Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 716 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (мындан ары - Кыргызпатент) өз компетенциясынын чегинде интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо тармагындагы функцияларды ишке ашыруучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө түздөн-түз баш ийүүчү жана отчет берүүчү аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп эсептелет. Кыргызпатенттин негизги максаты республиканын социалдык-экономикалык саясатына интеллектуалдык менчик системасын комплекстүү эриш-аркак келтирүү жана өлкөнү инновациялык өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү болуп эсептелет.
2. Кыргызпатент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды, ушул Жобону, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
3. Кыргызпатент юридикалык жак болуп эсептелет, анын өз алдынча балансы жана ага бекитилип берилген мүлкү, банктык мекемелерде алыш-бериш (анын ичинде валюталык) жана башка эсептери бар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаңы эсептерин ачууга укуктуу.
Кыргызпатенттин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өз аталышы менен мөөрү жана башка белгиленген үлгүдөгү мөөрлөрү, штамптары, бланктары бар.
4. Кыргызпатент жана анын ведомствого караштуу уюмдары Кыргыз Республикасынын бирдиктүү интеллектуалдык менчик системасын түзөт.
5. Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын атынан интеллектуалдык менчик объектилерине коргоо документтерин берет.
6. Кыргызпатент ушул Жободо белгиленген жана ага карама-каршы келбеген ыйгарым укуктардын чегинде өз ишин өз алдынча уюштурат жана ишке ашырат.
II. Кыргызпатенттин милдеттери
7. Кыргызпатенттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- интеллектуалдык менчик объектилерине жана салттуу билимдерге укуктук жактан коргоого шарт түзүү жана аны камсыз кылуу;
- адабият, искусство жана илим жаатындагы чыгармачылыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле келечектүү илимий-техникалык иштелмелерди илгерилетүүгө жана интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштырууга көмөк көрсөтүү;
- патенттик-техникалык маалыматтын улуттук системасын өнүктүрүү.
III. Кыргызпатенттин функциялары
8. Кыргызпатент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
а) жалпы функциялары:
- интеллектуалдык менчик жаатындагы улуттук, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- интеллектуалдык менчик жаатындагы улуттук мыйзамдарды колдонуу тажрыйбасын талдайт жана жалпылайт, интеллектуалдык менчик жаатындагы ченемдик укуктук актыларды жакшыртуу боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
- интеллектуалдык менчик объекттерин укуктук коргоо маселелери боюнча эл аралык кызматташууну ишке ашырат, тийиштүү эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк кылат, эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууга багытталган иш-чараларды уюштурат;
- интеллектуалдык менчик жаатындагы укуктук жактан коргоо жана сактоо маселелери боюнча окутууну уюштурат;
- интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо жана сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын ишин координациялайт;
- Кыргызпатенттин карамагындагы мамлекеттик маалымат ресурстардын, маалымат системалардын жана тармактардын коопсуздугун жана коргоону камсыздайт;
б) өнөр жай менчик, селекциялык жетишкендиктер жана салттуу билимдер жаатындагы функциялары:
- өнөр жай менчик объектилерине, селекциялык жетишкендиктерге, интегралдык микросхемалардын топологияларына жана салттуу билимдерге коргоо документтерин берүүгө карата өтүнмөлөрдү кабыл алат жана мамлекеттик экспертиза жүргүзөт;
- патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү мамлекеттик аттестациялоодон өткөрөт жана каттайт;
- өнөр жай менчик объектилеринин, селекциялык жетишкендиктердин, интегралдык микросхемалардын топологияларынын, салттуу билимдердин жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн мамлекеттик реестрлерин жүргүзөт;
- мамлекеттин атынан өнөр жай менчик объектилерине, селекциялык жетишкендиктерге, интегралдык микросхемалардын топологияларына жана салттуу билимдерге коргоо документтерин берет, ошондой эле аларды күчүндө кармап туруу боюнча иш-чараларды ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу өнөр жай менчик объектилерине, селекциялык жетишкендиктерге, интегралдык микросхемалардын топологияларына жана салттуу билимдерге укуктарды жана лицензиялык келишимдерди ыйгарып берүү жөнүндө келишимдерди каттайт;
- өнөр жай менчик объектилеринин жана селекциялык жетишкендиктердин коргоого жөндөмдүүлүк маселелери боюнча каршы пикирлерди жана арыздарды карап чыгуу үчүн Апелляциялык кеңешти, баштапкы милдеттүү органды түзөт;
- расмий бюллетендерди, журналдарды, маалымат материалдарын, усулдук китептерди, ошондой эле ушул тармактагы башка адабияттарды чыгарат;
- Кыргызпатентке караштуу Ойлоп табуучулар кеңешин түзүү аркылуу ойлоп табуучулардын ишин координациялайт;
в) автордук укук жана чектеш укуктар жаатындагы функциялары:
- автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин каттайт жана каттоо жөнүндө күбөлүк берет;
- автордук укук жана чектеш укуктар объектилеринин мамлекеттик реестрлерин жүргүзөт;
- автордук укук жана чектеш укуктар объектилерине укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө лицензиялык жана автордук келишимдерди каттайт;
- интеллектуалдык менчиктин айрым объектилерине укуктар бузулганда, продукцияларга жана товарларга изилдөөлөрдү жана экспертиза жүргүзөт;
- автордук укук жана чектеш укуктар жаатындагы маалымат бюллетендерин, нускамаларды жана түшүндүрмө материалдарды иштеп чыгат, чыгарат жана жайылтат;
- авторлордун мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу боюнча чет өлкөлүк уюмдар менен таламдардын өз ара өкүлчүлүгү тууралуу макулдашууларды түзөт;
- авторлорду жана чектеш укуктар ээлерин эсепке алууну жүргүзөт;
- автордук укук объектилерин пайдаланууга укук алууга автордук укук объектилеринин пайдалануучулары менен лицензиялык келишимдерди түзөт;
- мыйзамдарга жана авторлордун мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу боюнча чет өлкөлүк уюмдар менен таламдардын өз ара өкүлчүлүгү тууралуу макулдашууларга ылайык чыгармаларды пайдалангандыгы үчүн сыйакыларын чогултат, автордук укук ээлерине бөлүштүрөт жана төлөп берет;
- лицензиялык келишимдерди түзүүдөн жана автордук сыйакыларды төлөөдөн автордук укук объектилерин пайдалануучулары баш тарткан учурда, мыйзамдарга ылайык чараларды көрөт;
- авторлордун жана чектеш укуктардын ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкаруучу уюмдардын ишин контролдоону жүргүзөт;
- Кыргызпатентке караштуу Авторлор кеңешин - кеңешүүчү органын түзүү менен авторлордун мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкарууну координациялайт;
- Кыргызпатентке караштуу Чектеш укуктар ээлеринин кеңешин кеңешүүчү органын түзүү менен чектеш укуктар ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкарууну координациялайт;
г) интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү ишти колдоо жана шыктандыруу ишиндеги функциялары:
- ойлоп табуучуларга, автордук жана чектеш укуктардын ээлерине алардын укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтөт;
- интеллектуалдык менчик объекттерин коммерциялаштырууга, илимий изилдөө иштеринин натыйжаларын жана экономикалык мааниси бар жогорку натыйжалуу интеллектуалдык менчик объекттеринин иштеп чыгууларын өздөштүрүүгө, анын ичинде көргөзмөлөрдү уюштуруу аркылуу көмөк көрсөтөт;
- чет өлкөдө патенттөөгө жана мамлекеттин атынан патенттерди сатып алууга көмөк көрсөтөт;
- коомдук мураска өткөн автордук укуктун объекттерин пайдалангандыгы үчүн келип түшкөн каражаттардын, ошондой эле үч жыл бою талап кылынбаган автордук сыйлыктардын жана башка каражаттардын эсебинен түзүлгөн Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусунун каражаттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген тартипте жыйнайт жана бөлүштүрөт;
- мамлекеттик патент фондун ата мекендик жана чет өлкөлүк ойлоп табуулардын сыпаттамалары, интеллектуалдык менчиктин башка объектилери боюнча документтери жана адабияттары менен комплекттейт;
- патенттик-техникалык маалымат чөйрөсүндө мамлекеттик кызыкдар болгон уюмдарды, юридикалык жана жеке жактарды маалымдама жана аналитикалык материалдар менен камсыз кылат;
- патенттик-техникалык маалымат системасынын абалын жана өнүктүрүү көйгөйлөрүн баалоо, ошондой эле улуттук жана мамлекеттик маалымат ресурстарын калыптандыруу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт;
- келишимдик негизде интеллектуалдык менчик объекттерин жаратуу, укуктук коргоо жана пайдалануу тармагында жеке жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтөт жана иштерди жүргүзөт.
IV. Кыргызпатенттин укуктары
9. Кыргызпатент төмөнкү укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карап чыгуусуна интеллектуалдык менчик объекттерин укуктук коргоо жана интеллектуалдык менчик системасын иштетүү маселелери боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- мыйзам менен белгиленген тартипте интеллектуалдык менчик боюнча эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө, өз компетенциясынын чегинде тиешелүү эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана көрсөтүлгөн келишимдерге кол коюуга;
- интеллектуалдык менчиктин көйгөйлүү маселелери боюнча илимий-изилдөө, көргөзмө, сынактык жана башка иштерди уюштурууга жана жүргүзүүгө;
- маалымат ресурстарын калыптандырууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктарды берүү, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- интеллектуалдык менчик объекттерин коргоого байланыштуу документтердин бирдиктүү формасын белгилөөгө;
- автордук жана чектеш укуктарды пайдалануучулардан автордук укук жана чектеш укуктар объекттерин пайдаланууга ыйгарым укуктуулугун тастыктаган документтерди алууга;
- бардык автордук жана чектеш укуктардын объекттерин пайдалануучулардан автордук укук жана чектеш укуктар объекттерин пайдаланууга тийиштүү лицензиялык келишимдин болушун талап кылууга, ошондой эле пайдаланылган чыгармалар жөнүндө ай сайын отчет берүүгө жана бул талап аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүүгө;
- автордук жана чектеш укуктардын объекттерин пайдалануучулар автордук сый акыны төлөөдөн баш тарткан учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүүгө;
- министрликтерден, административдик ведомстволордон жана уюмдардан ойлоп табуучулук жана патенттик-лицензиялык иштер боюнча зарыл болгон маалыматтарды, ошондой эле интеллектуалдык менчиктин башка объектилери жөнүндө статистикалык маалыматтарды мыйзамдар менен белгиленген тартипте сурап турууга;
- белгиленген тартипте илимий-техникалык жана патенттик-маалымат продукцияларынын, ошондой эле инновация жана интеллектуалдык менчикти коргоо жаатындагы иштер менен кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын жана тарифтерин белгилөө боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте интеллектуалдык менчик жаатындагы иштерди аткаруу жана кызмат көрсөтүү үчүн Кыргызпатентке караштуу уюмдарды жана топторду түзүүгө;
- интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоого байланыштуу маселелерди чечүү үчүн, ошондой эле Кыргызпатенттин бюджетинин чегинде башка иштерди, тейлөө кызматтарын аткаруу үчүн келишимдик негизде ата мекендик жана чет өлкөлүк адистерди жана/же юридикалык жактарды тартууга;
- ведомствого караштуу уюмдардын мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланышын контролдоону ишке ашырууга;
- маалыматтык, ченемдик, илимий, усулдук жана окуу материалдарын басып чыгарууга жана сатууга, ошондой эле полиграфиялык башка кызматтарды көрсөтүүгө;
- интеллектуалдык менчик жаатындагы көйгөйлүү маселелер боюнча илимий-изилдөө жана башка иштерди уюштурууга жана жүргүзүүгө;
- интеллектуалдык менчик объектилерин баалоого жана коммерциялаштырууга көмөк көрсөтүү боюнча иштерди уюштурууга;
- интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо маселелери боюнча көргөзмөлөрдү, конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду жана башка иш-чараларды, анын ичинде эл аралык иш-чараларды уюштурууга;
- Кыргызпатенттин юридикалык жак статусу менен ведомстволук уюмдарды түзүүгө жана алардын ишине катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды ишке ашырууга.
V. Кыргызпатенттин ишин уюштуруу
10. Кыргызпатентти Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу төрага башкарат.
11. Кыргызпатентте статс-катчынын жана төраганын орун басарынын кызмат орундары каралган.
Статс-катчыны кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу тартиби, анын функциялары жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдары менен аныкталат.
Төраганын орун басары Кыргызпатенттин төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, Кыргызпатенттин төрагасына түздөн-түз баш ийет жана Кыргызпатенттин ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде уюштурат.
12. Кыргызпатенттин төрагасы, статс-катчысы жана орун басары мамлекеттик кызматкерлер болуп эсептелет.
13. Кыргызпатенттин төрагасы:
- Кыргызпатенттин, анын борбордук аппаратынын жана ведомствого караштуу уюмдарынын ишине жалпы жетекчиликти ишке ашырат жана Кыргызпатентке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- эл аралык уюмдар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын ишканалары, мекемелери жана уюмдары жана Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттер менен мамилелерде Кыргызпатенттин атынан өкүл болот, өз ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү алып барат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргызпатенттин компетенциясындагы маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө эл аралык келишимдерге, макулдашууларга жана протоколдорго кол коет;
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргызпатенттин компетенциясына кирген айрым функционалдуу милдеттерди аткарууну статс-катчыга жүктөйт;
- төраганын орун басарынын милдеттерин белгилейт жана алар тарабынан Кыргызпатенттин компетенциясындагы ыкчам, уюштуруу, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүү боюнча Кыргызпатенттин башка кызмат орундарындагы адамдардын ыйгарым укуктарын аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргызпатенттин мамлекеттик кызматкерлеринин класстык чиндерин берүүгө сунуш киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Кыргызпатентке караштуу ведомстволук уюмдардын жетекчилерин дайындоого сунуш киргизет;
- белгиленген тартипте статс-катчынын сунушу боюнча ведомствого караштуу уюмдардын жетекчилеринин орун басарларын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- белгиленген тартипте Кыргызпатенттин борбордук аппаратынын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Кыргызпатенттин ведомствого караштуу уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын белгилейт;
- белгиленген чектелген сандын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жобосунун чегинде Кыргызпатенттин борбордук аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитет;
- ведомствого караштуу уюмдарынын түзүмүн жана штаттык санын бекитет;
- Кыргызпатенттин каражаттарынын кирешелеринин жана чыгымдарынын жылдык планын бекитет, ошондой эле анын аткарылышын контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Кыргызпатенттин системасында аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды, жоболорду, нускамаларды, эрежелерди жана башка ведомстволук актыларды чыгарат, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен бирдикте же макулдашуу боюнча Кыргызпатенттин түзүмдүк бөлүмдөрүндө жана ведомствого караштуу уюмдарында аларды текшерүүнү уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргызпатенттин ишинин ички тартибин жана Кыргызпатенттин кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аныктайт;
- белгиленген тартипте Кыргызпатент системасынын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана ардак наамдарды ыйгарууга көрсөтөт;
- Кыргызпатенттин кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптик жазанын түрлөрүн колдонот;
- кредиттерди, анын ичинде валюталык каражаттарын бөлүштүрүүчү болуп эсептелет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле жамааттык келишимге ылайык, Кыргызпатенттин кызматкерлеринин эмгегине дем берүү тууралуу чечим кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргызпатенттин алдына коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
14. Кыргызпатентте коллегия түзүлөт, анын курамына 9 киши: коллегияга кызмат орду боюнча Кыргызпатенттин төрагасы (төрага), статс-катчы жана төраганын орун басары кирет. Коллегиянын калган мүчөлөрү Кыргызпатенттин төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет. Коллегиянын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү кирет.
15. Учурдагы өндүрүштүк маселелерди ыкчам чечүү жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин координациялоо үчүн илимий-техникалык кеңеш түзүлөт, анын жеке курамын Кыргызпатенттин төрагасы бекитет.
VI. Корутунду жоболор
16. Кыргызпатент өз ишмердүүлүгүн өзүн-өзү каржылоо шарттарында ишке ашырат. Кыргызпатенттин жана анын ведомствого караштуу уюмдарынын каржылоо булактары болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген интеллектуалдык менчик объекттерин каттагандыгы жана коргоо бергендиги үчүн, ошондой эле Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусу, Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна Протокол, Евразиялык патенттик конвенция, Өнөр жай үлгүлөрүн эл аралык депонирлөө жөнүндө Гаага макулдашуусу боюнча жана интеллектуалдык менчик жаатындагы башка эл аралык келишимдер боюнча экспертиза жүргүзгөндүгү жана башка юридикалык маанилүү аракеттерди аткаргандыгы үчүн патенттик алымдар жана жыйымдар түрүндө келип түшкөн каражаттар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка келип түшкөн каражаттар эсептелет.
17. Кыргызпатент белгиленген тартипте финансылык каражаттардын эсебин жүргүзөт, статистикалык, бухгалтердик жана башка отчеттуулук боюнча тийиштүү органдарга маалыматтарды даярдоону жана берүүнү камсыз кылат.
18. Кыргызпатентти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
19. Кыргызпатенттин иши токтотулган учурда, анын ишинин жүрүшүндө келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте өткөрүлүп берилет, сакталат жана пайдаланылат.
|
|