Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы №678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 5-апрели, № 242                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ            Казакстан Республикасында Кыргыз Республикасынын                    Соода өкүлчүлүгүн ачуу жөнүндө                                      Казакстан  Республикасы  менен соодалык-экономикалык  байланыштардыөркүндөтүү,   экспорттук-импорттук   операцияларды   көбөйтүү,   тышкыэкономикалык ишмердикти активдештирүү жана өз ара пайдалуу кызматташуумаксатында Кыргыз Реслубликасынын Өкмөтү токтом кылат:   1.   Казакстан   Республикасында   Кыргыз   Республикасынын   Соодаөкүлчүлүгү ачылсын.   2.   Кыргыз   Республикасынын  Казакстан  Республикасындагы   Соодаөкүлчүлүгүн  каржылоо  Кыргыз Республикасынын  Өнөр  жай,  соода  жанатуризм  министрлигине  2006-жылдын республикалык  бюджетинде  каралганкаражаттардын чегинде ишке ашырылсын.   3.  Кыргыз  Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигиКыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнчаКыргыз   Республикасынын  Премьер-министрине  Кыргыз   РеспубликасынынКазакстан    Республикасындагы   Соода   өкүлчүлүгүнүн    жетекчисининталапкерлиги боюнча сунуштарды киргизсин.   4.   Кыргыз   Республикасынын  Казакстан  Республикасындагы   Соодаөкүлчүлүгү өз ишинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын  12-январындагы  №  13  "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги  соодаөкүлчүлүктөрүнүн ишин тартипке салуу жөнүндө" токтому менен бекитилгенКыргыз  Республикасынын  чет  мамлекеттеги  соода  өкүлчүлүгү  жөнүндөжобону жетекчиликке алсын.      Премьер-министр                                         Ф.Кулов