ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 485 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-августундагы № 444 «Каприз» жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участок берүү жөнүндө» токтомун күчүн жоготту деп табуу тууралуу» токтому

Редакция13.07.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 13-июлу № 485

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-августундагы № 444 "Каприз" жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участок берүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп табуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети менен "Каприз" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы 2012-жылдын 23-январындагы Келишимди бузуу жөнүндө макулдашууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-августундагы № 444 "Каприз" жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участок берүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ө.Бабанов