Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 726 токтому менен бекитилген
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигине Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги менен өз ара мамилесин жана өз ара аракетин (мындан ары - Министрлик) караштуу Кыргыз мамлекеттик жерге жайгаштыруу долбоорлоо институту (мындан ары - Институт) жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иштелип чыккан жана Институттун ишинин укуктук жана уюштуруучулук милдеттерин, негиздерин, анын ыйгарым укуктарын аныктайт.
2. Институт Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине баш ийген мекеме болуп эсептелет, өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн укуктук нормативдик актыларын, Министрликтин актыларын, ошондой эле бул Жобону жетекчиликке алат.
3. Институт өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилде жазылган, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөргө, башка мөөрлөргө, бурчмөөргө, эмблемага, белгиленген үлгүдөгү бланктарга ээ.
4. Институттун толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институту "Кыргызмамжердолбоорлоо";
- расмий тилде: Государственный проектный интитут по землеустройству "Кыргызгипрозем".
5. Институттун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: МДИ "Кыргызмамжердолбоорлоо";
- расмий тилде: ГПИ "Кыргызгипрозем".
6. Институт юридикалык жак болуп эсептелет, белгиленген тартипте эсептештик жана башка эсеп-чотторду, анын ичинде валюталык эсеп-чотторду, Кыргыз Республикасынын банктарында жана Казыналык тутумунда ача алат.
7. Укуктук-уюштуруу формасы боюнча, Институт-оперативдүү башкаруу укугунда негизделген, өзүнчө мүлккө ээ болгон мекеме.
8. Институттун жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү 44.
9. Институт мамлекеттин жана анын мекемелеринин милдеттемелерине жооп бербейт.
10. Бул Жобо менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
2. Милдеттери
11. Институттун негизги милдеттери болуп республиканын бардык аймагында чарба субъектеринин менчигинин түрүнө карабастан министрликтин тапшырмасы боюнча жерге жайгаштыруу долбоорлук-изилдөө жана жер кадастры жумуштары топтомунун, ошондой эле жеке жана юридикалык жактар менен келишим аркылуу аткаруу эсептелет.
3. Функциялары
12. Институттун негизги функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
- жерге жайгаштыруу, топографиялык жана кадастрдык жумуштарды аткаруу;
- шаар куруучулук, экологиялык жана экономикалык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жер ресурстарын пайдалануунун, коргоонун республикалык, региондук программаларын жана болжолун иштеп чыгууга катышуу;
- менчик ээлеринин жана пайдалануучулардын жер участокторунун чек араларын туташ эместиктерди, тилке жерлерди жоюу менен тартипке келтирүү жана долбоорлорду түзүү, сервиттерди белгилөө, жер участокторунун чектерин натуралай (жердеги) аныктоо, жерге жайгаштыруу иштеринин долбоорлорун даярдоо;
- жер ээлеринин жана пайдалануучулардын жерлерин пайдалануу, коргоо боюнча, алардын жаратылыштык көрүнүшүн жакшыртуу менен долбоорлорду иштеп чыгуу;
- топуракты суу, шамал эрозияларынан, селден, жер көчкүдөн, суу каптоодон, кургактыктан, сазга айлануудан, тыгыздалуудан, шор басуудан, өндүрүштүк акыр-чикирден, химиялык жана радиоактивдүү заттардан уулануудан коргоо жана бузулган жерлерди рекультивациялоо боюнча иш долбоорлорун иштеп чыгуу;
- күрдүүлүгү төмөн айыл чарба жерлерин айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүү үчүн долбоорлоо-сметалык документтерди иштеп чыгуу жана долбоордук-сметалык документтер боюнча аткарылган жумуштардын сапатына автордук көзөмөл жүргүзүү;
- план-картографиялык материалдардын, жерге жайгаштыруу, мелиоративдик курулуш долбоорлорунун, топурактын, топурак мелиоративдик, геоботаникалык изилдөөлөрдүн, туздук сүрөткө алуунун, жер кадастрынын маалыматтарынын, жердин инвентарлоо материалдарынын негизинде айыл чарба жерлеринин топурактык мелиоративдик абалын, болгонун аныктоо жана трансформациялоонун негиздүүлүгү жөнүндө корутунду берүү;
- жер участогунун сапаттык абалын анын топурактык бонитетинин баллы, чөп чабындынын түшүмдүүлүгү, жайыттын кургак желүүчү массасы аркылуу изилдөө менен анын жыйынтыктарынын негизинде күрдүүлүгү төмөндүгүнө бүтүм чыгарып берүү;
- айыл чарба жерлерин өздөштүрүү боюнча долбоорлонгон жумуштардын аткарылышы жөнүндө жана жер участогунун күрдүүлүгүнүн төмөндүгү жөнүндө бүтүм чыгарууну даярдоо;
- жаратылышы өзгөчө корголуучу аймактардан сырткары, жаратылышы өзгөчө корголуучу жана башка укуктук режимдеги аймактардын жайгаштырууну жана чектерин аныктоону негиздөө;
- өз жеринде шаардын, айылдык калктуу конуштардын жана шаарчалардын чектерин белгилөөгө катышуу;
- жерге жайгаштыруу, топографиялык, картографиялык, топурактык, агрохимиялык, геоботаникалык жана башка изилдөө иштерин, топуракты жана өсүмдүк үлгүлөрүн талдоону жүргүзүү;
- администрациялык аймактардын же анын бир бөлүгүнүн чегинде баардык категориядагы жерлерди инвентарлоо;
- айыл чарба өндүрүшүн жоготуунун ордун толтуруу, салык салуу өлчөмдөрүн аныктоо максатында жана жер базарын уюштуруу, өнүктүрүү үчүн жер баалоо жумуштарын жүргүзүү;
- айыл чарба багытындагы жерлерге байкоо жүргүзүү;
- жер ресурстарын пайдалануунун абалы боюнча кадастрдык, тематикалык карта жана атластарды түзүү;
- мамлекеттик, администрациялык-аймактык чектерди делимиттөө, демаркалоо жумуштарына катышуу;
- жерге жайгаштыруу жана жер кадастрын жүргүзүү үчүн өндүрүштүк иш аракеттерде геомаалыматтык тутумдарды пайдалануу;
- картографиялык материалдарды белгиленген эрежелерге ылайык тутумдаштыруу жана сактоо.
13. Институт аткарган жумуштарынын сапаты үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жооп берет.
4. Укуктары жана милдеттери
14. Институт өзүнүн милдеттерин ишке ашыруу үчүн, төмөндөгүлөргө укуктуу:
- башка юридикалык жактар менен белгиленген тартипте эсептешүүлөрдү, анын ичинде накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө;
- сотто доочу жана жоопкер болууга;
- Институттун функциялары, милдеттерине ылайык уюштуруу укуктук формасына карабай юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар менен келишим түзүүгө;
- өзүнүн атынан мүлктүк жана жекече мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана жооп берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачууга;
- өзүнүн милдеттеринин чегинде нормативдик укуктук актыларды Министрликтин кароосуна киргизүүгө;
- Институттун өзгөчө айырмаланган кызматчыларына сыйлыктарды берүү, колдоо көрсөтүү жөнүндө белгиленген тартипте сунуш киргизүүгө;
- келишимдин негизинде кеңеш берүү, окутуу үчүн жана башка максаттарда Институттун кызматчыларын ишке тартууга;
- Институттун кызматчыларын командировкага, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинар, көргөзмөлөргө катышууга жиберүүгө;
- жерге жайгаштыруу багытында эл аралык кызматташтык, сырткы экономикалык иш аракеттерди мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүүгө, келишим, контракт жана макулдашууларды түзүүгө;
- келишимдердин негизинде Институттун жумуштарын аткаруу үчүн жарандарды тартууга;
- Министрликтин макулдугу менен белгиленген тартипте банктардын кредиттерин жана гранттарын пайдаланууга;
- Институт тапшырылган милдеттерди аткаруу үчүн инвестиция жана алдыңкы технологияларды тартуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- мыйзамда белгиленген тартипте басма жана башка иштерди жүргүзүүгө;
- белгиленген тартипте акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө.
Институт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Жобого каршы келбеген, бул Жободо каралбаган Министрлик менен макулдашылгандан башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
15. Институт төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимге ылайык өзүнүн милдеттерин аткарууга;
- тийиштүү органдарга Институттун отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө;
16. Институттун жумушчулары мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу сырды сактоого милдеттүү, анын ичинде Институтта иштөөсүн токтоткондон кийин да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилинде кызматтык ишин аткарууда ээ болгон, жарандын жеке турмушуна тийиштүү абройуна шек келтирүүчү маалыматты сактоого милдеттүү.
5. Өндүрүштүк-чарбалык жана финансылык иши
17. Институттун өндүрүштүк-чарбалык негизги иши мамлекеттик бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка булактардан каржыланат.
18. Институт аткаруучу долбоорлоо-изилдөө, жерге жайгаштыруу жана изилдөө жумуштарынын план-тематикасы Министрлик тарабынан бекитилет.
19. Институт өзүнүн ишин жана жерге жайгаштыруу жумуштарынын өнүгүү келечегин заказдарга жана аларга болгон суроо-талаптарга жараша пландаштырат.
20. Институттун ишин пландоонун башкы негизи болуп Министрликтин берген тапшырмасы жана жеке, юридикалык жактар менен келишим боюнча аткарылып жаткан жумуштар эсептелет.
21. Институт мамлекеттик заказ менен жумуштарды Министрлик бекиткен баада аткарат, ал эми келишимге ылайык аткарылуучу жумуштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 "Акыга кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) тарифтерин түзүү методикасы тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Жобого ылайык баада аткарат.
22. Бюджетке төлөөлөр жана эмгек акы төлөө эсептик документтердин келип түшүүсүнүн календардык кезегинде жүргүзүлөт. Жеке жана юридикалык жактардын милдеттенмелери боюнча эсептер нак төлөмсүз банк мекемелери аркылуу, ал эми нак төлөөлөр Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бекиткен эсептин жана кассалык операциялардын жүрүшүнүн тартибине ылайык жүргүзүлөт.
6. Башкаруу
23. Институтту жалпы башкарууну Министрлик жүргүзөт.
24. Институттун ишин башкарууну Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресустары министринин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындаган жана кызматтан бошоткон директор (мындан ары - директор) жүргүзөт.
25. Институтта директордун эки орун басарын болот, аларды директордун сунушу менен Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
26. Институттун директору:
- өзүнүн ишинде түздөн-түз жаратылыш ресурстары министрине баш ийет;
- Институттун ишин жетектейт жана Институтка жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди аткаруу жана иштин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчиликтүү болот;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрликтин чечимдерин аткарууну камсыз кылат;
- Институттун атынан ишеним катсыз иш жүргүзүп, анын кызыкчылыгын бардык мамлекеттик органдарда жана республикалык уюмдарда, жалпы юрисдикциядагы соттордо коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда эсептештик жана башка эсеп-чотторду ачат, банк жана каржылык документтерге кол коет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Институттун бардык кызматчылары үчүн милдеттүү буйруктарды чыгарат жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Институттун директорунун орун басарларынын жана кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын аныктайт;
- Институтка баш ийген бөлүктөрдүн өндүрүштүк-техникалык жана чарбалык жетекчилигин жүргүзөт. Алардын ишине, эсебин алууга жана берүүсүн контролдоону уюштурат, отчетун жана планын бекитет;
- Министрлик менен макулдашып Институттун киреше жана чыгашалар сметасын бекитет;
- Министрлик менен макулдашып Институттун учурдагы жана жылдык планын бекитет;
- Институтка кызматкерлерди тандайт;
- Институттун жумушунун режимин, кызматтык нускамасын жана кызматкерлерге сыйлык берүү жобосун бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматчыларга карата колдоо көрсөтүү жана тартиптик жазалоо чараларын колдонот;
- Институттун функцияларын жана милдеттерин аткаруу үчүн, Жобого ылайык Министрликтин компетенциясына кирген аракеттерден тышкары зарыл болгон башка аракеттерди жасайт.
27. Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары министри Институттун түзүмүн жана штаттык санын бекитет.
28. Өтө маанилүү долбоорлорду, нускама-методикалык документтерди кароо үчүн директордун алдында техникалык кеңеш (кеңешчи орган катары) түзүлөт. Институттун жана башка кызыкдар министрлик, ведомстволордун (алардын макулдугу менен) эң квалификациялуу адистеринен турган кеңештин курамы жана ал тууралуу жобо директор тарабынан бекитилет.
7. Мүлкү жана финансысы
29. Институттун мүлкүн негизги фондулар жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле Институттун өзүнчө балансында көрсөтүлгөн башка материалдык баалуулуктар түзөт.
30. Институттун негизги фондуларын, жүгүртүү каражаттарын жана пайдаланылган мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
31. Институттун мүлкүн жана финансы каражатын топтоо булагы болуп төмөндөгүлөр эсептелинет:
- менчик ээси оперативдүү пайдаланууга өткөзүп берген мүлктөр;
- чарба жүргүзүүдөн алынган кирешелер;
- юридикалык, жеке жактар (мунун ичинде чет өлкөлүк жактар) менен түзүлгөн келишимдин негизинде аткарылган кызмат жумуштардан алынган кирешелер;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
32. Институттун чарба жүргүзүүдөн түшкөн кирешелери, ошондой эле өз каражаттарына сатылып алынган мүлкү Институтка таандык жана анын балансына киргизилет.
33. Чарба жүргүзүүдөн Институт алган пайда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы бардык мыйзамдарында каралган салыктар, бюджетке чегерүүлөр жана төлөмдөр Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган кредиттер жана башка карыздар боюнча төлөмдөр төлөнгөндөн кийин калган киреше Институттун карамагында калат жана Министрликтин макулдашуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналык тутуму аркылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте төмөнкүлөргө пайдаланылат:
- Институттун чарбалык-финансылык ишин өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө;
- Институттун кызматкерлеринин дасыктыгын жогорулатууга, окутууга, материалдык кызыктырууга;
- илимий-изилдөө жумуштарын жүргүзүүгө, базардын коньюктурасын, керектөөлөрдүн талабын изилдөөгө, маркетинге;
- Институттун кызмат көрсөтүүсүн жарнама кылууга;
- жаңы техниканы жана технологияны өздөштүрүүдө жана киргизүүгө.
8. Пландаштыруу, эсеп, отчеттуулук
34. Институт өзүнүн ишин иштелип чыккан жана Министрлик менен ма-
кулдашылган иш пландарынын негизинде жүргүзөт.
Институт өзүнүн ишинде министрликке баш ийет.
35. Институт өзүнүн ишинин жыйынтыктарынын оперативдүү чарбалык, бухгалтердик эсебин жана статистикалык отчеттуулугун жүргүзөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн каржылык-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө мамлекеттик органдарга зарыл маалыматтарды берет.
36. Институттун ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
9. Кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу
37. Институтту кайра өзгөртүп түзүү (кошулуу, биригүү, бөлүнүү, ичинен бөлүнүү, кайра түзүлүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
38. Институт жоюлгандан кийин документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталат.