КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-июлу № 485
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-августундагы № 444 "Каприз" жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участок берүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп табуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети менен "Каприз" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы 2012-жылдын 23-январындагы Келишимди бузуу жөнүндө макулдашууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-августундагы № 444 "Каприз" жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участок берүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
|