Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 21-январындагы № 41 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 705 токтому менен бекитилген
"Жалал-Абад облусунун Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылынын жана Токтогул районунун атайын фонду" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. Бул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана "Жалал-Абад облусунун Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылынын жана Токтогул районунун атайын фонду" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин жөнгө салат.
2. Ишкананын уюштуруучу документи болуп ушул Устав эсептелет. "Жалал-Абад облусунун Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылынын жана Токтогул районунун атайын фонду" мамлекеттик ишканасы Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы жана Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылындагы суу чарба объекттерин каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин атайын фондусунун укуктук мураскери болуп эсептелет.
3. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эсептелет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы болуп Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети (мындан ары - Комитет) эсептелет.
4. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Жалал-Абад облусунун Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылынын жана Токтогул районунун атайын фонду" мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Специальный фонд Токтогульского района и села Жазыкечуу города Кара-Куль".
Ишкананын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Жалал-Абад облусунун Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылынын жана Токтогул районунун атайын фонду" МИ;
- расмий тилде: "ГП "Специальный фонд Токтогульского района и села Жазыкечуу города Кара-Куль".
5. Ишкана Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетине тикелей баш ийет. Ишкана юридикалык жак болуп эсептелет, ал өзүнө бекитип берилген мүлккө чарба жүргүзүүгө негизделет. Ишкана белгиленген тартипте алыш-бериш жана башка, анын ичинде валюталык, эсептерди Кыргыз Республикасынын банктарында ачууга укуктуу.
Ишканада аталышы мамлекеттик жана расмий тилде жазылган мөөр, штамп, бланктар болот жана ал башка атрибутикаларга ээ болот.
6. Ишкана өз алдынча чарбакер субъект болуп эсептелет, ал мамлекеттик ишкана уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн. Ишкана өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Уставдын талаптарына гана ылайык жүргүзөт.
7. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана өзүнүн уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартат жана сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
8. Ишкананын жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 А.
2. Ишкананын максаттары, милдеттери жана функциялары
9. Ишкананын негизги максаты болуп келип түшкөн каражаттарды өзүнүн эсептеринде топтоо жана аларды Ишкананын уставдык милдеттерин аткарууга жумшоо эсептелет.
10. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Жалал-Абад облусунун Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылынын жана Токтогул районунун аймагындагы жерлерди ирригация жана мелиорация жүргүзүү;
- Жалал-Абад облусунун Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылында жана Токтогул районунда суу чарба жана маданий-тиричилик объекттерин куруу жана реконструкциялоо;
- аталган аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү камсыз кылган башка иштерди аткаруу.
11. Жүктөлгөн милдеттерине ылайык Ишкана төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- суу чарба жана социалдык-экономикалык объекттерди каржылоону, курууну жана реконструкциялоону жүргүзөт;
- Жалал-Абад облусунун Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылынын жана Токтогул районунун аймагындагы жерлерди ирригация жана мелиорация жүргүзүү менен байланышкан долбоорлоо-изилдөө, курулуш-монтаждоо жана башка иштерди жүргүзөт;
- уставдык милдеттерин аткаруу менен байланышкан маселелер боюнча мамлекеттик органдар жана башка юридикалык жактар менен эриш-аркак иштейт;
- курулушту болжолдоону жана уюштурууну, капиталдык салымдарды сарамжалдуу пайдаланууну, алардын натыйжалуулугун күчөтүүнү, курулуштун наркын төмөндөтүүнү, даяр объекттерди өз убагында ишке киргизүүнү жүргүзөт.
3. Ишкананын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
12. Уюштуруучу аныктаган милдеттерди аткаруу үчүн Ишкана төмөнкүлөргө укуктуу болот:
- юридикалык жана жеке жактар менен финансылык, анын ичинде накталай эмес, эсептешүүлөрдү белгиленген тартипте жүргүзүүгө;
- Ишкананын кызматкерлерин окутуу, консультация берүү жана башка максаттар үчүн адистерди келишимдик негизде белгиленген тартипте тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин командировкаларга жиберүүгө;
- жарандарды Ишкананын ишин аткаруу үчүн эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, ижара келишимдеринин жана башка жарандык-укуктук келишимдеринин негизинде тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, менчик ээсинин макулдугу менен юридикалык жана жеке жактарга өзүнө тиешелүү жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарды жана башка материалдык баалуулуктарды ижарага, кайтарымсыз негизде убактылуу пайдаланууга берүүгө.
Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбесе, Ишкана ушул Уставда каралбаган, уюштуруучу менен макулдашылган башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
13. Ишкананын кызматкерлеринин иштөө режими жана эс алуусу, алардын социалдык жактан камсыз болуусу, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын нормалары менен жөнгө салынат.
14. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижарага берүүчү жана ижарачы болушу мүмкүн.
15. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бардык кызматкерлери үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна, эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өзүнүн милдеттенмелерин аткарууга;
- тиешелүү органдарга Ишкананын отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө.
16. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголгон башка сырларды, анын ичинде Ишканада иштөөсүн токтоткондо да, мыйзамдарда каралган мезгилдин ичинде сактоого милдеттүү.
4. Ишкананы башкаруу
17. Ишкананын жогорку башкаруу органы болуп Уюштуруучу эсептелет. Уюштуруучу мыйзамдарга ылайык Ишкананы түзүү, Ишкананын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, аны кайра уюштуруу жана жоюу маселелерин чечет.
18. Ишкананын ишин башкарууну директор жүргүзөт, аны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча, Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысынын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
Директор 2 жылдык мөөнөткө дайындалат жана ушул Уставдын, Комитет менен түзүлүүчү эмгек келишиминин негизинде иштейт.
19. Директор:
- Ишкананын ишин жетектейт жана Ишканага жүктөлгөн милдеттердин, функциялардын аткарылышы жана анын натыйжасы үчүн жооптуу болот;
- Ишкананын кызыкчылыгын мамлекеттик органдарда, уюмдарда, Кыргыз Республикасынын мекемелеринде билдирет, келишимдерди түзөт, ишеним кат берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- Ишкананы жетектейт жана анын атынан ишеним каты жок эле чыгат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Ишкананын кызматкерлери үчүн милдеттүү болуп эсептелген буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
- Ишкананын кызмат орундарынын номенклатурасын бекитет, Атайын фонддун кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- жылдын жыйынтыгы боюнча Комитетке кварталдык жана жылдык отчетторду берет.
20. Ишкананын кызматкерлерин (адистери жана персонал) эмгек келишиминин негизинде Ишкананын директору кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
21. Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин Ишкананын директору иштеп чыгат жана Комитет бекитет.
22. Ишкананын жеке жана юридикалык жактар менен мамилеси бардык чарбалык иштин чөйрөсүндө келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
5. Эсепке алуу жана отчеттуулук
23. Ишкана өз ишин пландын негизинде жүргүзөт. Ишкананын алдыдагы жылга иш планын Токтогул райондук мамлекеттик администрация иштеп чыгат, план райондук кеңештен макулдашуудан өтөт жана аны Комитет бекитет.
24. Ишкана өз ишинин натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
25. Ишкананын ишин текшерүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын тиешелүү контролдоочу мамлекеттик органы жүргүзөт.
6. Ишкананын каражаттары
26. Ишкананын каражаттары "Электрдик станциялар" ачык акционердик коому "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чегерген каражаттардын эсебинен түзүлөт.
27. "Электрдик станциялар" ачык акционердик коому "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чегерген каражаттардын эсебинен түзүлгөн Ишкананын каражаттары жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен макулдашуу боюнча Жалал-Абад облусунун Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылындагы жана Токтогул районундагы суу чарба объекттерин, өндүрүш имараттарын жана курулмаларды долбоорлоону, курууну, жерлерди өздөштүрүүнү жана жакшыртууну максаттуу каржылоого (бардык каражаттардын 70%и), ошондой эле социалдык муктаждыктарга (бардык каражаттардын 30%и) жумшалат.
28. Ишкананы күтүү боюнча чыгымдар анын эсебинде топтолгон каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт. Чыгымдардын суммасы жыл сайын Ишкананын киреше жана чыгаша сметасында каралат, аны Комитет бекитет.
29. Ишкананын каражаттары финансылык-чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешеден, ошондой эле анын эсебине башка булактардан түшкөн каражаттардан түзүлүшү мүмкүн.
30. Ишкананын негизги фонддорун, жүгүртүү каражаттарын жана пайдаланып жаткан мүлктөрүн алып коюу уюштуруучунун же соттун чечими боюнча гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
31. Ишкана финансылык-чарбалык ишти жүргүзсө, финансылык-чарбалык иштин жылдык жыйынтыгы боюнча Ишкананын таза пайдасынын кеминде 50 проценти Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин алыш-бериш эсебине которууга тийиш, андан соң бул каражаттар отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке киргизилет.
7. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
32. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу уюштуруучунун чечими менен жана сот тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жүргүзүлөт.
33. Ишкана кайра уюштурулганда же жоюлганда бошотулган кызматкерлерге компенсация төлөнөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жеңилдиктер жана кепилдиктер берилет.
34. Ишкана тиешелүү жазуу Юридикалык жактардын мамлекеттик реестрине жазылган учурдан баштап кайра уюштурулду же жоюлду деп эсептелет.