Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-октябры №686
Селекциялык жетишкендикке патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин, Электрондук эсептөөчү машиналар үчүн программаны же маалыматтар базасын расмий каттатуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 599 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө", "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 599 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Селекциялык жетишкендикке патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежеси;
- Электрондук эсептөөчү машиналар үчүн программаны же маалыматтар базасын расмий каттатуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун тартиби.
"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 4-ноябрындагы №93 жарыяланды
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |