Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-апрели №244
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган башка аскердик түзүлүштөрүнүн катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларды жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2012-жылдын апрель-июнунда жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жана чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка алуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 17, 31-беренелерине жана "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган башка аскердик түзүлүштөрүнүн катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларды жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2012-жылдын апрель-июнунда жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жана чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 14-мартындагы № 62 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылар жана альтернативдик кызматтын кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Мыйзам менен аскердик кызмат каралган башка аскердик түзүлүштөрүнүн катарынан запаска бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте:
- 2012-жылдын апрель-июнунда чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктарын жоготкон эркек жарандарды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган башка аскердик түзүлүштөрүнө мөөнөттүү аскердик кызматка, альтернативдик кызматка чакыруу жана чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка алуу боюнча иш чараларды уюштурсун;
- райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын түзсүн, аларды жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттары, медициналык күбөлөндүрүү үчүн зарыл болгон медициналык мүлк жана шаймандар менен камсыз кылсын;
- маалымдоо жана жарандардын аскер комиссариаттарына уюшкандыкта келишин камсыздоо боюнча чараларды көрсүн жана зарыл болсо аларды автотранспорт менен жеткирүүнү уюштурсун;
- аскер комиссариаттарында, жыйноо пункттарында жана чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу жерлеринде коомдук тартипти сактоону камсыз кылсын.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чакыруу комиссияларынын иштөөсүн уюштуруу үчүн райондук (шаардык) аскер комиссариаттарын төмөнкүлөр менен камсыздасын;
- жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттары, медикаменттер, шаймандар, медициналык жана чарбалык мүлк, автомобиль транспорту, байланыш каражаттары;
- зарыл сандагы техникалык кызматкерлер жана тейлөөчү персоналдын адамдары.
4. Республикалык чакыруу комиссиясынын тиркелген курамы бекитилсин жана ага райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын жетектөө, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерине жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын кароо, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимин тандап текшерүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган башка ыйгарым укуктар жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- аскер комиссариаттарынын суроо-талабы боюнча чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн квалификациялуу адис дарыгерлерди жана орто медициналык кызматкерлерди бөлүп берсин;
- ден соолугунун абалы кошумча изилдөөнү талап кылган чакырылуучуларды дарылоо-профилактикалык мекемелеринде кезексиз стационардык (амбулаториялык) медициналык текшерүүнү камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- аскердик милдетти аткаруудан качкан адамдарды издөө, кармоо жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына алып келүү иштерин жүргүзсүн;
- райондук (шаардык) комиссариаттарына жарандардын соттолгондугу, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылгандыгы жөнүндө маалыматтарды берсин.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2012-жылдын 20-апрелинде № 33-34 жарыяланды
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоону, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов
|
Тиркеме
Карымбаев А.К. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу башкармалыгынын начальниги, ко-
миссиянын төрагасы.
Субанов У.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар
бөлүмүнүн эксперти;
Шахнабиев М.Ш. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамдарды уюштуруу
башкармалыгынын башкы адиси;
Лебедев И.В. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу башкармалыгынын начальнигинин
орун басары - бөлүм башчы;
Абакиров Д.Б. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу бөлүмүнүн улук офицери;
Жапар уулу А. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын альтернативдик кызмат бөлүмүнүн улук офицери;
Мамбеталиев С.А. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу бөлүмүнүн башкы адиси (Бишкек шаары - Чүй облусу);
Кыргызбаев М.А. - 34594 аскер бөлүгүнүн хирургиялык бөлүмүнүн начальниги (Ош облусунун Топтоо пункту);
Курманкулов А.Ш. - 34594 аскер бөлүгүнүн хирургиялык бөлүмүнүн медициналык бөлүгүнүн начальниги (Жалал-Абад об-
лусунун Топтоо пункту);
Стамалиев Т - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик-врачтык комиссиясынын катчысы (Талас
облусунун Топтоо пункту);
Мамытов К.Б. - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик-медициналык башкармалыгынын дары-
лоо-профилактикалык бөлүмүнүн улук офицери (Ысык-Көл облусунун Топтоо пункту);
Жакыпов Ж.К. - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик-врачтык комиссиясынын төрагасынын орун
басары (Нарын облусунун Топтоо пункту).