Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 6-октябры № 622

"Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)

 

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн аныктоо жөнүндө" Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 17-декабрындагы № 27-V токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- (Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- 4-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 5-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга чыгармаларды, иштер менен материалдарды көрсөтүү, кабыл алуу жана кароо тартиби жөнүндө жободо:

2-пункттун 3-абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу жаштар иштери боюнча департамент" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет

 

Кыргыз Республикасынын

Биринчи вице-премьер-министри,

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

 

 

Ө.Бабанов

 

Тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23 августундагы № 514 токтому менен бекитилген

 

Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыктарын ыйгаруу боюнча комиссиянын КУРАМЫ

 

Жунусов И.К. -                      Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри,

                                                комиссиянын төрагасы;

Алымкулов А.Т. -                  Кыргыз Республикасынын жаштар иштери боюнча

                                                министри.

 

Комиссиянын мүчөлөрү:

 

Султанбекова Ч.А. -            Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жаш-

                                              тар саясаты, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Садыков К.Ж. -                    Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

Шакиев Н.Т. -                       Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри;

Нарбаев К.Ж. -                    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору;

Субанкулов И.Т. -               Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;

Алыгулова К.А. -                 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнүн эксперти;

Бегалиев М.А. -                   Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору;

Садыков Т.С. -                     Академик Тургунбай Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм академиясынын президенти;

Алышпаев М.У. -                Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драм театрынын директору;

Үсөнбаев М.А. -                  Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору;

Абыкеев Ч.А. -                    Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Осмоналиев К.О. -            Оор атлетика, жеңил атлетика жана бокс боюнча республикалык атайын балдар-өспүрүмдөр олимпи-

                                             адалык резервдик мектебинин директору;

Плоских В.М. -                    Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик (макулдашуу боюнча);

Нуракова Т.Ж. -                  Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигине караштуу анализ, инвестиция жана

                                             эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башкы адиси, комиссиянын жооптуу катчысы;

Бирназаров Т.М. -              кинорежиссер, продюсер, "Тазар" кинокомпаниясынын директору (макулдашуу боюнча).".