Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-октябры №674
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы № 687, 2015-жылдын 10-августу № 566, 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 207, 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128, 4 мая 2021 года № 202 КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 46 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2008-жылдын 15-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы ядролук жана башка радиоактивдүү материалдарды мыйзамсыз өткөрүүнү болтурбоо жагындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тууралуу жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.
2. Ушул Жобого ылайык радиациялык контроль жүргүзүү мамлекеттик чек арадагы жана темир жол участогундагы төмөнкү өткөрмө пункттарда жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленсин:
- "Ак-Тилек-автожолу", Чүй облусу, Ысык-Ата району, Чүй дарыясынын түштүк жээги (көпүрөнүн жаны, Хун-Чи айылынын чыгыш тарабы)(*);
- "Ак-Жол-автожолу", Чүй облусу, Аламүдүн району, Бишкек-Алматы а/ж 18-км(*);
- "Чалдыбар автожолу", Чүй облусу, Панфилов району, Чалдовар айылынын батыш чети Бишкек-Тараз автожолунун 98-км(*);
- "Чоң-Капка-автожолу", Талас облусу, Манас району(*);
- "Достук-автожолу", Ош облусу, Кара-Суу району, Ош-Анжиян автожолунун 5-км(*);
- "Кара-Балта" темир жол станциясы, Кара-Балта шаары, Чүй облусу, Жайыл району;
- "Кызыл-Бел - автожолу", Баткен облусу, Баткен району, Кызыл-Бел айылынын түштүк чет жагы(*);
- "Кайрагач - автожолу", Баткен облусу, Лейлек району (Раззаков атындагы айылдын 0,5 км батыш жагы);
- "Манас - аэропорту", Чүй облусу, Сокулук району, Эл аралык "Манас" аэропорту;
- "Ош - аэропорту", Ош шаары, "Ош" аэропорту;
- "Кызыл-Кыя - темир жолу", Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары, "Кызыл-Кыя темир жол" станциясынын 38-жол айрыгы;
- "Кара-Суу темир жолу", Ош облусу, Кара-Суу айылы;
- "Шамалды-Сай темир жолу", Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Шамалды-Сай темир жол станциясы;
- "Кайыңды" темир жол станциясы Чүй облусу, Панфилов району;
- "Эркеч-Там-автожолу", Ош облусу, Алай району (Нур айылынан 4 км чыгышка карай);
- "Торугарт-автожолу", Нарын облусу, Ат-Башы району (Бишкек - Кашкар (КЭР) автожолунун 531-км.
Эскертүү: (*) радиациялык контролдоо чек ара контролу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы № 687, 2015-жылдын 10-августу № 566 , 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 207, 4 мая 2021 года № 202 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы эки айлык мөөнөттө ушул Жобого ылайык радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы" Мамлекеттик ишканасы менен өз ара аракеттенүүнүн технологиялык схемасын иштеп чыксын.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 46 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6-пункттун а) пунктчасы тогузунчу абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"- мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзөт;".
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартибин жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 1-ноябрында № 92 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |