Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-ноябры № 716
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын маселелери
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы ;№ 15 "Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүп берүү маселелери жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын ишин регламенттөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын башкаруу схемасы.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын иши өзүн-өзү каржылоо шарттарында ишке ашырылаары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананы каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылаары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын чектүү штаттык саны 164 бирдикти түзөрү, анын ичинде борбордук аппараттыкы - 106 бирдик жана ведомстволук уюмдардыкы - 58 бирдик.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө ведомстволук уюмдары жөнүндө жоболордун долбоорлорун киргизсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
|
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 716 токтому менен бекитилген
┌────────────┐ ┌──────────────────┐ ┌──────────────────────────┐
│ Коллегия │ │ Төрага │ │ Апелляциялык кеңеш, │
│ │ │ Статс-катчы │ │ Авторлордун кеңеши │
│ ├────┤ төраганын орун ├────┤ Чектеш укуктар │
│ │ │ басары │ │ ээлеринин кеңеши │
│ │ │ │ │ Ойлоп табуучулар кеңеши, │
│ │ │ │ │ Илимий-техникалык кеңеш │
└────────────┘ └─────────┬────────┘ └──────────────────────────┘
│
┌───────────────────┴──────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу │
│ Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын │
│ борбордук аппараты │
└──────────────────────────────────────────────────┘
Юридикалык жак болуп түзүлгөн ведомстволук уюмдар:
┌────────────────────────────────┐ ┌─────────────────────────────────┐
│ Интеллектуалдык менчик │ │ Мамлекеттик патенттик-техникалык│
│ мамлекеттик фонду │ │ китепкана │
└────────────────────────────────┘ └─────────────────────────────────┘