Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 650 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 712 токтому менен бекитилди
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарын башкаруу боюнча убактылуу администрация жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485, 2016-жылдын 2-июнундагы № 293 , 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477 токтомунун редакциясына ылайык)
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарын башкаруу боюнча убактылуу администрация жөнүндө ушул жобо "Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарын (мындан ары - уюмдар) башкаруучу убактылуу администрацияны дайындоонун тартибин аныктайт.
1. Бул Жободо пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр:
1) убактылуу администрация (убактылуу администратор) - мүлктүн сакталышын жана уюмду башкаруу боюнча иш-чараларды жүргүзүлүшүн камсыз кылуу үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан дайындалуучу орган;
2) убактылуу администрациянын жетекчиси - уюмдун кызматкерлеринин арасынан, же уюмдун кызматкери болбогон ыйгарым укуктуу орган тарабынан дайындалган адам;
3) убактылуу администрациянын мүчөлөрү - уюмга убактылуу администрациялык башкарууну жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан дайындалган адамдар;
4) каршы күрөшүү жөнүндө акт - башкаруу органдарынын жана/же уюмдун айрым кызмат адамдары/кызматкерлери, же уюмга убактылуу администрациялык ишти жүргүзгөн үчүнчү жак тарабынан каршы күрөшүү фактысы боюнча түзүлгөн документ.
2. Убактылуу администрациянын дайындалышынын максаты:
Уюмдун капиталдары менен активдерин сактоо максатында, анын каржылык абалын жана анын ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүүгө тиешеси бар иш-чараларды колдонуу, анын акы төлөө жөндөмдүүлүгүн жана тез сатып өткөрүүчүлүгүн, уюмдун ишин турукташтырууну калыбына келтирүү, аны каржылык абалдын начарлашына алып келген, бети ачылган бузууларды жана себептерди, шарттарды жоюу үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан убактылуу администрация дайындалат.
Убактылуу администрация иштеген мезгилде камсыздандыруу уюму уруксаттамада каралган бардык иштерди жүргүзөт, буга ыйгарым укуктуу орган токтоткон жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жокко чыгарылган иштер кирбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Убактылуу администрацияга жүктөлүүчү милдеттер. Дайындалган күнүнөн тартып убактылуу администрация уюмдун активдери менен документтеринин сакталышын камсыз кылууга, белгиленген мөөнөттүн аралыгында активдерди, милдеттенмелерди, уюмдун резервдерин инвентаризация кылууга, анын каржылык абалына баа берүүгө, анын ишин турукташтыруунун мүмкүнчүлүктөрүн аныктоого, ошондой эле уюмдун ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүүгө милдеттүү. Уюмдун каржылык абалына толук баа бергенден кийин уюмда түзүлгөн конкреттүү кырдаалга жараша убактылуу администрация уюмду турукташтыруу боюнча, анын ичинде катышуучулардын (акционерлердин), инвесторлордун эсебинен уюмду каржылык жактан чыңдоочу, сатуучу, уюмду кайра уюштуруучу иш-чараларды көрөт, же дайындалган убактылуу администрациянын максатын ишке ашыруу мүмкүн эместиги жөнүндө чечим кабыл алат.
4. Убактылуу администрация төмөнкү учурларда дайындалышы мүмкүн:
1) камсыздандыруу жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү боюнча ишти камсыз кылууну уюштурууда жетекчиликтин жөндөмсүздүгү менен байланышкан уюмдун ишинде эреже бузуу фактылары аныкталганда;
2) уруксаттаманын аракетин убактылуу токтотуу үчүн негиз болгон жагдайлар белгиленген мөөнөттө четтетилбегенде;
3) уруксаттаманын аракети бир нече жолу токтотулганда (акыркы он эки айдын ичинде эки же андан көп жолу) же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууну четтетүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү эскертүү бир нече жолу аткарылбаганда (акыркы он эки айдын ичинде эки же андан көп жолу);
4) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму төлөөгө жөндөмсүз болуп калган учурда;
5) уюмдун башкаруу органдарынын ортосунда анын ишинин ыргагын бузуучу кайчы пикирлер пайда болгондо, эгерде бул үчүнчү жактардын укуктарын бузууга алып келсе;
6) жетекчи жана кызмат адамдарына же кылмышты териштирүүнүн башталышына карата экономика чөйрөсүндө жана уюмдун иши менен байланышкан кылмыш фактылары боюнча иш козголсо.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485, 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Уюмдардын ишмердигинде бузуулардын фактылары аныкталган учурларда уюмдун каржылык абалын жакшыртууга жана чыңдоого керектүү иш-чара катары ыйгарым укуктуу органдын чечими менен убактылуу администрация дайындалат. Убактылуу администрация алты айдан ашпаган мөөнөткө дайындалат.
6. Убактылуу администрация дайындалгандыгы жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып ал өзүнүн милдеттерин аткарып баштайт, аны ыйгарым укуктуу орган дайындаган жетекчи жетектейт.
Убактылуу администрация дайындалгандыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечиминин көчүрмөсүн убактылуу администрация уюмдун жетекчилигине кол койдуруп, берет. Эгерде чечимди кол койдуруп берүүгө мүмкүндүк жок болсо, анда убактылуу администрация тиешелүү акт түзөт жана ыйгарым укуктуу органга билдирет.
7. Убактылуу администрацияны дайындоо жөнүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечиминде төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) уюмдун аталышы;
2) убактылуу администрацияны киргизүүнүн негиздери жана максаттары;
3) ыйгарым укуктуу орган чечим кабыл алган күн жана чечимдин номери;
4) убактылуу администрация иштөөчү мөөнөт;
5) убактылуу администрациянын жетекчисинин жана мүчөлөрүнүн аты-жөнү, алардын кызмат ордун көрсөтүү менен.
Убактылуу администрацияны дайындоо жөнүндө чечимге уюм же анын катышуучулары (акционерлери) тарабынан "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте доо-арыз берилиши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-июнундагы № 293 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Убактылуу администрациянын мүчөлөрүнүн саны ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
9. Ыйгарым укуктуу органда 3 жылдан кем эмес иштеген стажы бар ыйгарым укуктуу органдын кызматкери, ыйгарым укуктуу органда иштебеген, бирок каржылык системада 5 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар убактылуу администрациянын мүчөсү боло алат.
Убактылуу администрацияны дайындоо жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу органдын аткаруу кеңеши ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнөн жана камсыздандыруучулардын ассоциациясынан берилген талапкерлердин негизинде кабыл алат.
Убактылуу администрациянын мүчөлөрү өздөрүнүн макулдугу менен дайындалат, убактылуу администрациянын ишине катышуу анын кызматтык милдети болгон ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине бул жобо колдонулбайт.
Убактылуу администрациянын курамына кирген ыйгарым укуктуу органдын кызматкери убактылуу администрация ишмердик жүргүзгөн мезгилде негизги иштеген жердеги кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотулат, буга убактылуу администрациянын ишине катышуу анын кызматтык милдети болгон учурлар кирбейт.
Көрсөтүлгөн ушул мезгилдин ичинде анын негизги жумуш ордунда белгиленген жумуш орду, эмгек акысы жана башка төлөп берүүлөр сакталып калат.
10. Убактылуу администрациянын курамына төмөнкүлөр киргизилбейт:
1) уюмдун кызматкерлери, анын ичинде уюмдардын, анын филиалдарынын жана туунду уюмдарынын жетекчилери, башкаруучу органга жана аткаруучу органга кирген адамдар, ошондой эле башкы бухгалтер, текшерүүчү же ички аудитор;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюм менен аффилирденген адам;
3) уюмдун кредит берүүчүсү болуп саналган адам;
4) уюмга карыздары бар адамдар;
5) акыркы жылдын ичинде каржы жаатында административдик укукту бузган кызмат адамдары.
11. Убактылуу администрация дайындалган уюмдун кызмат жана аффилирденген адамдары убактылуу администрациянын жетекчиси кылынып дайындалбайт.
Убактылуу администрациянын жетекчисинин милдетин аткаруу башка адамга ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүктөлүшү мүмкүн.
Убактылуу администрациянын жетекчиси убактылуу администрациясынын ишин башкарат жана тескейт, уюмдардын мүлктөрүн сактоону жана башкарууну, ыйгарым укуктарды жүргүзөт, милдеттерди убактылуу администрациянын мүчөлөрүнө бөлүштүрөт.
Өзүнүн жеке демилгеси менен жана убактылуу администрациянын демилгеси же ыйгарым укуктуу органдын демилгеси аркылуу убактылуу администрациянын жетекчиси иштен бошотулушу мүмкүн.
11. Убактылуу администрация дайындалган учурдан тартып:
1) убактылуу администрация камсыздандыруу уюмундагы жагдайды аныктаганга жана убактылуу администрациянын андан аркы иш-чаралары жөнүндө чечим кабыл алганга чейин камсыздандыруу уюму каржылык ишмердикти жүргүзүүнү, анын ичинде эсептердеги баардык операцияларды токтотот, буга убактылуу администрациянын ишмердигин камсыз кылууга жана уюмга келип түшкөн акчаларды эсепке киргизүүгө байланышкан учурлар кирбейт;
2) уюмдун башкаруу органдары, кызмат адамдары жана катышуучулары (акционерлери) уюмдун мүлкүн башкарбайт, анын ишин башкаруу боюнча функцияларды аткаруудан четтетилет жана бухгалтердик жана башка документтерди, материалдык жана башка баалуулуктарды, уюмдун мөөрүн жана штампын убактылуу администрацияга өткөрүп берүүнү камсыз кылат.
13. Убактылуу администрацияны дайындоо жөнүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечиминин көчүрмөсүн уюмдун жетекчилигине тапшырган күнү убактылуу администрация төмөнкүдөй иш-аракеттерди жасайт:
1) баардык мөөрлөрдү, штамптарды, клишелерди жана пломбирлерди, уюмду каттоого байланышкан документтерди, уюмга берилген лицензиянын түп нускасын, фирмалык бланктарды, маалыматтарды электрондук алып жүрүүчүлөрдү, программалык камсыз кылуучуларды, уюм менчик ээси болуп саналган документтештирилген түрдө чыгарылган башка юридикалык жактардын баалуу кагаздарын дароо өткөрүп берүүнү уюмдун жетекчисинен талап кылат жана убактылуу администрация тарабынан бекитилген тартипте жана мөөнөттөрдө кабыл алуу жана өткөрүп берүү актылары менен аларды кабыл алат. Уюмдун жетекчилиги өткөрүп бербеген учурда бул жөнүндө акт түзүлөт жана убактылуу администрация аталган документтерди, материалдарды алууну жүргүзөт жана бул тууралуу акт түзүлөт;
2) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жетекчи кызматкерлерди убактылуу администрация иштеген мезгилде иштен четтетет;
3) уюмдун, анын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн кассаларында турган баардык акчаларга жана башка баалуулуктарга текшерүү (ревизия) жүргүзөт;
4) Кыргыз Республикасынын банктарында уюмдун эсептери бар-жок экендигин аныктайт жана корреспонденттик жана учурдук эсептердеги калдыктарга (муну менен кошо чет элдик банктарда) салыштырууларды жүргүзөт. Уюмдун бухгалтердик эсебинин маалыматтары боюнча эсептердеги калдыктарды банктарда ачылган эсептер менен салыштырат жана салыштыруунун жыйынтыктары боюнча тиешелүү актыларды түзөт;
5) уюмдун атынан мурда берилген ишеним каттарды жараксыз деп табат;
6) убактылуу администрацияны дайындоо жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечиминин көчүрмөсүн уюмдун кардарлары көрүп, тааныша турган ыңгайлуу жерге илет;
7) материалдык жоопкерчиликтерди толук тарта турган адамдардын, муну менен кошо уюмдун каржылык жана башка отчетторун түзүүгө жана бухгалтердик эсеп-кысапты жүргүзүүнүн автоматташтырылган маалыматтык системасына катышы бар адамдардын чөйрөсүн аныктайт;
8) убактылуу администрация дайындалган күнү электрондук түрүндө сакталган бухгалтердик маалыматтардын баардыгын тең кагазга бастырып чыгартат. Бул маалымат электрондук түрдө жок болсо, анда аталган күнгө карата кагаз жүзүндөгү маалымат негиз катары алынат.
14. Убактылуу администрация төмөнкүдөй иш-аракеттерди аткарат:
1) уюмдун мүлктөрүн жана документтерин кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары боюнча кабыл алат, алардын, анын ичинде ушул Жобонун 9-пунктуна ылайык кабыл алынган мүлктөрдүн толук сакталышын камсыз кылат;
2) уюмду башкаруу боюнча функцияларды аткарат жана уюмдун баардык документтерине кол коет;
3) уюмдун атынан доолорду, муну менен кошо уюмдун башкаруу органдарынын мүчөлөрүн, башкы бухгалтерди жоопкерчиликтерге тартуу жөнүндө арызды сотко берет, эгерде алардын аракеттери (аракетсиздиги) менен уюмга зыян келтирилсе;
4) убактылуу администрацияны дайындоо жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечими тууралуу маалыматтарды уюмдун акционерлерине, кредит берүүчүлөргө жана дебиторлорго билдирет;
5) уюмдун мүлктөрүн, документтерин жана иштерин кабыл алуу-өткөрүү бүткөндөн кийин үч жумушчу күндүн ичинде жасалган иштер жөнүндөгү отчетту ыйгарым укуктуу органга берет;
6) зарыл болуп калган учурда Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык уюмдун кызматкерлери менен түзүлгөн эмгек келишимдерин бузат;
7) активдерге жана милдеттенмелерге, жеке эсептерге, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдерине, камсыздандыруу полистерине жана жыйынтыктар боюнча актылар түзүлгөн башка олуттуу документтерге инвентаризация жүргүзөт;
8) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдеринин бланктарын, уюмдардын полистерин жана камсыздандыруу агенттериндеги накталай акчалардын калдыктарын алат. Накталай акчалар уюмдун банктык эсебине тапшырылат;
9) уюмдардын банктык эсептери бар банктарга убактылуу администрация дайындалгандыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечиминин көчүрмөсүн берет;
10) уюмдун атынан документтерге кол коюуга укуктары бар кызмат адамдарынын койгон колдорунун жаңы үлгүлөрүн убактылуу администрация дайындалган учурдан тартып он жумушчу күндөн кечиктирбей банк эсептери ачылган банктарга берет;
11) камсыздандыруу төлөмдөрүнүн төлөнүп берилишине кепилдикти берген камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча эскертмени жана уюмдар тарабынан бекитилген, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн төлөнүп берилишине кепилдик берген камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча маалыматтарды фондго берет;
12) уюмга акчалай эмес жана акчалай келип түшкөн баардык каражаттардын эсепке киргизилишине, анын ичинде жайгаштырылган камсыздандыруу резервдеринин жана кирешелердин, булар менен кошо камсыздандыруу сыйлыктарынын жана башка кирешелердин, уюмдардын аванстык төлөмдөрүнүн, дебитордук карыздарынын, келишимдегинин үстүнө кошулуп төлөнүүчү айыптын, туумдардын жана айыптардын кайтарылып берилишине, баалуу кагаздарды төлөп берүүдөн калган, уюмга менчик катары таандык болгон каражаттарга көзөмөл жүргүзөт.
15. Баардык акча каражаттарына жана башка баалуулуктарга, ошондой эле уюмдагы, анын филиалдарындагы, өкүлчүлүктөрүндөгү катуу көзөмөлдөгү бланктарга карата болгон текшерүүнү (ревизияны), дайындалган учурдан тартып үч күндүн ичинде убактылуу администрация жүргүзөт.
Баардык накталай акчаларды, баалуулуктарды, катуу көзөмөлдөгү бланктарды текшерүү иши уюмдун баардык түзүлүштүк бөлүктөрүндө бир күндө жүргүзүлөт. Текшерүүнүн жыйынтыгы акт менен таризделет. Накталай акчалардын жана баалуулуктардын, документтердин жетишсиз экендиги текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталса, анда фактылар боюнча документтер укук коргоо органдарына берилет.
16. Убактылуу администрация уюмдун жетекчиси жана башкы бухгалтери менен бирге, текшерүү башталган күндөн тартып бир айдын ичинде, мүлктөргө инвентардык текшерүүлөрдү жүргүзөт.
Инвентардык текшерүү жүргүзүү үчүн инвентардык комиссия түзүлөт, анын курамы убактылуу администрациянын жетекчиси тарабынан бекитилет.
Убактылуу администрацияны дайындоо жөнүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими уюмдун жетекчисине тапшырылган күндөн тартып инвентардык текшерүү башталат. Ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен убактылуу администрация инвентардык текшерүүнүн мөөнөтүн аныктайт жана жумуштун мүнөзү жана көлөмү эске алынып ал мөөнөт узартылышы мүмкүн.
Инвентардык текшерүүнү жүргүзүүнүн алдында инвентардык комиссия:
1) көмөкчү бөлмөлөрдү, жер төлөлөрдү, өзүнчө чыгуучу жана кирүүчү эшиктери бар мүлктөр сакталган башка жерлерди пломбулап жабат;
2) инвентардык текшерүү башталган учурда инвертарлана турган мүлктөрдүн кыймылы жөнүндөгү отчетторду же кириштөөчү жана чыгыштоочу документтердин акыркы реестрлерин алат.
Инвентардык текшерүүнүн жыйынтыгында акты түзүлөт, инвентардык комиссиянын мүчөлөрү жана материалдык жактан жооптуу адам ага колдорун коюшат.
Убактылуу администрация кабыл алат, ал эми уюмдун жетекчиси жана башкы бухгалтери - инвентарлаштыруунун (салыштыруунун) жыйынтыгын эске алып уюмдун материалдык баалуулуктарын, мүлктөрүн өткөрүп берет.
17. Убактылуу администрация төмөнкүлөргө укуктуу:
1) уюмдун абалын начарлатпай турган операцияларды улантууга же токтотууга;
2) уюмдун атынан иш-аракеттерди, чечимдерди аткарууга;
3) убактылуу администрациянын пикири боюнча уюм үчүн чыгымдуу болуп эсептелген, уюм катышкан макулдашууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте токтотууга.
18. Ушул Жобонун 12-пунктунун 1-пунктчасында каралган, убактылуу администрациянын жетекчиси бекиткен чыгымдардын сметасына ылайык келген чыгымдоолорду гана убактылуу администрация жүргүзөт. Убактылуу администрация дайындалган учурдан тартып жети күндөн кечиктирилбей ар айлык чыгымдарды пландаштыруу аркылуу чыгымдардын сметасы түзүлөт.
Убактылуу администрациянын ишмердигине, анын ичинде убактылуу администрациянын чыгымдар сметасында каралган акчалардын пайдаланылышына ыйгарым укуктуу орган контрол жүргүзөт.
19. Чыгымдардын сметасында чыгымдардын төмөнкүдөй беренелери каралат:
1) эмгек акы төлөө боюнча чыгымдар:
- эмгекке акы төлөө боюнча чыгымдарда төмөнкүдөй чыгымдар каралат: убактылуу администрациянын жетекчисине жана мүчөлөрүнө төлөө үчүн эмгек акылары, буга убактылуу администрациянын курамына кирген ыйгарым укуктуу органдын, уюмдун, камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча төлөмдөрдүн төлөнүп берилишине кепилдик берген фонддун кызматкерлерине төлөнүүчү эмгек акылар кирбейт;
- чыгымдар сметасын түзүү учурунда түзүлгөн эмгек келишимдеринин, кайтарымдуу кызмат көрсөтүү келишимдеринин жана жумушка алуу жөнүндөгү буйруктардын негизинде эмгек акы төлөнүүчү чыгымдар эсептелинип чыгат;
2) бюджетке чегерүүлөр:
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык салыктарды жана башка милдеттенмелер боюнча төлөмдөрдү бюджетке төгүп берүүгө сарпталган чыгымдар эсептелинип чыгат;
3) административдик чыгымдар:
- административдик чыгымдар төмөнкүлөргө жумшоо үчүн каралышы мүмкүн: кызматтык жана чарбалык керектөөлөр үчүн транспорттук кызматты жалдоого, байланыш кызматтарына (телекоммуникациялык чыгымдар, телефонду, телеграфты пайдаланууга абоненттик төлөөлөр, шаар аралык жана эл аралык сүйлөшүүлөргө, почталык кызматтарга жана маалымат берүүчү кызматтарга жумшалган чыгымдар), коммуналдык кызматтарга, негизги каражаттарга оңдоолорду жүргүзүү боюнча жумуштарга, программалык камсыздоо тейлөөлөрүнө, бөлмөлөрдү ижарага алууга жана башкаларга;
- жумушка жана кызматка төлөнүүчү акылар туруктуу жана бир жолку мүнөзгө ээ болушу мүмкүн;
4) товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алуу боюнча чыгымдар:
- учурдагы муктаждыктарды канааттандыруу үчүн жана минималдуу запасты түзүү үчүн керектүү товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алууга жумшалган чыгымдар төмөнкүлөр үчүн керектелет:
офистик жабдууларды жарактуу абалда кармап туруу үчүн;
транспорттук каражаттарды кармоого;
бөлмөлөрдү кармоого;
кагаздык жана бланкалык продукцияларды сатып алууга;
күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга;
канцелярдык товарларды сатып алууга.
5) командировкалык чыгымдар:
- убактылуу администрациянын жетекчисинин жана мүчөлөрүнүн, уюмдун кызматкерлеринин командировкаларга барышына байланышкан чыгымдар сметада каралган каражаттардын алкагында чыгымдалат;
6) жаңылыш төлөө документтери боюнча келип түшкөн акчаларды кайтарып берүү боюнча чыгымдар:
Жаңылыш төлөө документтери боюнча келип түшкөн акчалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипте кайтарылып берилет.
20. Убактылуу администрациянын иши менен байланышкан чыгымдарды уюм тартат. Убактылуу администрация өз ишмердигинин мезгилинде өзүнүн ишмердигин жүргүзүү үчүн уюмга таандык болгон кызматтык бөлмөлөрдү, байланышуу каражаттарын, автомобиль транспортторун жана башка техникалык каражаттарды пайдаланат.
Керек болгон учурларда убактылуу администрация жана анын өкүлдөрү ыйгарым укуктуу орган берген техникалык каражаттарды пайдаланышат.
21. Уюмду жоюучу комиссия ыйгарым укуктуу орган тарабынан дайындалган учурдан тартып убактылуу администрация ишмердигин токтотот.
Убактылуу администрация он жумушчу күндүн ичинде уюмдун бухгалтердик жана башка документтерин, мөөрдү, штампты, материалдык жана башка баалуулуктарды жоюучу комиссиянын төрагасына өткөрүп берет.
Уюмдун документтерин жана мүлктөрүн убактылуу администрациядан жоюучу комиссияга өткөрүп берүү-кабыл алуу акты менен таризделет, ал акты ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
22. Контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын аткаруу үчүн ыйгарым укуктуу орган убактылуу администрацияга берилүүчү отчеттордун түрлөрүн, мөөнөттөрүн жана мезгилдүүлүгүн бекиткен буйрукту жөнөтөт жана убактылуу администрациянын ишмердигине текшерүүлөрдү жүргүзөт.
23. Жасалган иштер жөнүндөгү убактылуу администрациянын отчету эки нускада түзүлөт (ыйгарым укуктуу орган жана уюм үчүн), ага убактылуу администрациянын баардык мүчөлөрү колдорун коет, ал убактылуу администрациянын жетекчиси тарабынан бекитилет жана уюмдун мөөрүн басуу аркылуу күбөлөндүрүлөт. Убактылуу администрациянын отчетторунун барактары номерленет, көктөлөт жана уюмдун мөөрү менен бекитилет.
24. Убактылуу администрациянын жасаган иштери жөнүндө толук маалыматтар, ошондой эле убактылуу администрациянын чыгымдары жөнүндө маалыматтар убактылуу администрациянын отчетунда чагылдырылып көрсөтүлөт.
25. Уюмдун убактылуу администрациясынын отчетунда төмөнкүлөр камтылышы керек:
1) отчеттун аталышы, түзүлгөн күнү жана жери;
2) уюмдун реквизиттери (анын ичинде, камсыздандыруу ишин жүргүзүү үчүн берилген лицензиянын сериясы, номери жана берилген күнү, колдонуу токтотулган күн) жана уюмдун ишмердигине жалпы мүнөздөмө;
3) Катышуучулардын (акционерлердин) жана уюмдун кызматкерлеринин уюмдун мүлкүнө болгон менчигин уруксатсыз тескөөнү болтурбоо үчүн убактылуу администрация кабыл алган иш-чаралар жөнүндө маалыматтарды;
4) башкаруу чыгымдарына (административдик чыгымдарга), камсыздандыруу ишин жүргүзүүчүгө келип түшкөн акчаларды эсепке киргизүүгө, болуп өткөн камсыздандыруу окуялары боюнча мурда түзүлгөн камсыздандыруу келишиминин негизинде камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүгө байланышкан чыгымдуу операцияларды убактылуу администрациянын жүргүзүшү жөнүндөгү маалыматтарды;
5) убактылуу администрациянын же ыйгарым укуктуу органдын кароосу боюнча башка маалыматтарды.
26. Убактылуу администрациянын отчетуна төмөнкүдөй документтердин көчүрмөлөрү тиркелиши керек:
1) уюмдун мурдагы иштеген органдары убактылуу администрацияга өткөрүп берген документтердин тизмесинин;
2) убактылуу администрациянын чечиминин;
3) убактылуу администрациянын же ыйгарым укуктуу органдын кароосу боюнча башка документтердин.
27. Кыргыз Республикасынын чендик укуктук актыларына ылайык бекитилген мөөнөттөрдө каржылык отчетторду убактылуу администрация берет.
28. Уюмдун башкаруу органдары жана/же айрым кызмат адамдары жана кызматкерлери убактылуу администрацияны жүргүзүүгө каршы күрөшүп, ушул Жобонун талаптарын алар аткарбай койгон учурда, убактылуу администрация өзүнүн ишмердигин токтотот жана каршылык жөнүндө (тиркеме) актыны түзөт.
Убактылуу администрация ишмердигин токтоткон мөөнөт убактылуу администрациянын иштеши үчүн белгиленген мөөнөткө кирбейт.
29. Каршылык көрсөтүү фактысы белгилүү болгон күнү каршылык жөнүндө акт түзүлөт, ага убактылуу администрациянын мүчөлөрү тарабынан кол коюлат жана ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт. Каршылык жөнүндө акт менен таанышуудан уюмдун өкүлдөрүнүн баш тартышы актынын өзүндө көрсөтүлөт.
30. Убактылуу администрацияны жүргүзүүгө уюмдун башкаруу органдарынын жана/же анын айрым кызматкерлеринин каршылык көрсөтүү фактысы жөнүндө арыз менен каршылык жөнүндө актынын негизинде убактылуу администрация укук коргоо органдарына кайрылууга укуктуу.
31. Убактылуу администрацияны жүргүзүүгө уюмдун башкаруу органдарынын жана/же анын айрым кызматкерлеринин каршылыгы, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык уюмга карата таасир тийгизүү чараларын көрүү үчүн негиз болуп саналат.
32. Убактылуу администрациянын иши төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) убактылуу администрацияга берилген тапшырмалар аткарылгандыгына байланыштуу;
2) убактылуу администрация жүргүзүүнүн бекитилген мөөнөтүнүн ичинде убактылуу администрациянын алдына коюлган милдеттерди жана тапшырмаларды аткаруу мүмкүн эместиги жөнүндөгү негиздүү жыйынтыкты убактылуу администрация ыйгарым укуктуу органга берген учурда;
3) убактылуу администрацияны жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөтү аяктаганда;
4) ыйгарым укуктуу органдын убактылуу администрациянын ишин токтотуу жөнүндө чечими боюнча;
5) ыйгарым укуктуу орган уюмду жоюу комиссиясын дайындаган учурда.
33. Эгерде башкарууну уюмдун мурдагы жетекчилигине ушул Жобонун 34-пунктунда каралган негиздер боюнча өткөрүп берүү мүмкүн болбосо, анда убактылуу администрациянын иши ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча уюмдун жаңы жетекчисин дайындагандан кийин токтотулат.
Эгерде убактылуу администрациянын иши ыйгарым укуктуу орган уюмду жоюунун комиссиясын дайындаганда токтотулса, анда бул учурга ушул пунктун жобосу колдонулбайт. Убактылуу администрациянын ыйгарым укуктарын жоюу комиссиясына өткөрүп берүү банкроттуулук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
34. Уюмдун мурдагы жетекчилигине башкарууну өткөрүп берүү төмөнкүдөй негиздер боюнча мүмкүн эмес:
- уюмдун мурдагы жетекчилигине карата кылмыш иши козголсо же административдик процесс колдонулса;
- иштин белгилүү бир түрүн жүргүзүү укугунан ажыратуу жөнүндө уюмдун мурдагы жетекчилигине карата сот чечим чыгарса;
- уюмдун мурдагы жетекчилиги ыйгарым укуктарын токтотсо же ыйгарым укуктарын кабыл алуудан баш тартса;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
35. Бул Жобо менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте чечилет.
Тиркеме
Убактылуу администрацияны жүргүзүүгө каршылык көрсөтүлгөндүгү жөнүндө
АКТ
__________________________________________________________________
(уюмдун (филиалдын, өкүлчүлүктүн аталышы)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(уюмдун (филиалдын, өкүлчүлүктүн) аталышы, (дареги, телефон)
_______________________________________ 201_-жылдын "__" ______________
(түзүлгөн жери)
Биз, убактылуу администрациянын мүчөлөрү _________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(убактылуу администрациянын мүчөлөрүнүн аты-жөнү)
тарабынан бул акт уюмдун атынан: ______________________________________ _______________________________________________________________________
(уюмдун жетекчисинин, кызмат адамынын/кызматкеринин аты-жөнү)
убактылуу администрацияны жүргүзүүгө төмөнкүдөй көрүнүштө тоскоолдук кылгандыктары үчүн түзүлдү: ___________________________________________
(уюмдун имаратына киргизбей койду, убактылуу _______________________________________________________________________
администрацияга уюмдун суралган документтерин бербей койду ж.б.)
Уюмдун кызматкери/кызматкерлери убактылуу администрациянын мүчөлөрү тарабынан убактылуу администрацияны жүргүзүүгө тоскоолдук кылгандыктары үчүн жоопко тартылаары уюмга жана анын кызмат адамдарына эскертилген.
Акт түзүлдү:
__________________________________________________ _______________
(убактылуу администрациянын мүчөлөрүнүн аты-жөнү) (колу)
Тааныштым:
__________________________________________________ _______________
(уюмдун кызматкеринин аты-жөнү) (колу)
Акттын экинчи нускасы алынды _______________________ _____________
(уюмдун кызматкеринин (колу)
аты-жөнү)
Банктын кызмат адамдары __________________________________________
(уюмдун кызматкеринин/кызматкерлеринин
___________________ каршылык көрсөтүлгөндүк жөнүндө акттын мазмуну ме-
аты-жөнү)
нен таанышуудан баш тартышты.
____________________________________________________ _____________
(убактылуу администрациянын мүчөлөрүнүн аты-жөнү) (колу)