Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-октябры №678
Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүн жоюу тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №117 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрү, алардын функцияларын жана мүлкүн Кыргыз Республикасынын тийиштүү чет өлкөдөгү мекемелерине өткөрүп берүү менен жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте:
- өзүнүн приказдарын жана буйруктарын бул токтомго ылайык келтиришсин;
- бул мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын соода өкүлчүлүктөрүнүн жоюлгандыгы тууралуу чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына билдиришсин.
3. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №117 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 23-августундагы № 400 "Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясында Соода өкүлчүлүгүн түзүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 19-июнундагы № 378 "Кыргыз Республикасынын Афганистан Ислам Мамлекетиндеги Соода өкүлчүлүгүн уюштуруу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 10-апрелиндеги № 197 "Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы соода өкүлчүлүгүн ачуу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-сентябрындагы № 426 "Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгүн түзүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүнүн ишин тартипке салуу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-апрелиндеги № 242 "Казакстан Республикасында Кыргыз Республикасынын Соода өкүлчүлүгүн ачуу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-июлундагы № 284 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүнүн ишин тартипке салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-январындагы № 13 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 558 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүнүн ишин тартипке салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-январындагы № 13 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 1-ноябрында № 92 жарыяланды
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |