Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-июлу № 473
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 206 "Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Бюджеттер аралык мамилелердин жаңы принциптерине өтүүгө байланыштуу, республиканын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналарында жашаган абоненттерге компенсациялык төлөөлөрдү каржылоо механизмин жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 206 "Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Энергия булактарына болгон тарифтик саясаттын өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган абоненттерине керектелген электр энергиясы үчүн компенсацияларды төлөөнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 3-главасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"3. Компенсацияларды төлөө тартиби
3.1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги берилген эсептөөлөргө ылайык квартал сайын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын казыначылыктын региондук бөлүмдөрүндөгү эсептерге акча каражатын бөлөт.
3.2. Казыначылыктын региондук бөлүмдөрүнө акча каражаты түшкөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык финансы бөлүмдөрү Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган тургундарына керектелген электр энергиясы үчүн компенсацияларды төлөөгө акча каражаты түшкөндүгү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына билдирет.
3.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары финансы каражатын бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялар боюнча Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган абоненттерине керектелген электр энергиясы үчүн компенсацияларды төлөө үчүн тизмеге ылайык бөлүштүрүшөт.
3.4. Кыргыз Республикасынын бөлүштүрүүчү электр компаниялары:
- электр энергиясын керектөөнүн белгиленген нормаларына ылайык бөлүүнү көрсөтүү менен абоненттерге (керектөөчүлөргө) төлөөгө квитанцияларды беришет;
- ай сайын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төлөөгө эсептерди беришет;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын берилген тизмесине ылайык Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган тургундарына керектелген электр энергиясы үчүн которулган суммага карыздарын жоюшат;
- ай сайын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органдарына берилген тизмеге ылайык (ар бир абонент боюнча) керектелген электр энергиясы үчүн карыздарды жойгондугу жөнүндө маалыматтарды берип турушат;
- карыздарды жоюуну ар бир төлөмгө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын берилген тизмесине так ылайыкта жүргүзүшөт.
3.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- ай сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык финансы бөлүмдөрүнө берилген тизмелерге ылайык карыздардын жоюлгандыгы, калдыктар жана керектелген энергиясы үчүн карыздар жөнүндө маалыматтарды берип турушат;
- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган тургундарына керектелген электр энергиясы үчүн компенсацияларды төлөө үчүн акча каражаттарын өз учурунда которууга жеке жоопкерчилик тартышат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
|