Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 22-октябрындагы № 609 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-сентябры № 610
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы ресурстук макулдашуу жөнүндө
Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин ишинин финансылык жана адам ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө болуучу шарттарды түзүү жолу менен кесипкөй аппараттын туруктуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы ресурстук макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министрине жана Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган Ресурстук макулдашууга белгиленген тартипте кол коюуга тапшырма берилсин.
3. Ресурстук макулдашууну колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин бир тараптуу өзгөртүүгө же токтотууга болбостугу белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган атайын каражаттарды өз алдынча пайдалануу укугу берилсин;
- эмгек акы төлөөнүн пайдаланылбаган фондусунун эсебинен түзүлгөн, үнөмдөлгөн акча каражаттарын өз алдынча тескесин;
- министрликтин кызматкерлерин алардын ишин баалоого негизделген сыйлоонун тартибин жөнгө салган ведомстволук актыны иштеп чыксын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
| Ө.Бабанов |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-сентябрындагы № 610 токтому менен жактырылган
1. Негизги жоболор
1.1. Бул Ресурстук макулдашууда Тараптар деп аталган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө жобонун негизинде иштеген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин (мындан ары - Мамлекеттик мүлк министрлиги) атынан министр _______________________________, жана Жобонун негизиңде иштеген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан министр ________________________________ ортосунда ушул Ресурстук макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) түзүлөт.
1.2. Бул Макулдашуунун негизги максаты Мамлекеттик мүлк министрлигине жүктөлгөн милдеттерди финансылык жана адам ресурстарын бөлүштүрүүдө жана натыйжалуу башкарууда оптималдуу чечимдерди жетекчиликтин кабып алышы менен жакшы натыйжаларга жетишүү болуп саналат.
1.3. Бул Макулдашууда бардык үнөмдөлгөн каражаттар толугу менен Мамлекеттик мүлк министрлигинин тескөөсүндө калат деп каралат.
1.4. Бул Макулдашууда Мамлекеттик мүлк министрлиги үчүн кошумча бюджеттик каражаттарды бөлүү каралбайт.
2. Макулдашуу предмети
2.1. Бул Макулдашуунун предмети болуп Мамлекеттик мүлк министрлигинин жетекчилигине күнүмдүк чыгашаларды жана министрликтин адам ресурстарын каржылоо үчүн каражаттарды бөлүштүрүү боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү эсептелет.
3. Финансылык жана адам ресурстары
3.1. Финансылык ресурстар болуп Мамлекеттик мүлк министрлигинин борбордук аппаратын жана анын ведомстволук, аймактык бөлүнүштөрүн, эмгек акысын төлөө фондун кошо каржылоого республиканын бюджетинде каралган каражаттар жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык түшүп туруучу Мамлекеттик мүлк министрлигинин атайын каражаттары саналат.
3.2. Адам ресурстары болуп Мамлекеттик мүлк министрлигинин борбордук аппаратынын, ошондой эле ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрдүн кызматкерлери эсептелет:
- мүлктүк мамилелер департаменти;
- банкрот иштери боюнча департамент;
- мамлекеттештирилген мүлктөрдү башкаруу боюнча фонд;
- аймактык башкармалыктар.
4. Отчеттуулук
4.1. Мамлекеттик мүлк министрлигинин атайын каражаттарынын эсеби Финансы министрлигинин отчет түзүүнүн жана берүүнүн белгилеген жол жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
5. Тараптардын укуктары жана милдеттери
5.1. Мамлекеттик мүлк министрлиги төмөнкүлөргө укуктуу:
- тиешелүү жылга республиканын бюджетте Мамлекеттик мүлк министрлиги үчүн каралган каражаттардын чегинде экономикалык квалификациядагы сарптоолордун беренелери боюнча квартал сайын сметалык арналыштарды Финансы министрлигине белгиленген тартипте билдирүү менен өзгөртүүгө;
- ушул Макулдашуунун 3.1-пунктунда көрсөтүлгөн, үнөмдөлгөн финансылык ресурстарды өз алдынча төмөнкүдөй пайдаланууга:
нормативдик укуктук актыларда белгиленген иштерди аткаруу үчүн чыгашаларды каржылоого;
Мамлекеттик мүлк министрлигинин жана анын ведомстволук, аймактык бөлүнүштөрүнүн материалдык-техникалык камсыздоосун жакшыртууга;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган сый акыларды, компенсацияларды төлөөгө, ошондой эле жумуш берүүчү жана министрликтин кызматкерлеринин өкүлчүлүк органынын ортосунда түзүлүүчү жамааттык келишим боюнча милдеттемелерин аткарууга, анын ичинде: кызматкерлерге кесиптик жана мамлекеттик майрамдарда сыйлык берүүгө, кесипкөйлүгү, демилгеси жана жумуштун нормаланбаган режими үчүн жеке үстөк акы белгилөөгө; материалдык жардам жана иштен бошогондо бериле турган жөлөк пулдарды төлөөгө; эмгектин зыяндуу шарттары үчүн, анын ичинде персоналдык компьютерлерде жана көбөйтүүчү техникада иштегени үчүн компенсация берүүгө, министрликтин кызматкерлерине башка төлөмдөрдү төлөөгө;
Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген, эл аралык макулдашуулардын чегинде, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакта окууга кызматкерлердин барып-келүү жана жашоосуна байланышкан чыгашаларды каржылоого;
кызматтык иш сапарга кызматкерди жиберүүдө иш сапар чыгашаларын төлөөгө;
5.2. Мамлекеттик мүлк министрлиги финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча Финансы министрлигине финансылык ресурстардын натыйжалуу пайдаланылганы боюнча белгиленген тартипте маалымат берет.
5.3. Форс-мажордук кырдаалдын келип чыгышында Финансы министрлиги Мамлекеттик мүлк министрлигин каржылоону республикалык бюджеттин кирешесине келип түшүүлөргө ылайык каржылоого укуктуу, мында Мамлекеттик мүлк министрлиги үчүн ошол жылга республикалык бюджетте бекитилген чыгымдарды кыскартуу жөнүндө сунуштарды киргизет.
5.4. Финансы министрлиги төмөнкүлөргө милдеттүү:
- тараптардын макулдашылган, дайындалган сметаларына ылайык Мамлекеттик мүлк министрлигине республикалык бюджетте каралган финансылык каражаттарды ай сайын, өз убагында, толук көлөмдө бөлүп берүүгө;
- Мамлекеттик мүлк министрлигинин сунушу боюнча, Мамлекеттик мүлк министрликтин борбордук аппаратынын жана анын ведомстволук, аймактык бөлүнүштөрдүн сметалык чыгашаларына өзгөртүү киргизүүгө.
6. Форс-мажордук кырдаалдар
6.1. Форс-мажорлук кырдаалдар болуп республикалык бюджетти аткаруунун жүрүшүндө пайда болгон жана бюджеттин киреше бөлүгүнүн азайышына алып келиши мүмкүн болгон күтүлбөгөн жагдайлар эсептелет.
7. Корутунду жоболор
7.1. Макулдашкан тараптар бардык белгиленген чараларды сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө аткарууга милдеттүү.
7.2. Бул Макулдашууну аны колдонуу бүткөнгө чейин бир тараптуу өзгөртүүгө же бузууга болбойт.
7.3. Бул Макулдашуу 2015-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөткө түзүлөт жана аны Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министри жана Кыргыз Республикасынын финансы министри кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик мүлк министри финансы министри
_________________________ ______________________
(аты-жөнү) (аты-жөнү)
2011-жылдын "__"_________ 2011-жылдын "__"______
|
|