ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июлундагы № 507 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105»Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 329 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 18-июлу № 507

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтомунун 1-тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

9-главада:

- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"

┌──┬──────────────────────────────────────────────────────────────────┐

│4 │Президенттин каршы пикир билдирүүсү менен Жогорку Кеңешке кайра   │

│  │берилгендеринин, ошондой эле Өкмөт демилге кылган мыйзам          │

│  │долбоорлорунун саны                                               │

└──┴──────────────────────────────────────────────────────────────────┘

";

- 6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"┌──┬──────────────────────────────────────────────────────────────────┐

│6 │Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү),                │

│  │күрөө жөнүндө келишимдерди каттоодо, кайра каттоодо жана          │

│  │иш-аракетин токтотууну каттоодо жана сот экспертизаларын          │

│  │жүргүзүүдө мөөнөттөрдү сактоо                                     │

└──┴──────────────────────────────────────────────────────────────────┘".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ө.Бабанов