Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-июну № 293
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 650, 2026-жылдын 14-мартындагы № 178
токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын айрым чечимдерин "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 265 "Акциялардын чыгарылышын, акцияларды коомго сунуш кылуунун шарттарын, проспектин жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Акциялардын чыгарылышын, акцияларды коомго сунуш кылуунун шарттарын, проспектин жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жободо:
- 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Акциялардын чыгарылышын, баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоого алуудан баш тартуу жөнүндө чечимге "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык доо-арыз берилиши мүмкүн.";
- 59-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"59. Баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту мамлекеттик каттоого албоо жөнүндө чечимге "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык доо-арыз берилиши мүмкүн.";
- 73-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"73. Акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоого алуудан баш тартуу жөнүндө чечимге "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык доо-арыз берилиши мүмкүн.";
98 жана 99-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
98. "Акциялардын чыгарылышынын ишке ашпай калышы жөнүндө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык доо-арыз берилиши мүмкүн.
99. Акциялардын чыгарылышынын жыйынтыктары ишке ашты деп таанылгандан кийин акциялардын чыгарылышы "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жараксыз деп таанылышы мүмкүн.".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 178 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-сентябрындагы № 526 "Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан өткөрүү жөнүндө жободо:
- 4-главасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Талапкер апелляциялык комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда, бул чечимге "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте доо-арыз берилиши мүмкүн.".
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 650 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |