ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-июлундагы № 476 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344»Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө«токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 5-июлу № 476

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги органдарынын түзүмүнүн өзгөрүүсүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясынын курамы ушул токтомун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ө.Бабанов

 

Тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344 токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясынын

КУРАМЫ

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын эвакуациялык комиссиясынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри, ведомстволор аралык комиссиясынын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

Кыргыз Республикасынын коргоо министри;

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;

Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри;

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;

Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри;

Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;

Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри;

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттигинин директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;

Ош жана Бишкек шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча).".