Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-сентябры № 605
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу
"Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө", "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Аталган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциянын директору жогоруда аталган токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
| Ө.Бабанов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмеси:
- төмөнкү редакциядагы 21-пункт менен толукталсын:
"21. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
|
|
|
|