Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-майы № 275
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына берүү тартиби жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы № 313, 2012-жылдын 19-июнундагы № 427, 2013-жылдын 4-июнундагы № 313, 2013-жылдын 19-декабрындагы № 686 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссия (мындан ары Мамлекеттик комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 22-ноябрындагы № 295 "Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына биринчи кезекте турак жай берүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен түзүлгөн Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына турак жай бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссия турак жай берүү жөнүндө түшкөн бардык документтерди жаңы түзүлгөн мамлекеттик комиссияга өткөрүп берсин.
3. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына берүү тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жай алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын категорияларынын тизмеси 3-тиркемеге ылайык.
4. Мамлекеттик комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-июнундагы № 313 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 22-ноябрындагы № 295 "Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына биринчи кезекте турак жай берүү тартиби жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
Тиркеме-1
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы № 313, 2012-жылдын 19-июнундагы № 427, 2013-жылдын 4-июнундагы № 313 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Сарпашев Тайырбек Дүйшекеевич | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер- министри, комиссиянын төрагасы; |
Мамырова Бөдөш Аманбаевна | - "Ар-Намыс" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Нарбаев Каныбек Жайчиевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссия мүчөлөрү:
Жолдошова Жылдызкан Айтибаевна | - "Ата-Журт" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Султанов Акылбек Шакирович | - КСДП фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Бекматов Абдыжапар Гапырович | - "Республика" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Маматов Абдимуктар Маматович | - "Ата-Мекен" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Тезекбаев Кушбак Тезекбаевич | - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу; |
Эгембердиева Жумагүл Шариповна | - Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу; |
Матраимов Тилекбек Исмаилович | - Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким; |
Байгазаков Алимжан Топчубаевич | - Ош шаарынын биринчи вице-мэри; |
Маматов Урмат Самаганович | - Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри; |
Эрматов Нурдин Манапович | - Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Курманалиева Гүлсара | - жабыр тарткан жарандардын өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Абдукааров Мамасабыр | - жабыр тарткан жарандардын өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Ормонова Авазкан Чымбердиевна | - "ДиА" коомдук бирикмесинин жетекчиси (ма- кулдашуу боюнча); |
Жолдошов Абдимомун Рысбаевич | - Ош шаары жана Ош облусу боюнча Германия техникалык борбору Эл аралык уюмунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Бакиров Назаридин Кадырович | - Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ош өкүлчүлүгүнүн Инспектору (макулдашуу боюнча); |
Кадыров Алимбай Ураимович | - Ош шаарынын Муниципалдык менчик башкармалы- гынын начальниги, комиссиянын жооптуу катчысы. |
Тезекбаев Кушбак Тезекбаевич | - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; |
Көчкөнова Дилбар | - жабыр тарткан жарандардын өкүлү (макулдашуу боюнча). |
Эскертүү:
Мамлекеттик комиссиянын мүчөсү ээлеген кызматынан бошогондугуна байланыштуу чыгып калган учурда анын милдеттери ушул кызмат ордуна жаңы дайындалган адамга өтөт.
Тиркеме-2
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-декабрындагы № 686 токтомунун редакциясына ылайык)
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жай алууга укукка Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын май-июнь окуяларында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле төмөндө көрсөтүлгөн адамдар ээ болот:
1. Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларынын кесепетинен үйлөрү толук же жарым-жартылай талкаланган Кыргыз Республикасынын жарандары.
2. Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында май-июнь окуяларында каза болгондордун же дайынсыз жоголгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнөн төмөнкүлөр:
- каза болгон же дайынсыз жоголгон адамдын жубайы;
- каза болгон же дайынсыз жоголгон жарандын багуусундагы өзүнүн же асырап алган балдары;
- каза болгон же дайынсыз жоголгон жарандын ата-энеси, эгерде анын үй-бүлөсү (жубайы, балдары) жок болсо;
- каза болгон же дайынсыз жоголгон жарандын каза болгон учуруна карата бирге жашаган же жалпы чарба жүргүзгөн бир туугандары, анын багуусунда жубайы, балдары, ата-энеси жок болгон учурда.
3. Менчик турак жайы же турак жай курууга жер участогу жок болгон учурда жана менчигиндеги турак жайын сатып алуу-сатуу, алмашуу, белекке берүү бүтүмдөрүн түзүү жолу менен үчүнчү адамдарга берүү аркылуу акыркы 3 жылдын ичинде өзүнүн турак жай шарттарын начарлатууга багытталган жарандык-укуктук аракеттерди жасабаган төмөнкү категориядагы адамдар дагы турак жай алуу үчүн укукка ээ болот:
- Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын май-июнь окуяларынын мезгилинде кызматтык ишин аткарууга байланыштуу майыптык алган же ок тийип жарадар болуунун (контузиянын) кесепетинен ооруп жүргөн аскер кызматчылары, укук коргоо органдарынын, мамлекеттик өрт өчүрүү кызматынын, саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкери;
- Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын май-июнундагы кайгылуу окуялардын натыйжасында оор жаракат жана мертинүү, I, II жана III топтогу майыптык алган жарандар, ошондой эле турак жай бөлүштүрүлгөн жерде жашаган 2010-жылдын апрель окуяларында оор жаракат алган адамдар;
- Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын май-июнундагы кайгылуу окуялардын, ошондой эле 2010-жылдын апрель окуяларынын кесепетинен ок тийүүнүн натыйжасында анча оор эмес жаракат жана мертинүү алган, 2011-жылдын 31-декабрына чейин соттук-медициналык экспертизадан өткөн, 2010-жылдын апрель айына чейин турак жай бөлүштүрүлгөн жерде жашаган жарандар;
- мамлекеттик кызматта милдеттерин аткарууда каза болгон адамдардын үй-бүлөлөрү, анын ичинде мамлекеттик, муниципалдык жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, аскер кызматчыларынын, өрт өчүрүү жана медициналык кызматтардын үй-бүлөлөрү;
- Афганистан Демократиялык Республикасында кызмат өтөгөн, каза болгон интернационалист жоокерлердин үй-бүлөлөрү;
- Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жоюунун натыйжасында майыптык алган же өнөкөт оорудан жабыркаган адамдар;
- көрүүсү жана угуусу боюнча майыптар;
- турак жай бөлүштүрүлгөн жерде жашаган жарандардын ичинен 5 жашка чейинки курактагы 2 же андан ашык баланы тарбиялап жаткан жалгыз бой энелер;
- турак жай берүү жөнүндө соттун чечими бар адамдар;
- Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарына ылайык турак бөлүштүрүлгөн жерде жашаган, турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон башка адамдар.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-декабрындагы № 686 токтомунун редакциясына ылайык)