Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 650 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-сентябры №583
Кыргыз Республикасында жугуштуу ооруларды каттоого алуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн, саламаттык сактоо уюмдарында жугуштуу ооруларды каттоого алууну өркүндөтүү жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамдыгын камсыздоо маселелеринде мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдында башкаруу органдарынын органдардын ортосундагы өз ара байланышты күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасында жугуштуу ооруларды каттоого алуу боюнча нускама бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №583 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Саламаттык сактоо уюмдарында жугуштуу ооруларды
каттоонун жана эсепке алуунун тартиби
1-тиркеме. Жугуштуу ооруу, тамак-аштан, кесиптик курч мүнөздөгү
уулануу, эмдөөгө адаттан тыш реакциялар жөнүндө шашылыш
кабарлоо формасы
2-тиркеме. Саламаттык сактоо мекемелеринде жекече каттоого алынып
жана отчет бериле турган жугуштуу (анын ичинде карантин
жана өзгөчө коркунучтуу) оорулардын тизмеси
3-тиркеме. Саламаттык сактоо мекемелеринде каттоого алынып жана
отчет бериле турган жугуштуу оорулардын жана башка
абалдардын тизмеси
1. Жалпы жоболор
1. Жугуштуу ооруларды эсепке алуу жана каттоо системасы оорунун табылган орду боюнча менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары тарабынан ушул ооруну милдеттүү каттоону, эпидемиологиялык жагдайга өз учурунда баа берүүнү жана анын жайылышын алдын алуу боюнча иш-чараларды пландаштыруу үчүн аларды мамлекеттик эсепке алуу жана отчеттуулукту жүргүзүүнү карайт.
2. Биологиялык агенттерди жана токсиндерди пайдалануучу уюмдардын жүргүзгөн ишин көзөмөлдөө, ошондой эле патогендик биологиялык агенттер менен байланышкан калктын ден соолугуна зыян келтирүүнүн алдын алуу, аларды биологиялык курал катары жана террордук актыларда колдонулушун болтурбоо үчүн патогендик микроорганизмдерди эсепке алуу системасы ишке ашырылат.
2. Саламаттык сактоо уюмдарында жугуштуу ооруларды каттоонун жана эсепке алуунун тартиби
3. Жугуштуу оорунун диагнозун аныктаган же андан шектенген медициналык кызматкер байланыш каражаттары аркылуу, андан ары жазуу жүзүндө жугуштуу оору, тамак-ашка курч кесиптик уулануу, эмдөөгө адаттан тыш реакция жөнүндө шашылыш кабарлоо ыкмасында (1-тиркеме) төмөнкүлөргө шашылыш билдирүүгө жиберүүгө милдеттүү:
- карантин жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу ылаңдар аныкталган же шек туудурган учурда дароо-санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жаатындагы аймактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- жугуштуу оорулар аныкталган учурда, 12 саат ичинде, жекече эсепке алынууга жана саламаттык сактоо уюмдарына отчет берүүгө тийиш болгон жугуштуу (анын ичинде өзгөчө коркунучтуу, карантиндик) оорулардын тизмегине (2-тиркеме) ылайык - санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- активдүү кургак учук аныкталган учурда үч күндүк мөөнөттө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жаатындагы аймактык кургак учукка каршы бөлүмгө (кабинетке) жана аймактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- өлүктү (ооруканаларда, ооруканадан тышкары, үйдө каза болгондор, селсаяктар ж.б.) ачып кароодо жугуштуу ооруга шектенүү болгон учурда, ачып көрүү аяктаган учурдан кийин 2 сааттын ичинде патология-анатомиялык бөлүмдүн медициналык персоналы тарабынан шашылыш кабарлоо.
4. Дарылоо уюмдары менчигинин түрүнө карабастан, жугуштуу оорулардын тизмегине жана саламаттык сактоо уюмдарында эсепке алынууга жана отчет берүүгө тийиш болгон башка абалдарга (3-тиркеме) ылайык, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жаагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ар айлык суммалык отчетту берүү менен фамилиясын көрсөтүп эсепке алууну жүргүзүүгө тийиш.
5. Жугуштуу оору менен ооругандар, оорудан шек туудургандар, ошондой эле эмдөөлөргө, жаныбарлардын тиштеп алуусуна адаттан тыш реакция болгон учурлар жөнүндө маалыматтар медициналык документтерге киргизилет жана саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилген отчеттук формалар толтурулат.
6. Жугуштуу оору менен ооругандар, мындай оорудан шек туудургандар жана алар менен байланышта болгон адамдар, ошондой эле жугуштуу оорларды козгогучтарды алып жүрүүчү болуп саналган адамдар, эгер алар курчап тургандар үчүн өзгөчө коркунучту туудурса, милдеттүү ооруканага жайгаштырылууга жана/же башкалардан бөлүнүүгө тийиш.
7. Микробиологиялык лабораториялардын медициналык кызматкерлери өзгөчө коркунучтуу микроорганизмдерди аныктоодо, бардык аныкталган патогендик микроорганизмдер жөнүндө маалыматты токтоосуз, калган башка бөлүнүп алынган биологиялык агенттер тууралуу 24 саат ичинде санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жаатындагы аймактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (ыкчам бөлүмгө) беришет.
8. Дарылоо-алдын алуу уюмдарынын жетекчиси жугуштуу ооруларды каттоонун жана эсепке алуунун толуктугу, аныктыгы жана өз убагында болгондугу, ошондой эле алар жөнүндө ыкчам билдирүү үчүн администрациялык жоопкерчилик тартышат.
9. Ар бир дарылоо-алдын алуу уюмунун жетекчиси жугуштуу оорулар менен ооругандар, ошондой эле диагнозунун өзгөрүүсү, тастыкталышы же өлүм коркунучу жөнүндө ыкчам маалыматты берүү үчүн жооптуу адамды аныктайт (буйрук менен таризделет).
10. Патогендүүлүктүн 1-4-тобундагы микроорганизмдер менен иштөөчү Кыргыз Республикасынын микробиологиялык лабораторияларынын ишине контроддукту санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырууга тийиш.
11. 1-4-топтогу патогендүү биологиялык агенттерди бөлүп алуу боюнча диагностикалык изилдөө жүргүзүүчү же алар менен иштеген бөлүмдөр саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча патогендүү биологиялык агенттердин кыймылын жана сакталышын эсепке алууну жүргүзүүгө тийиш.
12. 1-4-топтогу патогендүү биологиялык агенттерди ташууда кырсык, кыйроо болгондо, жөнөтмөлөрдү жоготууда жана анын уурдалышында окуя болгон жерди кайтаруу, кесепеттерди жоюу, жоготулганды же уурдалганды издөө боюнча чараларды көрүү үчүн мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарына, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине билдирүү зарыл. Бул факт тууралуу патогендүү биологиялык агенттердин уюм-жөнөтүүчүсүнө жана уюм-алуучусуна билдирилет.
13. 1-4-топтогу патогендүү биологиялык агенттерди чет өлкөгө берүү жана алуу санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга расмий сурам жана аны берүүгө уруксат болгондо гана уруксат берилет.
1-тиркеме
Уюмдун коду _________
Медициналык документ
№ 058/у формасы
1. Диагнозу: _____________________________________________________
Лабораторияда тастыкталган: ооба, жок (керектүүсүн сызуу)
2. Аты-жөнү ______________________________________________________
3. Жынысы ________________________________________________________
4. Жашы (14 жашка чейинки балдардын төрөлгөн күнү) _______________
5. Дареги, калктуу конуш, район __________________________________ көчө _____________________________________, үй № ______, кв. № ________
(жеке, коммуналдык, жатакана - керектүүсүн жазуу)
6. Иштеген жеринин аты жана дареги (ишинин, окуган жеринин, балдар мекемесинин): _________________________________________________________
7. Ооруган күнү: __________________________________;
биринчи кайрылуусу (аныкталышы) ___________________;
диагноздун такталганы _____________________________
мектепке, балдар мекемесине акыркы жолу барганы __________________
8. Жаткырылган ооруканасы жана күнү: _____________________________
9. Эгерде ууланса, кайсыл жерде, эмне менен ууланган: ____________ _______________________________________________________________________
10. Эпидемияга каршы алгачкы жүргүзүлгөн иш чаралар жана кошумча маалымат: _____________________________________________________________ _______________________________________________________________________
11. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органына кабарлаган күнү, сааты (телефон аркылуу ж.б.): ___________________________________
Кабарлагандын аты жөнү: __________________________________________
Кабыл алгандын аты жөнү: _________________________________________
12. Кабарды жөнөткөн күнү, сааты: ________________________________
Кабарлагандын колу: ______________________________________________
Кабыл алгандын колу: _____________________________________________
Эскертүү:
Ар кандай жагдайда жугуштуу ооруну, тамак-аштан, кесиптик курч мүнөздөгү ууланууну аныктаган же андан шектенген медициналык кызматкер тарабынан түзүлөт, ошондой эле диагноз өзгөргөн учурда оорулуу аныкталган жери боюнча мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык органга жиберилет.
Диагноз өзгөргөн учурдагы билдирүүдө, өзгөрүлгөн диагнозу, анын датасы жана алгачкы диагнозу көрсөтүлөт.
Кишини жапайы же үйдө кармалган жаныбарлар тиштеген, тытып алган учурларда кутурма оорусуна шектенүү катарында шашылыш кабарлоо берилет.
2-тиркеме
1. Карантиндик оорулар:
1) Кара тумоо /А 20/;
2) Холера /А00/;
3) Сары калтыратма /А90-А99/.
2. Өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар:
1) Күйдүргү/А22/;
2) Кутурма /А82/;
3) Бруцеллез /А23/;
4) Исиркек тумоо /А75/;
5) Өнөкөткө айланган исиркек тумоо (Брилл дарты);
6) Ку безгеги /А78/;
7) Лептоспироз /А27/;
8) Шарп;
9) ТОРС (ото курч респиратордук синдром);
10) Куш тумоосу.
3. ВИЧ (СПИД) инфекциясы /В20-В24/, позитивдүү ВИЧ (221).
4. Лепра (Гансен дарты) /АЗО/.
5. Кургак учук (А15-А19).
6. Бактериялык инфекциялар:
1) Ичкелте/А01.0/;
2) Паратифтер А, В /А01.1 -А01.4/;
3) Башка сальмонеллездук инфекциялар /А 02/;
4) Дизентерия (шигеллез) /А 03.0/;
5) Башка бактериялык ичеги-карын инфекциялары /А 04/;
6) Башка бактериялык тамак-аштан уулануу /А 05/;
7) Ботулизм /А 05.1/;
8) Тарамыш тырышма /А 33/;
9) Скарлатина /А 38/;
10) Бактериялык менингиттер;
11) Менингококктук инфекция /А39/;
12) Көк жөтөл;
13) Дифтерия (кептөөр).
7. Вирустук инфекциялар:
1) Вирустук кене энцефалити /А 84/;
2) Энтеровирустук менингит /А87.0/;
3) Суу чечек /В 01/;
4) Вирустук гепатит /В15-В19/;
5) Курч вирустук гепатит А /В15/;
6) Курч вирустук гепатит В /В16/;
7) Вирус алып жүрүүчү В курч дельта инфекциясы (супер)/В 17.0/;
8) Курч вирустук гепатит С /В гепатити 17.1/;
9) Курч вирустук гепатит Е /В гепатити 17.2/;
10) Инфекциялык мононуклеоз /В 27/;
11) Кызамык/В05/;
12) Эпидемиялык паротит /В 26/;
13) Кызылча /В 06/ (а.и. тубаса кызылча);
14) Полиомиелит.
8. Мите оорулар:
1) Безгек/В 50/;
2) Лейшманиоз /В 55/;
3) Токсоплазмоз /В 58/;
4) Эхинококкоз /В 67/;
5) Цистицеркоз /В 69/;
6) Тениидоздор /В 68/;
7) Трихинеллез /В 75/;
8) Описторхоз /В 66/;
9) Дифиллоботриоз /В 70.0/;
10) Стронгилоидоз /В 78/;
11) Трихуроз (чачтуу курт) /В 79/;
12) Анкилостомидоз /В 76/;
13) Амебиаз/А 06/.
3-тиркеме
1. Тери инфекциялары жана жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар:
1) Бардык түрдөгү котон жара, анын ичинде тубаса /А 50-А 53.91;
2) Гонореянын бардык түрү /А 54.0-А 54.9/;
3) Котур /В 86/.
2. Вирустук инфекциялар:
1) Тумоо;
2) жогорку дем алуу жолдорунун ар кандай же такталбаган жайгашуудагы курч инфекциялары (курч ларингофарингиттер, башка ар кандай жайгашуудагы жогорку дем алуу жолдорунун).
3. Мите оорулар:
1) Энтеробиоз;
2) Аскаридоз;
3) Гименолепидоз.
4. Каттоого алынуучу башка абалдар:
1) адамдын иммундук тартыштык вирусунан (АИВ) пайда болгон симптомсуз инфекциялык статус (ВИЧ) 12 21/;
2) жугуштуу оорулардын козгогучун алып жүрүүчүлүк 12 22/;
3) ич келтенин козгогучун алып жүрүүчүлүк 12 22.0/;
4) башка ичеги-карындын жугуштуу ооруларынын козгогучун алып жүрүүчүл үк 12.22.11;
5) дифтериянын козгогучун алып жүрүүчүлүк 12 22.2/;
6) башка такталган бактериялык оорулардын козгогучун алып жүрүүчүлүк 12 22.3/;
7) вирустук гепатиттин козгогучун алып жүрүүчүлүк 12 22.5/;
8) башка жугуштуу ооруларды козгогучту алып жүрүүчүлүк 12 22.8/;
9) жаныбарлардын тиштеп алышы, шилекейин чачыратышы, тытып алышы;
10) алдын ала эмдөөлөрдүн адаттан тыш реакциясы.
5. Тери инфекииялары жана жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар:
1) Трихомониаз /А 59.0/;
2) Хламидиоз /А 56.0/;
3) Гарднереллез /А 63.8/;
4) Урогениталдык кандидоз;
5) Урогениталдык герпес;
6) Уреаплазмоз;
7) Баштын чачтуу бөлүгүнүн жана сакалдын дерматофитиясы /В 35.0/;
8) Тырмактын дерматофитиясы /В 35.1/;
9) Манжалардын дерматофитиясы /В 35.2/.