Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 21-январындагы № 41 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-ноябры № 705
"Жалал-Абад облусунун Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылынын жана Токтогул районунун атайын фонду" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө
"Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жалал-Абад облусунун Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылынын жана Токтогул районунун атайын фонду" мамлекеттик ишканасынын тиркелген уставы (мындан ары - Атайын фонд) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 11-сентябрындагы № 520 "Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун калкын жана Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылын колдоо боюнча айрым чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы жана Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылындагы суу чарба объекттерин каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин атайын фонду жөнүндө жобо күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети белгиленген тартипте:
- "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Атайын фонддун аталышын тактоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү даярдасын жана белгиленген тартипте киргизсин;
- Атайын фондду мамлекеттик кайра каттоо боюнча иш-чараларды жүргүзсүн;
- ушул токтомдун аткарылышы боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
|
|