Загрузка документа…
КР 2014-жылдын 9-июлундагы № 118 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2007-жылдын 10-августу №149
Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө
(КР 2012-жылдын 29-майындагы №71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Ченөө бирдейлигин камсыз кылуунун уюштуруучулук
негиздери
3-глава. Ченөө бирдейлигин камсыз кылуунун каражаттары жана
методдору
4-глава. Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл
5-глава. Ушул мыйзамдын жоболорун бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
6-глава. Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча иштерди каржылоо
7-глава. Өтмө жоболор
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасында ченөө бирдейлигин камсыз кылуунун укуктук негиздерин белгилейт жана мамлекеттин жана коомдун ченөөнүн объективдүү, ынанымдуу жана салыштырмалуу натыйжаларын алуудагы керектөөлөрүн камсыз кылууга, жарандардын, жеке ишкерлердин, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ченөөнүн ишенимдүү эмес натыйжаларынын кесепеттеринен коргоого, ошондой эле эркин соодага жана илимий-техникалык прогресске көмөк көрсөтүүгө багытталган.
1-статья. Бул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр
Бул Мыйзамдын максаты үчүн төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат:
(экинчи абзац КР 2012-жылдын 29-майындагы №71 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
мамлекеттик метрологиялык көзөмөл - ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жагындагы ченемдик укуктук актылардын милдеттүү талаптарынын сакталышын текшерүүнү ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан атайын ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылуучу ишмердик;
ченөө бирдейлиги - ченөөнүн жыйынтыктары чоңдуктардын жол берилген бирдигин туюнтууну колдонууга жана ал ченөөлөрдөгү ката жиберүү ыктымалдыгы белгилүү чегинен чыкпай тургандыгын көрсөткөн ченөө абалы;
мыйзамдык метрология - мыйзамдык талаптар менен байланышкан ишмердикке таандык жана ченөөлөргө, ченөө бирдиктерине, ченөө каражаттарына жана ченөөнүн ыкмаларына тийиштүү болгон метрологиянын бөлүмү;
ченөө каражаттарын калибровкалоо - ушул ченөө каражаттарынын чыныгы метрологиялык мүнөздөмөсүн аныктоо максатында ушул ченөө каражаттарынын жардамы менен алынган чоңдуктун мааниси менен чоңдуктун эталондун (үлгүнүн) жардамында аныкталган маанисинин ортосундагы катнашты белгилөөчү операциялардын жыйындысы;
ченөө каражаттарын метрологиялык аттестациялоо - бул ченөө каражаттарынын метрологиялык касиеттерин аныктоо үчүн аткарылган ченөө каражаттарын изилдөө жана алынган маалыматтарды көрсөтүү менен документтерди берүү;
метрологиялык экспертиза - метрологиялык талаптарды, эрежелерди жана нормаларды, биринчи иретте алардын ченөө бирдейлиги жана тактыгы менен байланышкандарын колдонуунун тууралыгын талдоо жана баалоо;
метрология - ченөөлөр бирдейлигин камсыз кылуучу методдор жана алардын каражаттар жана талап кылынган тактыкка жетишүү ыкмалары жөнүндөгү илим;
ченөө каражаттарын текшерүү - ченөө каражаттарынын жарактуулугун жана алардын белгиленген техникалык талаптарга шайкештигин ырастоо максатында аткарылуучу операциялардын жыйындысы;
эталондорду салыштыруу - бирдей шарттагы бир деңгээлдик тактыктагы эталондор менен кайтадан жаралган бирдик чоңдуктарынын маанилеринин ортосундагы катнашты белгилөөчү операциялардын жыйындысы;
ченөө каражаты - нормаланган метрологиялык мүнөздөмөлөрү бар, ченөө үчүн арналган техникалык каражат;
заттын (материалдын) курамынын же касиетинин стандарттык үлгүсү ушул заттын (материалдын) курамын же касиеттерин мүнөздөөчү чоңдуктун өлчөмдөрүн калыбына келтирүү жана (же) сактоо үчүн арналган заттын же материалдын белгилүү саны түрүндөгү ченөө каражаты, анын мааниси ченөө каражаттарын текшерүүдө, калибровкалоодо, градуировкалоодо, ченөөлөрдү аткаруу методикаларын аттестациялоодо бардык өлчөмдөрүн берүү үчүн пайдаланылуучу жана белгиленген тартипте стандарттуу үлгү катары бекитилген метрологиялык аттестациянын натыйжасында белгиленген;
ченөө каражаттарынын тибин бекитүү - ченөө каражаттарынын тиби белгиленген талаптарга шайкеш келээрлиги жөнүндө Метрология боюнча ыйгарым укуктуу органы чыгарган чечим;
чоңдук бирдигинин эталону - бирдикти калыбына келтирүү жана (же) сактоо жана анын өлчөмдөрүн текшерүү схемасы боюнча төмөнкү деңгээлдеги ченөө каражаттарына өткөрүп берүү үчүн арналган ченөө каражаты (же ченөө каражаттарынын комплекси);
баштапкы эталон - ченөөлөрдүн ушул түрүндөгү жогорку метрологиялык касиеттерге ээ болгон, ага баш ийген ченөө каражаттары андан бирдик ченемин алган эталон;
улуттук эталон - мамлекеттин аймагында баштапкы сапатында ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдын чечими менен таанылган эталон.
(КР 2012-жылдын 29-майындагы №71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча Кыргыз
Республикасынын мыйзамдары
Кыргыз Республикасында ченөө бирдейлигин камсыз кылуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен ишке ашырылат.
3-статья. Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча ишмердикти
мамлекеттик жөнгө салуу
Кыргыз Республикасында ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча ишмердикти мамлекеттик жөнгө салуу (мындан ары мамлекеттик жөнгө салуу) жана улуттук саясатты жүргүзүүнү иштеп чыгуу жана координациялоо ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органга жүктөлөт.
Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдын компетенциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Жобо менен аныкталат.
Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсү төмөндөгүлөргө таркатылат:
саламаттык сактоо, ветеринария, курчап турган чөйрөнү коргоо;
эмгектин жана транспорттун кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу;
өндүрүп чыгаруучулар (сатуучулар) менен керектөөчүлөрдүн (сатып алуучулар) ортосундагы соода операциялары жана өз ара эсептешүүлөр;
техникалык жөнгө салуунун милдеттүү чөйрөсүндөгү ишмердикти ишке ашыруу.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары менен мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсү ишмердиктин башка түрлөрүнө да жайылтылышы мүмкүн.
4-статья. Эларалык кызматташтык
Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган жана Метрология боюнча ыйгарым укуктуу орган метрология боюнча регионалдык жана эларалык уюмдарга Кыргыз Республикасынын атынан чыгат.
Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, ага Кыргыз Республикасы катышкан эларалык келишим менен ушул Мыйзамда камтылгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эларалык келишимдин эрежелери колдонулат.
5-статья. Ченөө бирдейлигин камсыз кылуунун улуттук системасы
Ченөө бирдейлигин камсыз кылуунун улуттук системасы, ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүү эрежелеринин жыйындыларын, алардын катышуучуларын жана бүтүндөй ченөө бирдейлигин камсыз кылуу системасынын иштөө эрежелерин көрсөтөт.
Ченөө бирдейлигин камсыз кылуунун улуттук системасынын катышуучулары болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
бул тармакта ченөө бирдейлигин камсыз кылуу системасынын иштөө жана иштерди аткаруу эрежелерин белгилеген ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органы;
Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорун түзүү, сактоо жана колдонуу, баштапкы эталондорду бекитүү, ченөө каражаттарынын тибин бекитүү, текшерүү жана метрологиялык аттестациялоо боюнча иштерди жүзөгө ашыруучу Метрология боюнча ыйгарым укуктуу органы;
ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча талаптардын сакталышын текшерүүнү ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы;
метрологиялык жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын башка кызматтары;
ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча ишмердикти ишке ашыруучу юридикалык жактар жана жеке ишкерлер.
Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө иштерди аткарууда метрологиялык кызматты же башка ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча уюштуруучулук түзүмдү түзүү милдеттүү болуп эсептелет.
(КР 2012-жылдын 29-майындагы №71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-статья. Чоңдуктун бирдиктери
Кыргыз Республикасында Эларалык бирдиктер системасынын (СИ) он эселенген жана үлүштүк бирдиктери колдонулат, аны Мыйзамдык метрологиянын эларалык уюмунун (ММЭУ) сунушу менен, Чен жана салмак боюнча башкы конференция кабыл алган.
Кыргыз Республикасында чоңдуктардын бирдиктеринин аталыштары, белгилениши, жазуунун жана колдонуунун эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган тарабынан системадан тышкаркы чоңдук бирдиктери Эларалык бирдиктердин системасы менен бирдей колдонууга берилиши мүмкүн жана аларды колдонуунун эрежелери, жазылышы жана белгилениши аныкталган.
Экспортко коюлган продукциялардын мүнөздөмөлөрү жана параметрлери, анын ичинде ченөө каражаттары келишимде (контракта) белгиленген чоңдуктун бирдиктеринде туюнтулушу мүмкүн.
(КР 2012-жылдын 29-майындагы №71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья. Чоңдуктун бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондору
Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорунун системасы өлкөнүн улуттук метрологиялык инфраструктурасынын бөлүгү болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын керектөөлөрүнө ылайык анын техникалык өнүгүшү менен байланышкан чоңдуктун мыйзамдаштырылган бирдиктерин жайылтуу жана колдоо үчүн түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорунун Мамлекеттик реестрин жүргүзүү, чоңдук бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүү тартибин бекитет.
Кыргыз Республикасынын улуттук эталондору ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган тарабынан бекитүүгө жатат. Кыргыз Республикасынын улуттук эталондору Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелет жана менчиктештирүүгө жатпайт.
Эталондук базаны өнүктүрүү жана өркүндөтүү, эларалык эталондорго Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорунун байкоо жүргүзүүсүн камсыздоо, аларды сактоо тартиби, чоңдук бирдиктеринин ченемдерин кайра өндүрүп чыгаруу, башка ченөө каражаттарына жана жумушчу эталондоруна бул чоңдук бирдиктеринин ченемин өткөрүп берүү эталондорду кармоочулар тарабынан камсыздалат.
(КР 2012-жылдын 29-майындагы №71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-статья. Ченөө каражаттары
Ченөө каражаттары чоңдуктардын маанисин, Кыргыз Республикасында белгиленген тартипте колдонууга уруксат берилген бирдиктерди аныктоо үчүн пайдаланылат.
Ченөө каражаттарына ченемдер, заттардын жана материалдардын курамынын жана касиеттеринин стандарттык үлгүлөрү, ченөө приборлору, ченөө системалары жана комплекстери, ошондой эле ченөөнүн милдеттерин аткарган башка түзүлүштөр кирет.
Ченөө каражаттарына техникалык каражаттарды киргизүү жөнүндө чечимди Метрология боюнча ыйгарым укуктуу органы кабыл алат.
Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнө тиешелүү ченөөнү жүргүзүүдө ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте тиби бекитилген, метрологиялык аттестациядан жана текшерүүдөн өткөн ченөө каражаттары колдонулушу керек.
Ченөө каражаттарына карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
(КР 2012-жылдын 29-майындагы №71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-статья. Ченөө каражаттарынын жана заттар менен материалдардын
курамынын жана касиеттеринин стандарттык үлгүлөрүнүн
тибин бекитүү
Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонуу үчүн арналган Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген, же Кыргыз Республикасында чыгарылган ченөө каражаттары жана стандарттык үлгүлөрү жүгүртүүгө чыгарылганга чейин тиби бекитилүүгө тийиш.
Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүүнүн тартибин жана типти бекитүү белгисинин таризин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
Типти бекитүү максатында ченөө каражаттарын сыноону жана стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоону Метрология боюнча ыйгарым укуктуу органы, ошондой эле белгиленген тартипте ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укук берилген юридикалык жак жүргүзөт.
Кыргыз Республикасында чыгарылган же бир нускада же майда партияларда импорт боюнча алынган, же алгачкы текшерүүлөрдүн, метрологиялык аттестациялоонун жыйынтыктары боюнча ченөө каражаттарын колдонууга жол берилет.
Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жөнүндө чечим ченөө каражаттарын сыноонун жана стандарттык үлгүлөрдү лабораториялар аралык аттестациялоонун оң жыйынтыктарынын негизинде Метрология боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан кабыл алынат жана белгиленген формадагы документ менен күбөлөндүрүлөт.
Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн бекитилген тиби Метрология боюнча ыйгарым укуктуу органы жүргүзгөн ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрүнүн Мамлекеттик реестрине киргизилет.
Бекитилген типтин ченөө каражаттарына жана ар бир нускасын коштогон пайдалануучу документтерге белгиленген формада ченөө каражаттарынын тибин бекитүү белгиси коюлат.
Стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүүдө пайдаланылуучу документтерге типти бекитүү белгиси түшүрүлөт.
Типти бекитүүдө ченөө каражаттарынын текшерүү аралыгындагы интервал жана стандарттык үлгүлөрдүн аракеттенүү мөөнөтү белгиленет.
(КР 2012-жылдын 29-майындагы №71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-статья. Ченөө каражаттарын текшерүү
Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонулган ченөө каражаттары алгачкы жана андан кийинки (мезгилдүү) текшерүүлөргө жатат.
Ченөө каражаттарын текшерүүгө көрсөтүү тартиби жана тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Ченөө каражаттарын текшерүүнү Метрология боюнча ыйгарым укуктуу органы, ошондой эле белгиленген тартипте ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укук берилген юридикалык жак жүргүзөт.
Ченөө каражаттарын текшерүүнү иш жүзүнө ашыруучу адистер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте текшерүүчү катарында аттестациядан өтүүгө тийиш.
Ченөө каражаттарын текшерүүнүн оң жыйынтыктары текшерүүнүн белгиси жана (же) текшерүү жөнүндө күбөлүк менен күбөлөндүрүлөт. Пайдаланылуучу документтерге текшерүү жөнүндө жазууну кошумча киргизүүгө жол берилет.
Ченөө каражаттарын текшерүүнүн жыйынтыктарын тариздөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
(КР 2012-жылдын 29-майындагы №71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья. Ченөө каражаттарын метрологиялык аттестациялоо
Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү колдонулган ченөө каражаттары метрологиялык аттестациялоодон өткөрүлөт:
Кыргыз Республикасында чыгарылган же импорт боюнча бир нускада же майда партиялар менен алынгандар;
(үчүнчү абзац КР 2012-жылдын 29-майындагы N 71 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
мурдатан метрологиялык мүнөздөмөсү белгиленбеген шарттарда колдонуу үчүн арналган тиби бекитилген ченөө каражаттарынын бир нускалары.
Ыктыярдуу тартипте метрологиялык аттестациялоого мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнөн тышкары колдонулуучу ченөө каражаттары дуушар болушу мүмкүн.
Ченөө каражаттарын метрологиялык аттестациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен белгилеген тартипте Метрология боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүргүзүлөт.
Ченөө каражаттарынын метрологиялык мүнөздөмөлөрү көрсөтүлгөн белгиленген формадагы документ метрологиялык аттестациянын негизинде берилет.
(КР 2012-жылдын 29-майындагы №71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-статья. Метрологиялык экспертиза
Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча талаптарды камтыган техникалык регламенттердин долбоорлору, башка ченемдик укуктук актылар милдеттүү метрологиялык экспертизага жатат.
Метрологиялык экспертиза жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет тарабынан белгиленет.
Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнөн тышкары ыктыярдуу тартипте стандарттарга, долбоордук, конструктордук, технологиялык документтерге, ченөө каражаттарга жана башка объекттерге метрологиялык экспертиза жүргүзүлүшү мүмкүн.
(КР 2012-жылдын 29-майындагы №71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-статья. Юридикалык жактардын метрологиялык кызматтары
тарабынан ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же)
текшерүү максатында ченөө каражаттарын сыноону жана
(же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоону жүргүзүү
Ченөө каражаттарынын айрым түрлөрү боюнча текшерүү жана калибрлөө лабораториялары жок болгон учурда, ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдын чечими менен юридикалык жактардын метрологиялык кызматтарына ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында (мындан ары - тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында) ченөө каражаттарын сыноону жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоону жүргүзүү укугун берүүгө жол берилет.
Тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында сыноолорду жүргүзүүгө талаптанган юридикалык жактар билдирилген ишмердиктер жагында ченөө каражаттарын жасоо, импорттоо, сатуу жана оңдоо ишин жүргүзбөөгө тийиш.
Тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында сыноолорду жүргүзүүгө талаптанган юридикалык жактардын бул ишмердик үчүн зарыл болгон төмөнкү шарттары болууга тийиш:
- пайдаланылуучу эталондорунун жана ченөө каражаттарынын байкоодо болушу;
- тийиштүү иштерди жүргүзүү үчүн жабдуулар жана жайлар;
- эч кимге жан тартпаган квалификациялуу кызматкерлердин болушу;
- бул ишмердикти жүзөгө ашырып жаткан адамдардын белгиленген метрологиялык эрежелерди жана ченемдерди сакташы.
Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү, чечимди кайра чакыртып алуу максатында юридикалык жактарга сыноолорду жүргүзүүгө укук берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
(КР 2012-жылдын 29-майындагы №71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-статья. Ченөө каражаттарын жасоону, оңдоону жана сатууну жүзөгө
ашыруучу юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди
каттоо
Ченөө каражаттарын жасоо, оңдоо жана сатуу боюнча юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин ишин каттоону жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Каттоо метрология боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
(КР 2012-жылдын 29-майындагы №71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-статья. Ченөөнү аткаруу методикалары
Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте аттестацияланган ченөөнү аткаруу методикалары колдонулат.
Ыктыярдуу тартипте мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнөн тышкары аттестацияланган ченөөнү аткаруу методикалары, ошондой эле юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан иштелип чыккандар колдунулушу мүмкүн.
16-статья. Ченөө каражаттарын калибровкалоо
Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнөн тышкары колдонулуучу ченөө каражаттары калибровкалоого коюлушу мүмкүн.
Ченөө каражаттарын калибровкалоо Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондору же башка өлкөлөрдүн эталондору аркылуу Эларалык бирдик системасына (СИ) байкоо жүргүзүлгөн чоңдук бирдиктеринин эталондорун пайдалануу менен жүргүзүлөт.
Ченөө каражаттарын калибровкалоо белгиленген тартипте аккредиттелүүчү юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
Ченөө каражаттарын калибровкалоонун жыйынтыктары, ченөө каражаттарына коюлган калибровкалоочу белги жана калибровкалоо жөнүндө документ менен күбөлөндүрүлөт. Пайдаланылуучу документтерге текшерүү жөнүндө кошумча жазуу киргизүүгө жол берилет.
17-статья. Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл
Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө төмөндөгүлөргө ишке ашырылат:
ченөө каражаттарынын чыгарылышына, абалына жана колдонуусуна, анын ичинде заттардын (материалдардын) курамынын жана касиеттеринин стандарттык үлгүлөрүнө, ченөө бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын, метрологиялык эрежелердин жана нормалардын талаптарынын сакталышына;
салмактын, көлөмдүн, чыгымдын же башка чоңдуктун жана бул товарлардын сатылган санына ылайык чыныгы маанисин аныктоо максатында соода операцияларын бүткөрүүдө бөлүнгөн товарлардын санына;
таңгактагы фасовкаланган товарлардын кандай гана түрлөрүнүн саны аларды расфасовкалоодо, сатууда жана импорттоодо таңгакта камтылгандары аны ачмайын же деформацияламайын өзгөртүлүшү мүмкүн эмес, ал эми таңгакта камтылган товарлардын санын көрсөткөн салмагы, көлөмү, узундугу, аянты же башка Чоңдуктар болсо таңгакта белгиленгенин көрсөтүлгөн.
Мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан атайын ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы ишке ашырат.
Мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдү жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
18-статья. Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик
инспекторлордун укуктары жана милдеттери
Мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдү мамлекеттик метрологиялык көзөмөл боюнча атайын ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери - метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекторлор ишке ашырышат.
Тийиштүү аймакта мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдү ишке ашыруучу мамлекеттик инспекторлор белгиленген ченемдик укуктук актылардын тартибинде төмөнкү укуктарга ээ:
ченөө каражаттары пайдаланылып, чыгарылып, оңдолуп, сатылып жаткан, кармалган же сакталган объекттердин баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан ошол объекттерге барууга;
колдонууга жол берилген пайдаланылуучу чоңдук бирдиктеринин
шайкештигин текшерүүгө;
ченөө каражаттарынын абалын жана алардын колдонулуш шарттарын
текшерүүгө;
техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын
талаптарынын аткарылышын текшерүүгө;
соода операцияларын жүргүзүүдө бөлүнгөн товарлардын санын текшерүүгө;
мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдү ишке ашыруу үчүн продукциялардын жана товарлардын үлгүлөрүн, ошондой эле ар түрдөгү таңгактагы фасовкаланган товарларды ылгап алууга;
мамлекеттик метрологиялык көзөмөлгө алынган объектинин техникалык каражаттарын пайдаланууга жапа персоналын ишке тартууга;
бекитилбеген типтеги, ошондой эле текшерилбеген жана бузук ченөө каражаттарын колдонууга тыюу салууга;
керек учурда ченөө каражаттарын колдонуудан алып салууга.
Мамлекеттик инспектор төмөндөгүлөргө милдеттүү:
Кыргыз Республикасынын мыйзамын, ошондой эле ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жана мамлекеттик метрологиялык көзөмөл чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын талаптарын катуу сактоого;
ченөө бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын жана мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдүн талаптарын бузуунун алдын алууга жана токтотууга;
мамлекеттик метрологиялык көзөмөл боюнча иш чараларды жүргүзүү жана тариздөө тартибин сактоого;
ченөө бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуулар табылганда:
милдеттүү көрсөтмө берүүгө жана бузуулардын оңдоо мөөнөттөрүн белгилөөгө;
ченөө бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуунун кесепетин четтетүүгө карата текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чара көрүүгө;
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда метрологиялык эрежелерди жана нормаларды бузгандыгы жөнүндө материалдарды сот жана тергөө органдарына жиберүүгө.
Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан атайын ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын жетекчиси жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жагында ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн административдик чара көрүүгө укуктуу.
19-статья. Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик
инспекторлордун жоопкерчиликтери
Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекторлор өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерин аткарбагандыгы же туура эмес аткаргандыгы, укугун ашкере пайдалангандыгы, мамлекеттик же коммерциялык сырды ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кылмыш-жаза, административдик, жарандык-укуктук жоопкерчилик тартат.
20-статья. Ушул Мыйзамдын жоболорун бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын жоболорун бузууга күнөөлүү мамлекеттик органдар, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынын колдонулуудагы мыйзамдарына ылайык кылмыштык, административдик же жарандык-укуктук жоопкерчиликке тартылат.
21-статья. Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча иштерди
мамлекеттик каржылоо
Республикалык бюджеттин эсебинен төмөндөгүлөр каржыланат:
улуттук эталондук базаны түзүү жана өркүндөтүү, Кыргыз Республикасында ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жана ченөөнүн Эларалык бирдиктер системасына (СИ) байкоо жүргүзүү боюнча иштери;
Метрология боюнча ыйгарым укуктуу органынын жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын балансында турган чоңдук бирдигинин улуттук жана баштапкы эталондорун иштеп чыгуу, сатып алуу, өркүндөтүү, сактоо жана колдонуу;
ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрүнүн Мамлекеттик реестрин жүргүзүү;
метрология жаатындагы илимий-изилдөө иштери;
эталондорду эларалык, региондук, улуттук деңгээлде салыштырууга катышуу;
Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорун кармоо үчүн керектүү жайларды, жабдууларды сатып алуу жана иштеп чыгуу;
тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу метрология боюнча эларалык (региондук) уюмдарга катышуу жана мүчөлүк акы төлөө;
мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү.
22-статья. Метрологиялык иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө акы
төлөө
Чарбакер субъекттерге юридикалык жактар жана жеке ишкерлер көрсөтүүчү метрологиялык иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдердин шарттарына ылайык кызыкдар тараптар акы төлөшөт.
23-статья. Өтмө жоболор
Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөп баштап Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 2-апрелдеги N 7 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомостору, 1996-ж., N 5, 70-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.
Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча Мамлекеттик инспекциясы жана Кыргыз Республикасынын Метрология боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан белгиленген тартипте берилген ченөө бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү документтер колдонулуу мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу.
24-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |