Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-октябры №660
Нарын облусунун Нарын районундагы Миң-Булак айыл аймагына жардам кɵрсоɵтүү жɵнүндɵ
Нарын облусунун Нарын районундагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык товар ɵндүрүүчүлɵрүнɵ мамлекеттик колдоо кɵрсɵтүү максатында Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Кытай Эл Республикасынын грант каражатына сатып алынган жана Кыргыз Республикасынын ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы №382 "КытайЭл Республикасынын ɵкмɵтүнүн грантынын чегинде Кыргыз Республикасына берилүүчү 30,0 млн. юань суммасында тракторлорду лизингге берүү жɵнүндɵ" токтому менен бɵлүнгɵн 28 трактордун эсебинен Нарын облусунун Нарын районундагы Миң-Булак айыл аймагына УТО-904 маркасындагы бир кытай тракторун акысыз берууну камсыздасын.
2.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кытай Эл Республикасынын грантынын алкагында берилип жаткан УТО-94 маркасындагы бир кытай тракторун Нарын облусунун Нарын районундагы Миң-Булак айыл аймагына акысыз бɵлүп берүү боюнча чыгымды жабуу үчүн бюджеттен каражат тапсын.
3.Бул токтом жарыяланган күндɵн баштап күчүнɵ кирет.
4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын ɵкмɵтүнүн Аппаратынын агроɵнɵржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бɵлүмүнɵ тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ɵ.Бабанов |