| - комендант, илимий кызматкер, лаборант | 4500 |
VII | Облустук билим берүү институттары, билим берүүнүн облустук окуу-усулдук борборлору |
|
| - башкы бухгалтер | 5200 |
| - бөлүмдүн, кабинеттин башчысы, башкы адис | 4900 |
| - жетектөөчү адис, методист, бухгалтер, китепкана башчысы | 4750 |
| - комендант, адис, китепканачы | 4300 |
VIII | Психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация |
|
| - башчы | 5500 |
| - психолог, олигофренопедагог, сурдопедагог, логопед, психиатр, невропатолог, офтальмолог | 5000 |
| - лаборант | 4500 |
Эскертүү:
1. Окуучулардын саны 226 га чейин болгон жалпы билим берүү уюмдарында китепкана иши үчүн айына 1500 сом өлчөмүндө кошумча белгиленет.
1-1. Ушул тиркеменин I жана II пункттарында көрсөтүлгөн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөөдө логопеддин, дефектологдун жана сурдопедагогдун кызмат орундарынан башка кызматкерлердин кызматтык маяналарына 1,2 коэффициент колдонулат, ал эми логопеддин, дефектологдун жана сурдопедагогдун кызматтык маяналарына 1,5 коэффициент колдонулат.
1-2. Ушул тиркеменин III пунктунда аталган мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын кызматчыларынын кызматтык маяналарына 1, 2 коэффициенти колдонулат.
2. Кесиптик орто билим берүүчү билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине кабинетке башчылык кылуу, класс жетекчилик, циклдик комиссияга жетекчилик үчүн жана окуу жылында 720 сааты окуу жүгү менен дептер текшерүүгө айына 50 сом өлчөмүндө кошумча төлөм киргизилет.
Эгерде окутуучунун окуу жылында ушул тиркеменин биринчи сүйлөмүндө белгиленгенден башка көбүрөөк же азыраак окуу жүгү бар болсо, анда дептер текшерүү үчүн кошумча төлөм тийиштүү түрдө көбөйөт же азаят.
Кесиптик орто билим берүүчү уюмдарда аскердик жетекчилердин кызматтык маяналарына бир жылда 480 саат педагогикалык иш үчүн төлөм киргизилет. Бул педагогикалык ишке окуучуларга баштапкы аскердик даярдык боюнча сабактарды (анын ичинде факультативдик сабактарды) жана тактикалык сабактарды окутуу кирет.
Мындан тышкары, кесиптик билим берүүчү уюмдарда аскердик жетекчинин милдетине баштапкы аскердик даярдык боюнча класстан тышкаркы сабактарды өтүү, студенттер менен уюштуруучу жана аскердик-мекенчилдик иш, ошондой эле аскер ишинин негиздери боюнча ийримдерди жетектөө боюнча милдеттерди аткаруу жана аскердик бөлмөнү жетектөө кирет (кошумча төлөмдөрсүз).
Эгерде кесиптик орто билим берүүчү уюмдарда жогоруда көрсөтүлгөн ченемде жүк камсыз кылынбаса, ага толук кызматтык айлык акы төлөнөт.
Кесиптик орто билим берүүчү уюмдарда аскердик жетекчилер тарабынан жылына 480 сааттан ашык аткарылган окутуучу (педагогикалык) ишке окутуучулар үчүн белгиленген ставка боюнча жана тартипте кошумча акы төлөнөт. Мында кошумча акы төлөнүүчү окутуучу (педагогикалык) иштин көлөмү бир жылда 480 сааттан ашпашы керек.
3. Кыргыз билим берүү академиясынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун жана анын Түштүк филиалынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарын аныктоодо 1,8 коэффициенти колдонулат.
(5-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 473 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(6-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 473 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(7-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 473 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(8-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 473 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
| 15-тиркеме |
Баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМҮ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 373, 2015-жылдын 9-июлундагы № 473 , 2018-жылдын 8-октябрындагы № 464 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Кызматтардын аталышы | Кызматтык маяна (сом) |
1 | Бөлүм башчы | 5760 |
2 | Билим берүү уюмунда окуучулардын төмөнкүдөй контингенти менен башкы бухгалтер: |
|
| - 250 адамга чейин | 6000 |
| - 250дөн 450 адамга чейин | 6240 |
| - 450 адамдан ашык | 6480 |
3 | Бухгалтер | 5700 |
4 | Бухгалтер-кассир | 5040 |
5 | Чарба башчысы | 5400 |
6 | Психолог | 6000 |
7 | Сурдо котормочу, сурдопедагог, врач-педиатр | 5400 |
8 | Улук устат | 7500 |
9 | Дене тарбия жетекчиси | 6000 |
10 | ЖАД (жаштарды аскерге чейинки даярдоо) жетекчиси | 6000 |
11 | Методист | 5400 |
12 | Системалык администратор (маалыматтык системалык башкаруу адиси) | 5700 |
13 | Жатаканадагы тарбиячы | 5400 |
14 | Китепкана башчысы | 6000 |
15 | Ашкана башчысы (шеф-ашпозчу) | 6000 |
16 | Жатакана башчысы | 6000 |
17 | Механик | 5700 |
18 | Окуу бөлүмүнүн катчысы, кадр боюнча инспектор, паспортист | 5400 |
Эскертүү:
1. Башталгыч кесиптик билим берүүчү кесиптик лицейлердин башкы бухгалтерлеринин кызматтык маянасына 20 пайыз өлчөмдө үстөк белгиленет.
150 орундан кем эмес туруктуу ашканасы бар башталгыч кесиптик билим берүүчү уюмдардын башкы бухгалтерлеринин кызматтык маянасына 30 пайыз өлчөмдө үстөк белгиленет.
150 орундан кем эмес туруктуу ашканасы бар башталгыч кесиптик билим берүүчү "лицейлердин башкы бухгалтерлеринин кызматтык маянасына 30 пайыз өлчөмдө бир үстөк белгиленет;
2. Дене тарбия жана жаштарды аскерге чакырылганга чейинки даярдоо боюнча жетекчилердин кызматтык маянасына, эгер спорттук зал же спорттук аянтча бар болсо жыл ичинде 240 окуу сааты үчүн, спорттук зал же спорттук аянтча жок болсо жыл ичинде 360 окуу сааты үчүн акы кирет.
Сабактан тышкаркы дене тарбия-спорттук иштерге (спорттук ийримдерге сабак өтүү, массалык иш-чараларды өткөрүү) иш жүзүндө жумшалган убакыт боюнча төлөнөт.
|
| 16-тиркеме |
Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 373 токтомунун редакциясына ылайык)
Кызмат орундун аталышы | Кызматтык маяна (сом менен) |
Борборлоштурулган бухгалтериянын башкы бухгалтери, жыл ичиндеги бюджеттик жана бюджеттен тышкары каражаттардын төмөндөгү өлчөмдөрүнө жараша: |
|
- 50000,0 миң сомго чейин; | 7900 |
- 50000,0 миңден 100000,0 миң сомго чейин; | 8100 |
- 100000,0 миңден 200000,0 сомго чейин; | 8300 |
- 200000,0 миң сомдон жогору | 8500 |
Башкы бухгалтердин орун басары | 7900 |
Топтун жетекчиси, башкы экономист | 7500 |
Бухгалтер, экономист | 7250 |
Бухгалтер-кассир | 7100 |
|
| 17-тиркеме |
Билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттердин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМҮ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-сентябрындагы № 485 токтомунун редакциясына ылайык)
Кызмат ордунун аталышы | Кызматтык маяна айына, сом | |
Бишкек жана Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарынын алдындагы окуу-методикалык кабинеттер | Билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмдөрүнүн алдындагы окуу-методикалык кабинеттер | |
Башчы | 6500 | 6000 |
Методист | 5000 | 5000 |
Эскертүү.
Билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттердин методисти кызмат ордуна жогорку билимдүү жана 5 жылдан ашык педагогикалык стажы бар адам дайындалат.
|
| 18-тиркеме |
Окуу китептерди басып чыгаруу боюнча борбордун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270 токтомунун редакциясына ылайык)
Айлык кызматтык маяна, сом менен | |
Борбордун директору | 6000 |
Башкы редактор | 5500 |
Бухгалтер | 4750 |
Башкы адис, бөлүм башчы | 4700 |
Жетектөөчү адис, инженер-программист, программист | 4600 |
Кадрлар боюнча инспектор, сүрөтчү, корректор | 4500 |
Техник-оператор | 4500 |