Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-апрели № 207
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 674 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Ядролук жана башка радиоактивдүү материалдарды мыйзамсыз алып өтүүнүн алдын алуу максатында, "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 674 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү-он бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- "Кара-Суу темир жолу", Ош облусу, Кара-Суу айылы;
- "Шамалды-Сай темир жолу", Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Шамалды-Сай темир жол станциясы;
- "Кайыңды" темир жол станциясы Чүй облусу, Панфилов району.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу | Т.Сариев |