Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 648 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 13-июлу № 488

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттиги жөнүндө

Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарын реформалоого байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттиги (мындан ары - Агенттик) жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Агенттиктин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:

- Агенттикти белгиленген тартипте юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-февралындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиги жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ө.Бабанов

 

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ

 

┌───────────────────────────────────────────────┐

│  Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин  │

│              борбордук аппараты               │

└───────────────────────┬───────────────────────┘

┌──────┬──────┬──────┬─────┬─┴─────┬──────┬──────┬───────┐

V      │      V      │     V       │      V      │       V

┌───────────┐│┌───────────┐│┌───────────┐│┌───────────┐│┌─────────────┐

│  Бишкек   │││   Талас   │││   Нарын   │││  Баткен   │││ Жалал-Абад  │

│  шаардык  │││ облусунун │││ облусунун │││ облусунун │││  облусунун  │

│өрткө каршы│││өрткө каршы│││өрткө каршы│││өрткө каршы│││ өрткө каршы │

│мамлекеттик│││мамлекеттик│││мамлекеттик│││мамлекеттик│││ мамлекеттик │

│кызматынын │││кызматынын │││кызматынын │││кызматынын │││ кызматынын  │

│башкармалы-│││башкармалы-│││башкармалы-│││башкармалы-│││ башкармалыгы│

│    гы     │││    гы     │││    гы     │││    гы     │││             │

└───────────┘│└───────────┘│└───────────┘│└───────────┘│└─────────────┘

│             │             │             │

V V V V

┌─────────────┐┌────────────┐┌────────────┐┌────────────┐

│Чүй облусунун││  Ысык-Көл  ││Ош облусунун││Ош шаардык  │

│ өрткө каршы ││  облусунун ││ өрткө каршы││өрткө каршы │

│ мамлекеттик ││ өрткө каршы││ мамлекеттик││ мамлекеттик│

│ кызматынын  ││ мамлекеттик││ кызматынын ││ кызматынын │

│башкармалыгы ││ кызматынын ││башкармалыгы││башкармалыгы│

│             ││башкармалыгы││            ││            │

└─────────────┘└────────────┘└────────────┘└────────────┘