Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-июну № 313
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-майындагы № 275 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-майындагы № 275 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына берүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пунктундагы "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын курамында:
комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Сарпашев Тайырбек Дүйшекеевич - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
Нарбаев Каныбек Жайчиевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Тезекбаев Кушбак Тезекбаевич - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Көчкөнова Дилбар - жабыр тарткан жарандардын өкүлү (макулдашуу боюнча);
комиссиянын курамынан Жунусов И.К., Жээнбеков Ж.А. чыгарылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |