Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-ноябры № 697
"Жарандардын коомдук тартипти камсыздоого катышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Калматов, А.Маматалиев, А.Артыков демилге кылган "Жарандардын коомдук тартипти камсыздоого катышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 697 токтому менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Калматов, А.Маматалиев, А.Артыков демилге кылган "Жарандардын коомдук тартипти камсыздоого катышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутунду берет.
Аталган мыйзам долбоору коомдук тартипти камсыз кылууга, укук бузуулардын алдын алууга жана болтурбоого, күчтү жана башка каражаттарды колдонууга, кылмыш же администрациялык укук бузуу кылган адамдарды кармоого жана жеткирүүгө катышкан жарандардын укуктарын аныктайт.
Элдик кошундарды түзүү жана аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу аймагында коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасына киргизүү сунуш кылынат.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинде мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын чегинен чыга алышпайт деп аныкталган, ал эми Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 111-беренесинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасына кирген мамлекеттик органдардын толук тизмеси белгиленген, ага жергиликтүү кеңештер, айыл өкмөтү жана шаарлардын мэриялары кирет.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин үчүнчү абзацын редакциялоо зарыл, Мыйзам долбоорунун 3 жана 4-беренелеринин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "негизги" деген сөздөр алып салынсын, Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пункту алып салынсын.
Мыйзам долбоорунда ушул Мыйзамды укуктук жөнгө салууну караган нормалар камтылган эмес. Бул "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына туура келбейт.
Мындан тышкары, Мыйзам долбоору экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүүгө эмес, коомдук тартипти камсыз кылууга жарандардын катышуусунун маселелерин жөнгө салат. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 2-бөлүгүн алып салуу керек деп эсептейбиз.
Кыргыз Республикасынын кылмыш жана административдик мыйзамдарында жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана эркиндиктерин сактоо максатында процессуалдык жана башка мажбурлоо чараларын көрүүгө ыйгарым укуктуу адамдардын толук тизмеси камтылган. Ал эми бул Мыйзам долбоорунун 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 3, 4 жана 7-пункттары Конституцияга, кылмыш жана административдик мыйзамдарга карама-каршы келет. Себеби белгиленген иш-чаралар процессуалдык мыйзамдарды так сактоо менен жүргүзүлөт жана протоколдору тиешелүү түрдө таризделет. Мындай иш-чараны жүргүзүүгө коомдук тартипти камсыз кылууга катышкан жарандарга ыйгарым укук берилген эмес.
Ошол эле учурда сунуш кылынып жаткан Мыйзам долбоорунда бирине-бири карама-каршы келген нормалар бар. Тактап айтканда Мыйзам долбоордун 12-беренесинин 3-пунктунда элдик кошундарга алуунун, алардан чыгаруунун шарттары жана тартиби, укуктары жана милдеттери, элдик кошундун күбөлүгүнүн жана формалык кийиминин үлгүсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен типтүү жобого ылайык белгиленет деп каралган. Бирок бул Мыйзам долбоору аталган нормаларды камтыйт.
Ошондой эле Мыйзам долбоорунда "өзүн өзү коргоо куралы" деген түшүнүк берилген эмес жана ага кандай каражаттар кирээри тууралуу жазылган эмес.
Мындан тышкары 4-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда кайсыл комиссиялар жөнүндө сөз жүрүп жатканы белгисиз. Мыйзам долбооруна ылайык коомдук тартипти камсыз кылууга жарандардын катышуусунун чөйрөсүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына коомдук тартипти камсыз кылууга катышкан жарандарды сыйлоо боюнча тиешелүү комиссияларды түзүү жана алардын ишин уюштуруу кирет.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 5-беренесинде ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу укугуна ээ болгон субъекттердин толук тизмеси белгиленген. Бул тизмеге ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган кирбейт, ошондуктан Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун редакциясын кайра карап чыгуу зарыл.
Ошондой эле Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 2-бөлүгүндө "башка эсепке алууларды" деген тизмени тактоо керек.
Мындан тышкары "элдик кошундун мыйзамдуу талаптары" деген сөздөргө аныктама берүү керек, себеби мындай термин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жөнгө салынбайт.
Ошондой эле Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 6-пунктунун 4-пунктчасына ылайык жарандын коомдук тартипти камсыз кылууга катышуусун токтотуу үчүн негиз болуп ушул берененин 4-пунктунда каралган, коомдук тартипти камсыз кылууга андан ары катышуусу мүмкүн болбогон жагдайлар эсептелет.
Ошол эле учурда каралып жаткан берененин 4-пунктунда саналган бир катар жагдайлардын болушу мүмкүн эмес.
Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2 жана 4-пункттарында соттолгондугу алып салынбаган же тындырылбаган, ошондой эле оор жана өтө оор кылмыш кылгандыгы үчүн мурда соттолгон жарандар коомдук тартипти камсыз кылууга тартылбайт деп аныкталган. Бул пункттарды бир пункт кылып бириктирсе болот.
Ошол эле учурда Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 2-пунктун алып салуу керек, себеби ал ушул эле берененин 1-пунктунун жоболорун кайталайт.
Мыйзам долбоорунун 6, 7, 8-беренелери каралган жоболордо коомдук тартипти камсыздоого катышкан жарандарды каттоонун, алардын ишин, укуктарын жана милдеттерин чектөөнүн тартибине тиешелүү болгон маселелерди регламенттейт.
Ошол эле учурда Мыйзам долбоорунун 13, 16, 17, 18 жана 19-беренелеринде элдик кошунга алуунун жана андан чыгаруунун тартибине, иштин негизги багыттарына, элдик кошундардын милдеттерине жана укуктарына, күчтү жана куралды колдонуусуна тиешелүү болгон маселелер камтылган.
Белгилей кетүүчү нерсе, Мыйзам долбоорунун 13-беренесинин 1-бөлүгүндө элдик кошунга алуунун талаптары каралган, мында адамдардын кеңири топторунун, анын ичинде соттолгон, соттун чечими менен аракетке жараксыз же чектелген жарактуу деп табылган адамдардын катышуусу каралган. Мындан тышкары, Мыйзам долбоорунда элдик кошундардын ишин чектөөлөр каралган эмес.
Жазылгандарды эске алып, коомдук тартипти камсыздоого катышкан жаранга, элдик кошундун мүчөсүнө коюлган талаптардын ар түрдүүлүгүн белгилеген беренелердин нормаларынын вакуумун жана кайталоосун болтурбоо, Мыйзам долбоорунун аталган жоболорун оптималдаштыруу максатында аларды бириктирүү үчүн Мыйзам долбоорунун көрсөтүлгөн беренелерин кайра иштеп чыгуу максатка ылайыктуу.
Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацында коомдук тартипти камсыз кылууга катышкан жарандар укуктук тартипти камсыздоого кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүлөт деп белгиленген.
Ошол эле учурда белгилей кетүүчү нерсе, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо тартиби жана сыйлануучу адамдарга коюлуучу талаптар "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Мыйзамы менен регламенттелет.
Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 2-бөлүгүндө экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштарды алдын алууда жана бетин ачууда, аларды кылган адамдарды аныктоодо, аларды ырааттуу аяктоодо укук коргоо органдарына көмөк көрсөткөн жарандарга мамлекетке келтирилген зыяндын суммасынын 10% өлчөмүндө акчалай сый акы төлөнүп берилээри каралган.
Ошол эле учурда бул норма Мыйзам долбоорунун 2-беренесинде белгиленген гумандуулук жана ыктыярдуулук принциптерине карама-каршы келет жана коомдук бирикмелерге же элдик кошундарга кирүүгө жарандар үчүн терс жүйө болуп берет.
"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде коомдук бирикмелер, фонддор жана мекемелер формасында юридикалык жакты түзүп же түзбөстөн уюштурула турган коммерциялык эмес уюмдардын толук тизмеси берилгендигин эске алып, Мыйзам долбоорунун 12-беренесинин 6-бөлүгүн алып салуу сунуш кылынат.
Мыйзам долбоорунун 18-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун "мыйзамда белгиленген тартипте" деген сөздөр менен толуктоо сунуш кылынат.
Ошол эле учурда Мыйзам долбоорунун 20-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндө жоопкерчилик маселеси жөнгө салынгандыгын эске алып, аталган түзүмдүк бирдиктерди бириктирип, өзүнчө беренеге бөлүү зарыл. Бул беренеде ушул Мыйзамдын жоболорун аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтин маселелерин аныктоо керек.
Мыйзам долбоорунун 3 жана 4-беренелеринде жарандардын коомдук тартипти камсыз кылууга катышуусунун маселелери боюнча ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциялары белгиленет.
Ошол эле учурда Мыйзам долбоорунун 22-беренесинин 1-бөлүгүндө укуктук тартипти камсыздоого катышкан жарандарды контролдоо боюнча жогоруда аталган органдардын кошумча ыйгарым укуктары белгиленген. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн нормаларын тиешелүү түрдө Мыйзам долбоорунун 3 жана 4-беренелеринде кароо сунуш кылынат.
Белгилей кетүүчү нерсе, сунуш кылынган мыйзам долбоору мамлекеттик бюджеттин эсебинен тындырылуучу чыгымдардын көбөйүшүн карайт. Ошол эле учурда Конституциянын 80-беренесине ылайык бул Мыйзам долбоору Өкмөт каржылоо булагын аныктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынууга тийиш.
Сунуш кылынган Мыйзам долбоору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык коомдук талкуунун жол-жобосунан өткөн эмес. Бул Мыйзамга ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгына тикелей таасир тийгизген ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору норма чыгарган органдын расмий сайтында жайгаштыруу аркылуу коомдук талкууга алынууга тийиш. Эгерде норма чыгаруучу органдын расмий сайты жок болсо, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда, норма чыгаруучу органдын чечими менен ченемдик укуктук актылардын долбоорлору жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги штаттан тышкаркы кызматкерлердин иши, укуктук тартипти сактоодо өзгөчөлөнгөн жарандарды сыйлоо, ошондой эле жергиликтүү аткаруу органдарында катталбаган жарандарды сыйлоо, аларды материалдык-техникалык камсыздоо менен байланышкан чыгымдарды каржылоонун зарылдыгына байланыштуу ушул Мыйзам долбоорун колдогон эмес, себеби "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 21,3 млрд. сом суммасындагы дефицит менен бекитилген, орто мөөнөттүү республикалык бюджеттин дефицити жогору болуп, олуттуу каражаттар Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү иш-чараларына, социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүүгө жумшалууда.
Жогоруда жазылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Калматов, А.Маматалиев, А.Артыков демилге кылган "Жарандардын коомдук тартипти камсыздоого катышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу зарылдыгына байланыштуу кабыл албоо максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
|
|