Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 7-октябры № 623
Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин "Кыргыз Республикасынын Президенттигине шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" 2011-жылдын 27-сентябрындагы № 2 чечимин ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча белгилүү бир иш жүргүзүлүп жаткандыгын белгилейт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы № 390 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 916-V токтомун ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому кабыл алынган.
Шайлоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык бардык шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилиндеги иши шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо максатында жарандарга таасир берүүнүн ар кандай формаларын жок кылууга, ошондой эле тигил же бул кандидатка добуш берүүдө тандоонун эркиндигине багытталууга тийиш.
Мамлекеттик бийлик органдары Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону эркин, адил жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылууга милдеттүү экендигин, элдин өзүнүн эркин билдирүүсү демократиялык шайлоонун талашсыз шарты экендигин эске алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Президентине айрым талапкерлердин пайдасына администрациялык ресурсту пайдалануу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жоопкерчилигин белгилеп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2011-жылдын 27-сентябрындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" чечиминде баяндалган милдеттерди сөссүз аткаруу боюнча кошумча чаралар көрүшсүн.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде:
- 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын (мындан ары - шайлоо жөнүндө мыйзамдар) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн тийиштүү милдеттерди жана чектөөлөрдүн белгиленген талаптарын кыйшаюусуз түрдө сакташсын;
- шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган Кыргыз Республикасынын жарандарынын, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин (мындан ары - талапкерлер), саясий партиялардын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн жана ишенимдүү адамдардын эркин үгүт жүргүзүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынсын;
- төмөнкүлөргө:
аткаруу бийлиги органынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүгө;
мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга алар кызмат орундук же кызматтык милдеттерин аткарууда шайлоо алдындагы үгүткө катышууга;
кызмат орундук жана кызматтык артыкчылыктарын талапкерлердин пайдасына пайдаланууга тыюу салсын;
- аткаруу бийлиги органдарынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана кызмат адамдарын, ведомстволорго караштуу уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын шайлоо алдындагы үгүткө мыйзамсыз катышкан, ошондой эле кызмат орундук же кызматтык абалынын артыкчылыктарын ар кандай талапкерлердин пайдасына пайдаланган кызматкерлерди токтоосуз түрдө тартиптик же башка жоопкерчиликке тартсын, ал эми зарыл учурда ээлеген кызмат ордунан бошотсун;
- Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону ачык-айкын, демократиялуу администрациялык ресурсту колдонбостон укук талаасында жана тийиштүү уюштуруучулук деңгээлде өткөрүүнү камсыз кылуучу кошумча толук чара көрүшсүн.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери:
- шайлоочулардын бирдиктүү тизмесин түзүүдө аймактык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүшсүн;
- шайлоого даярдануу жана өткөрүү мезгилинде нааразылык акцияларын уюштуруучу айрым жергиликтүү лидерлердин бузуп-жаруучу иштерди жүргүзүүсүн болтурбоо боюнча тийиштүү алдын алуучу чараларды көрүшсүн;
- аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларынын иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча кошумча чараларды көрүшсүн;
- коомдук-саясий кырдаалдын өзгөрүүлөрүнө өз убагында чара көрүшсүн жана региондордо чыңалуунун жана ыктымалдуу чыр-чатактуу жагдайлардын күчөшүн болтурбоо боюнча конкреттүү чараларды көрүшсүн;
- чырлуу жагдайлар болуп калса түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана ыктымалдуу кесепеттерди болтурбоо үчүн шаарларда, райондук жана айылдык аймактарда кадыр-барктуу жарандардан топторду түзүшсүн. Бул ишти уюштуруу жана координациялоо жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын орун басарларынын жана шаарлардын вице-мэрлеринин бирине тапшырылсын;
- укуктук тартипти камсыздоо жана кырдаалдын бузулушун болтурбоо багытында укук коргоочу органдар менен биргелешкен иш-чараларды жүргүзүү үчүн ар бир шайлоо участокто 10-15 адамдан турган ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрүнүн дежурлугун уюштурушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдануу жана өткөрүү убагында өздөрүнүн иштерин төмөнкү багыттарга бурушсун:
- шаарлардын жана айылдардын элинин арасында айрым жарандардын жана адамдардын топторунун мыйзамга каршы, анын ичинде мамлекеттик органдардын өз функцияларын жана ыйгарым укуктарын аткарышына тоскоолдук кылуу боюнча аракеттерине жол берилбестиги жөнүндө түшүндүрүүчү-алдын алуучу иштерди жүргүзүү;
- улуттук мыйзамдардын бузулушуна жол бербөө жана коомдо нааразылык маанайды азайтуу боюнча чараларды көрүү;
- жаштар, коммерциялык эмес уюмдар жана ар түрдүү топтор менен региондордо коомдук-саясый абалды дагы жакшыртуу боюнча ишти активдештирүү аркылуу чыр-чатактуу жагдайларды өз убагында жайгаруу;
- айыл өкмөттөрдүн башчыларынын катышуусу менен аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин түзүүгө жардам көрсөтүү.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- элдик кошуундардын жана башка кошуундардын потенциалын активдүү пайдалануу менен шайлоо өткөрүү учурунда шайлоо участокторунда коомдук тартипти камсыздасын;
- башка укук коргоочу органдар менен бирдикте диний уюмдардын жана кыймылдардын, коомдук кошуундардын, коммерциялык эмес уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрсүн жана мыйзамды катуу сактоого жана кырдаалдын бузулушун болтурбоого багытталган биргелешкен иш-чараларды жүргүзүү максатында ишкер байланыштарды түзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярданууга жана өткөрүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте жана жождордун активдүү катышуусу менен жогорку окуу жайларда жарандык коомдун өкүлдөрүн тартуу менен милиция кызматкерлеринин дежурлугун уюштурсун;
- зарыл болсо жогорку окуу жайларда профессордук-окутуучулук курамдан жана студенттерден турган коомдук коопсуздук кызматтарын түзсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, башка мамлекеттик органдар менен бирдикте, коомдук уюмдарды тартуу менен мамлекет башчысын шайлоого даярдануу жана шайлоону өткөрүү убагында Кыргызстандын жаштарынын мыйзамга каршы иштерге, радикалдуу диний, экстремисттик жана криминалдуу топторго тартылышын болтурбоого багытталган кечиктирилгис иштердин комплексин өткөрсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө тапшырылсын.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
|
|