Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-апрели № 254
2011-жылдын 15-декабрында Бишкек шаарында жана 2011-жылдын 29-декабрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
2011-жылдын 15-декабрында Бишкек шаарында жана 2011-жылдын 29-декабрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашуунун 9-беренесинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколдун 7-беренесинде каралган ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2011-жылдын 15-декабрында Бишкек шаарында жана 2011-жылдын 29-декабрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашуу (1-тиркемеге ылайык);
- 2011-жылдын 15-декабрында Бишкек шаарында жана 2011-жылдын 29-декабрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протокол (2-тиркемеге ылайык).
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жогоруда аталган Макулдашууну жана Протоколду аткаруу үчүн жооптуу орган деп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун жана Протоколдун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө түркия тарапка нота жиберилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов
|