Загрузка документа…
Тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июлундагы № 508 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертизанын органдары жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 306, 2014-жылдын 8-октябрындагы № 586, 2015-жылдын 8-апрели № 205, 2017-жылдын 15-августундагы № 485, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-августундагы № 481 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү, башка аскердик түзүлүштөрүндөгү жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарындагы аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) комиссияны түзүү тартибин, укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
1. Аскердик-дарыгердик экспертиза (мындан ары - АДЭ) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында тынч жана согуш убагында, Кыргыз Республикасынын жарандарынын аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматтарга ден соолугунун абалы боюнча жарактуулук категориясын аныктоо, жарандардын алган жаракаттарынын, контузияларынын, травмаларынын, майып болууларынын, ооруларынын аскердик кызматты (аскердик жыйындарды), мобилизациялык резервдеги жыйындар өтөө менен байланышкан себебин аныктоо, ошондой эле аскердик кызматты (аскердик жыйындарды) өтүп жаткан (өткөн) жарандарга медициналык-социалдык жардамды көрсөтүү максатында өткөрүлөт.
АДЭнин түзүмдүк бөлүгү дарыгердик-учкучтук экспертиза (мындан ары - ДУЭ) болуп саналат, ал Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн (мындан ары - КК) авиациясынын учуучу курамына карата АДЭнин тапшырмаларын чечет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-августундагы № 485 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертизанын органдары болуп штаттык жана штаттан тышкаркы (дайыма жана убактылуу иштөөчү) аскердик-дарыгердик комиссиялар (мындан ары - АДК) жана дарыгердик-учкучтук комиссиялар (мындан ары - ДУК), дарыгердик жана санаториялык-тандоо комиссиялары (мындан ары - СТК) саналат.
3. АДЭ (ДУЭ) органдары өздөрүнүн токтомдорун, корутундуларын жана башка чечимдерин (мындан ары - токтомдор) коллегиалдуу (көп добуш менен) кабыл алышат. Аскердик кызматка, атайын мекемелеринде аскердик адистик боюнча кызматка (жумушка) жарамдуулукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 771 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомго ылайык (мындан ары - КК медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобо) жеке баалоо ыкмасы менен аныкташат.
Башчынын (төрага) же комиссиясынын кээ бир мүчөлөрү комиссиянын калган мүчөлөрүнүн ойлору менен макул болбогондо алардын өзгөчө ойлору комиссиянын жыйынынын протоколуна жазылат, ал эми токтом көпчүлүктүн добушу боюнча добуш берүү менен кабыл алынат.
4. Штаттык АДК (ДУК) штатка ылайык төмөнкү дарыгер-адистер менен комплектелет: хирург, терапевт, невропатолог, окулист, оториноларинголог, психиатр жана башка адистиктеги дарыгерлер менен.
Штаттык АДК (ДУК) саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзгөн мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына жакын жайгашат.
5. Штаттык АДК (ДУК) болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Республикалык аскердик-дарыгердик комиссиясы (мындан ары - КР КК РАДК);
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарынын Аскердик-дарыгердик комиссиясы;
3) Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын аскердик-дарыгердик комиссиясы;
4) (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 205 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы N 306, 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 205, 2017-жылдын 15-августундагы № 485 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Штаттан тышкаркы дайыма иштөөчү АДК (ДУК) болуп төмөнкүлөр саналат:
1) госпиталдык АДК;
2) гарнизондук АДК (ДУК);
3) аскердик комиссариаттардын аскердик комиссиялары;
4) санаториялык-тандоо комиссиялары;
5) саламаттык сактоо уюмдарынын аскердик-дарыгердик комиссиялары;
6) аскердик санаториянын АДКсы;
7) өзүнчө медициналык отряддын АДКсы.
8) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын АДКсы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-августундагы N 481 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Штаттан тышкаркы убактылуу иштөөчү АДК, ДУК болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Республикалык (облустук) чакыруу комиссиясынын АДКсы;
2) аскердик-окуу жайларынын АДКсы;
3) аскердик комиссариаттардын аскердик комиссиялары;
4) кошумча билим берүү программалары менен орто (толук) жалпы билим берүүнүн билим берүүчү мекемелеринин (мындан ары лицей) АДКсы;
5) атайын дайындалыштагы штаттан тышкаркы убактылуу иштөөчү АДК, ДУК.
Мында штаттан тышкаркы убактылуу иштөөчү АДК (ДУК) мөөнөтүү аскердик кызматка чакырууну жүргүзүү мезгилинде түзүлөт.
8. Зарыл болгондо ККда (дайыма жана убактылуу иштөөчү) башка штаттан тышкаркы АДК (ДУК) түзүлүшү мүмкүн.
9. Штаттык АДК ККда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасындагы колдонуудагы мыйзамдарына ылайык токтомдорду чыгарууга; зарыл болгон учурда ККда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого ылайык мурдагы аскер кызматчыларга СССРдин КМнын Борбордук аскердик дарыгердик комиссиясы, СССРдин ИИдин Борбордук аскердик дарыгердик комиссиясы, Чек ара аскерлеринин борбордук аскердик дарыгердик комиссиясы, СССРдин МККнын Борбордук аскердик дарыгердик комиссиясы жана башка аскердик-дарыгердик комиссиялар мурда кабыл алган ооруларынын, жаракаттарынын, контузияларынын, травмаларынын, майып болууларынын себептүү байланышы жөнүндө токтомдорун кайтадан карап чыгууга;
2) баш ийүүдөгү АДКлардын (ДУК) жана райондук, шаардык аскер комиссариаттарынын дарыгердик комиссияларынын токтомдорун контролдоого, карап чыгууга, бекитүүгө (бекитпөөгө);
3) чакыруу же чакыруулардын ортосундагы мезгилде, күбөлөндүрүүчүлөрдүн өздүк делолорун, медициналык документтерин тандап же жалпы изилдөө жолу менен контролдоо; аскердик госпиталда адистештирилген же саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган түзгөн саламаттык сактоонун мамлекеттик уюмдарында амбулатордук жана стационардык түрдө; сырттан жана өзүн кароо ыкмалары менен күбөлөндүрүүчүнү контролдук кароого, изилдөөгө, изилдөөнүн кошумча ыкмаларын колдонууга;
4) эгерде күбөлөндүрүүчүнүн ден соолугунун абалында мурда чыгарылган токтомду кайтадан карап чыгуу үчүн негиз берген өзгөрүүлөр болсо, аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматка жарактуу категориясы жөнүндө өзүнүн токтомдорун жана баш ийген АДКлардын (ДУКтардын) токтомдорун кайтадан карап чыгууга. Ооруларды, жаракаттарды, контузияларды, травмаларды, майып болууларды алуунун жаңыдан табылган шарттардын барында аскердик кызматты (аскердик жыйындарды) өтөп жаткан (өткөн) жарандардын ооруларынын, жаракаттарынын, контузияларынын, травмаларынын, майып болууларынын себептүү байланышы жөнүндө өзүнүн токтомдорун жана баш ийген АДКлардын (ДУКтардын) токтомдорун кайтадан карап чыгууга жана жокко чыгарууга.
Майып болуунун оордугу жөнүндө өзүнүн токтомдорун жана баш ийген АДКлардын (ДУКтардын) токтомдорун, анын оордугун мүнөздөгөн жаңы ачылган шарттарды бар болгондо кайтадан карап чыгууга жана жокко чыгарууга;
5) баш ийген АДКларды (ДУКтарды) текшерүүгө жана аларга АДЭ (ДУЭ) суроолору боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү жана сунуштарды берүүгө;
6) контролдук стационардык же амбулатордук текшерүүгө жана күбөлөндүрүүгө аскер кызматчыларын, аскердик жыйындарды, мобилизациялык резервдеги жыйындарды өтөп жаткан жарандарды, контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле ден соолугунун абалы боюнча аскер кызматына жараксыз деп табылган альтернативдик (аскердик эмес) кызматты өтөп жаткан жарандарды АДК (ДУК) корутундусуна таасир эткен күбөлөндүрүү тартибин бузган учурлар табылганда, ошондой эле штаттык эмес АДК (ДУК) корутундусунун негизделгендигин текшерүү үчүн жиберүүгө;
7) ККда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого ылайык, уюштуруу-укуктук түзүлүшүнө карабастан медициналык уюмдардан, аскердик комиссариаттарынан, аскердик бөлүктөрүнөн, башка уюмдардан медициналык документтерди, өздүк жана пенсия делолорун, кызматтык териштирүү, кылмыш ишинин, мүнөздөмөсүнүн материалдарын, архив маалымкаттарын, буйруктун көчүрмөлөрүн, акттарды, протоколдорду жана токтомду чыгаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды камтыган башка документтерди сурап алууга;
8) АДКлардан (ДУКтардан), аскердик-медициналык мекемелерден, аскердик бөлүктөрдөн күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды талап кылууга;
9) АДЭ (ДУЭ) суроолорун чечүү үчүн КК жана саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик органдын башкы (жетектөөчү) медицина адистерин жана башка дарыгер адистерин тартууга.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-октябрындагы № 586, 2017-жылдын 15-августундагы № 485 токтомдорунун редакциясына ылайык)
10. Штаттык АДКга (ДУКка) ушул Жободо каралган милдеттерден сырткары төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) баш ийген АДКларды (ДУКтарды) методикалык жетекчиликке алуу, алардын ишине контроль жүргүзүү, аларга практикалык жардамды көрсөтүү;
2) ден соолугунун абалы боюнча аскердик-каттоо адистиктери боюнча туура бөлүштүрүү максатында аскердик кызматка чакырылган жана кызмат ордуна келген жарандарга күбөлөндүрүүнү уюштурууга жана өткөрүүгө контроль кылуу;
3) контракт боюнча аскердик кызматка өтүп жаткан жарандарга, аскердик кызматты (аскердик жыйындарды) өтөп жаткан жарандарга, контракт боюнча аскердик кызматты өтөп бүткөн аскер кызматчылардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, аскердик кызматты өтөп бүткөн жарандарга, аскердик кызматтан бошотулган жана аскердик-медициналык мекемелеринен бекер медициналык жардамга укугу бар офицерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнө күбөлөндүрүүнү уюштурууга жана өткөрүүгө контроль кылуу;
4) КК башкы (жетектөөчү) медициналык адистерин жана башка дарыгер-адистер менен биргеликте аскер кызматчылардын жана жарандардын башка категорияларынын күбөлөндүрүү жыйынтыктарынын анализин өткөрүү, АДЭ (ДУЭ) маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү жана сунуштарды иштеп чыгуу;
5) арыздарды, сунуштарды, даттанууларды карап чыгуу жана АДЭ (ДУЭ) маселелери боюнча келүүчүлөрдү кабыл алуу;
6) АДЭ (ДУЭ) абалы жана аны жакшыртуу боюнча чаралары жөнүндө командачылыкка маалыматтарды көрсөтүү.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-августундагы № 485 токтомунун редакциясына ылайык)
11. АДЭ менен байланышпаган тапшырмаларды чечүү үчүн штаттык АДКнын (ДУКтун) өздүк курамын тартууга тыюу салынат.
12. Улуттук коопсуздук органдарынын жана ички иштер органдарынын штаттык АДКнын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик-укуктук актылары менен аныкталат.
13. КР КК ГШ АДК Куралдуу Күчтөрдө аскердик-дарыгердик экспертизаны башкаруунун жетектөөчү органы болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-октябрындагы № 586 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Республикалык аскердик-дарыгердик комиссиясынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басарына түздөн-түз баш иет жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө аскердик-дарыгердик экспертизаны уюштурууга жооп берет.
КР КК РАДКсы аскерлерде, аскердик дарылоо алдын алуу мекемелеринде, штаттык эмес АДКда адистиги боюнча клиникалык даярдыгы жана тажрыйбасы бар квалификациялуу дарыгер-эксперттер: терапевт, хирург, невролог, психиатр, отоларинголог, офтальмолог, дарыгердик-учкучтук экспертиза боюнча дерматовенеролог врач-эксперттер, катчы менен комплектелет.
КР КК РАДКны медициналык техника жана мүлк, санитардык жана чарба шаймандары, эмеректер, буюм мүлкү жана кеңселик буюмдары менен камсыздоо, аларга жайларды берүү жана коммуналдык тейлөө коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик органдын тиешелүү башкармалыктарына жана кызматтарына жүктөлөт.
КК РАДКсы алдында турган тапшырмаларды чечүүдө АДЭнын (АУЭнын) бардык органдары, Кыргыз Республикасынын башка министрликтеринин жана ведомстволорунун мекемелери жана уюмдары, тиешелүү медициналык кызматтары, аскердик дарылоо-профилактикалык мекемелери, ККнын аскердик бөлүктөрүнүн командачылыгы менен өз ара аракеттешет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-октябрындагы № 586, 2017-жылдын 15-августундагы № 485 токтомдорунун редакциясына ылайык)
15. КК РАДК ушул Жобонун 9 жана 10-пункттары менен каралган укуктарга жана милдеттерге ылайык ККда АДЭни жана күбөлөндүрүүнү өткөрүүнү уюштуруу жүктөлөт.
Мындан сырткары КК РАДК төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү:
- бийик тоолуу шарттарда, алыскы жана кыйындык менен жеткен зоналарда, жагымсыз климаты менен чет мамлекеттерде аскердик кызматты өтөө (контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн - жашоого, ККнын жарандык персоналынын адамдарына - иштөөгө) жарамдуулугун, ошондой эле иондук нурлануу булактары, ракеталык отундун компоненттери, жогорку уулуу заттар, 30 кГц дан 300 ГГЦ га чейин жыштыктын диапазонунда электр магниттик талааны түзүүчү радио техникалык каражаттар жана оптикалык кванттык генераторлор (мындан ары - ЭМП) менен иштөөгө ККнын аскер кызматчыларынын, аскерге милдеттүүлөрүнүн, жумушчуларынын жана кызматчыларынын жарамдуулугун аныктоо үчүн жарандардын ден соолугунун абалына коюлуучу талаптарды;
- АДЭ маселелери боюнча ченемдик документтерди, көрсөтмөлөрдү, түшүндүрмөлөрдү, ошондой эле ушул Жобону жана ККда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобону колдонуу боюнча көрсөтмөлөрдү, түшүндүрмөлөрдү иштеп чыгуу;
- АДЭ маселелери боюнча отчеттук документтердин түзүлүштөрүн, аларды көрсөтүүнүн тартибин жана мөөнөттөрүн иштеп чыгуу;
- ден соолугунун абалына жана дене түзүлүшүнүн өнүгүүсүнө ылайык, чакырылуучу участокторго катталуучу жана аскердик кызматка чакырылуучу жарандарды, аскер кызматчыларды жана аскерге милдеттүүлөрдү ККнын түрү, аскердик адистиктери боюнча өтө максатка ылайыктуу дайындоо жана бөлүштүрүү үчүн көрсөтмөлөрдү;
2) чакыруу участокторуна катталуучу жана аскердик кызматка чакырылуучу жарандарды, аскер кызматчыларды (аскердик адистерди), аскердик-окуу жайларга өтүүчү талапкерлерди жана аскерге милдеттүүлөрдү медициналык күбөлөндүрүүдө медициналык текшерүүнүн методикаларын иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү;
3) АДЭ (ДУЭ) жакшы тажрыйбасын иликтөө жана жалпылоо, АДЭнин төмөндө турган органдарынын иш практикасына өнүккөн формаларды жана методдорду киргизүү жана жайылтуу;
4) АДЭ (ДУЭ) маселелери боюнча илимий ишти уюштурууга катышуу жана төмөндө турган АДКда (ДУКта) аны жетектөө;
5) АДЭ (ДУЭ) төмөндө турган органдары үчүн кадрларды даярдоо жана жакшыртуу;
6) ККнын Генералдык штабынын начальнигине ведомстволук документтерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу жана берүү;
7) КК Генералдык штабына белгиленген формалар боюнча АДЭ (ДУЭ) ишинин абалы жана жыйынтыктары жөнүндө отчетторду берүү;
8) коргоо жана саламаттык сактоо органдары тарабынан аныкталуучу тартипте аскердик кызматка жарандарды даярдоону медициналык камсыздоонун уюшулушун саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы түзгөн саламаттык сактоонун мамлекеттик уюмдары менен биргеликте контролдоо;
9) Комиссиянын дарыгер-эксперттери аскердик-дарыгердик экспертиза боюнча маселелерди кароодо сотто жана башка мамлекеттик органдарда мамлекеттик мекемелердин кызыкчылыгын көздөйт;
10) АДК (ДУК) корутундусуна даттанган жарандар контролдук медициналык күбөлөндүрүүгө тийиш. Контролдук медициналык күбөлөндүрүүдөн кийин КР КК РАДКнын чечими акыркы болуп саналат жана кайрадан сотко даттанылышы мүмкүн эмес.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-августундагы № 485 токтомунун редакциясына ылайык)
16. КК ГШ АДК, ушул Жобонун 9-пункту менен каралган укуктардан тышкары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын АДКсынын токтомдорун контролдоого, карап чыгууга, бекитүүгө (бекитпөөгө);
2) эгерде күбөлөндүрүүчүнүн ден соолугунун абалында мурда чыгарылган токтомду кайтадан карап чыгуу үчүн негиз берген өзгөрүүлөр болсо, аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматка жарамдуу категориясы жөнүндө өзүнүн токтомдорун жана башка мамлекеттик органдарынын АДКларынын (ДУКтарынын) токтомдорун кайтадан карап чыгууга;
3) ооруларды, жаракаттарды, контузияларды, травмаларды, майып болууларды алуунун жаңыдан табылган шарттардын барында аскердик кызматты (аскердик жыйындарды) өтөп жаткан (өткөн) жарандардын ооруларынын, жаракаттарынын, контузияларынын, травмаларынын, майып болууларынын себептүү байланышы жөнүндө өзүнүн токтомдорун жана башка мамлекеттик органдарынын АДКларынын (ДУКтарынын) токтомдорун кайтадан карап чыгууга жана жокко чыгарууга;
4) оордугун мүнөздөгөн жаңы ачылган шарттардын барында майып болуунун оордугу жөнүндө өзүнүн токтомдорун жана башка мамлекеттик органдарынын АДКларынын (ДУКтарынын) токтомдорун кайтадан карап чыгууга жана жокко чыгарууга;
5) төмөндө турган АДК (ДУК) комиссиялардын ишин, контракт боюнча аскердик кызматка кирип жаткан жарандарга, аскердик кызматты (аскердик жыйындарды) өтөп жаткан жарандарга, контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, аскердик кызматты өтөп бүткөн жарандарга, үй-бүлө мүчөлөрүнө күбөлөндүрүүнү уюштурууну жана өткөрүүнү текшерүүгө;
6) аскердик комиссариаттарда аскердик комиссиялардын ишин, аскердик каттоого алгачкы турууда, аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматтарга (аскердик жыйындарга) чакырууда, контракт боюнча аскердик кызматка, аскердик лицейге, аскердик-окуу жайларына өтүүдө жарандарга, ККда запаста жүргөн жарандарына күбөлөндүрүүнүн уюшулушун текшерүү;
7) запаста жүргөн жарандарга медициналык күбөлөндүрүүнүн уюшулушун жана өткөрүлүшүн контролдоо;
8) КК Генералдык штабынын аскердик-медициналык башкармалыгына тике баш ийген аскердик-медициналык мекемелерине, саламаттык сактоо уюмдарына контролдук стационардык же амбулатордук текшерүүгө аскер кызматчыларын, аскердик жыйындарды өтүп жаткан жарандарды, контракт боюнча аскердик кызматты өтүп жаткан аскер кызматчылардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле аскердик кызматты өтөп бүткөн жарандарды күбөлөндүрүүгө жиберүү;
9) күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктары боюнча, бошонуу убагында аскердик кызматка жарамдуулук категориясы жөнүндө АДКнын (ДУКтун) чечими менен макул болбогондугун билдиришкен же аскердик кызматтан запаска же отставкага медициналык күбөлөндүрүү өткөрүлбөстөн бошонуп кеткен жарандарга, ККдан бошонуу учурунда аскердик кызматка жарамдуулук категориясы жөнүндө АДКнын (ДУКтун) токтомдорун чыгаруу жана (же) кайтадан карап чыгаруу;
КК ГШ АДК АДЭ маселелерин чечүү үчүн КК Генералдык штабынын аскердик-дарылоо мекемелеринин жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык адистерин тартууга укугу бар.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-октябрындагы № 586 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Аскердик-медициналык мекемелерде, аскердик бөлүктөрдө түзүлгөн штаттык эмес туруктуу иштөөчү АДКнын тизмеси КР КК РАДК төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басары тарабынан бекитилет.
Согуш мезгилинде госпиталдык АДКлар (ДУК) көрсөтүлгөн бөлүктөргө келип түшкөн аскер кызматчыларын күбөлөндүрүү үчүн аскердик санаторияда, өзүнчө медициналык отряддарда түзүлөт.
Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын АДКлары саламаттык сактоо уюмдары менен макулдашуу боюнча аскер кызматчылары текшерүүдөн жана дарылануудан өтүп жаткан адистештирилген медициналык мекемелерде түзүлөт. Штаттык эмес туруктуу иштөөчү АДКлары бар саламаттык сактоо уюмдарынын тизмеси саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик органдын жетекчиси жана КР КК РАДК төрагасынын көрсөтмөсү боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басарынын биргелешкен буйругу менен бекитилет.
Штаттык эмес дарыгердик комиссиялар райондун, районго бөлүнбөгөн шаардын ар бир аскер комиссариатында, (мындан ары - аскер комиссариаты) түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басары тарабынан бекитилген тизмеге киргизилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-августундагы № 485 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Штаттан тышкаркы дайыма иштөөчү АДК (ДУК), тийиштүү аскердик-медициналык мекеменин башчысынын, саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзгөн мамлекеттик саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин, гарнизондун башчысынын, аймактык командачылыктын колбашчысынын, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен жыл сайын түзүлөт.
Штаттык эмес убактылуу иштөөчү АДК (ДУК) курамы: аскердик-окуу жайлар, кошумча билим берүү программалары менен жалпы орто (толук) билим берүү мекемелери коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик чек ара кайтаруу чөйрөсүнүн жетекчилери тарабынан бекитилет. Аскер комиссариаттарынын штаттык эмес убактылуу иштөөчү дарыгердик комиссияларынын курамы аскердик-дарыгердик экспертиза маселелери боюнча квалификацияланган дарыгерлердин ичинен саламаттык сактоо уюмунун жана тиешелүү аскер комиссарынын көрсөтмөсү боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аткаруу органынын башчысы тарабынан бекитилет.
Дарыгердик комиссиялардын АДК (ДУК), курамында төрага, төраганын орун басары (комиссия мүчөлөрүнүн бири), комиссиянын мүчөлөрү (гарнизондук же госпиталдык АДКда, саламаттык сактоо уюмунун, АДК үчтөн кем эмес дарыгер-адистери), башка АДК (ДУК) курамында, дарыгердик комиссиялардын курамында - хирург, терапевт, невропатолог, психиатр, окулист, отоларинголог, стоматолог, дерматолог жана катчы дайындалат. АДК (ДУК), дарыгердик комиссиялардын курамында башка адистиктеги дарыгерлер дайындалышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-октябрындагы № 586, 2017-жылдын 15-августундагы № 485, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-августундагы N 481 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
19. Штаттык эмес туруктуу иштөөчү АДКнын (ДУКтун) төрагасы жана төраганын орун басары тиешелүү штаттык АДКнын башчысы (төрагасы) менен макулдашуу боюнча дайындалат.
Штаттык эмес туруктуу иштөөчү АДКлар түзүлгөн саламаттык сактоо уюмунун жетекчилери, комиссиянын курамына КР КК РАДКнын төрагасы менен макулдашуу боюнча аскердик-медициналык мекеменин өкүлүн киргизет.
Аскер комиссариаттарынын штаттык эмес дарыгердик комиссиясынын төрагасы жана анын орун басары саламаттык сактоо уюму жана тийиштүү аскер комиссары менен макулдашуу боюнча дайындалат.
Штаттык эмес туруктуу иштөөчү АДК (ДУК) жыл сайын, жылдын 10-ноябрына чейин КР КК РАДКга макулдашууга комиссиянын курамын, макулдашуудан кийин төмөнкүлөрдүн кол тамгаларынын үлгүлөрүн берет: төраганын, төраганын орун басарынын, АДКнын мүчөлөрүнүн жана катчысынын, жылдын 20-декабрына чейин комиссияны дайындоо жөнүндө буйруктун көчүрмө бөлүгүн.
Штаттык эмес (госпиталдык, гарнизондук,) АДКлардын курамы өзгөргөн учурда КР КК РАДКнын төрагасына маалымдалат жана кол тамгалардын үлгүлөрү жана тийиштүү буйруктун көчүрмө бөлүгү менен жаңыланган тизмеси берилет.
Штаттык эмес АДКга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү медициналык күбөлөндүрүү жаатындагы ченемдик укуктук жана ведомстволук актылардын талаптарына ылайык аскер кызматчыларын жана башка категориядагы жарандарды аскердик-дарыгердик экспертизадан өткөрүү жана күбөлөндүрүү, эксперттик документтерди (оору тууралуу күбөлүктөрдү, маалымкаттарды) тариздөө жүктөлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-августундагы № 485 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Штаттан тышкаркы дайыма иштөөчү АДКлар (ДУКтар) кызматтык кат алышууну бул комиссиялар түзүлгөн аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин ишкагаздарын жүргүзүүсү аркылуу ишке ашырат.
Штаттан тышкаркы дайыма иштөөчү АДКлардын (ДУКтардын) документтери бул комиссиялар түзүлгөн аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
21. АДЭ маселелери боюнча аскердик госпиталдардын АДКлары, бейтапканалардын АДКлары тиешелүү штаттык АДКларга баш ийишет.
Гарнизондук АДК аскердик-медициналык мекемеге караштуу гарнизондун башчысынын буйругу менен дайындалат. Гарнизондук АДКнын төрагасы гарнизондун башчысына баш ийет, ал эми АДЭнин маселелери боюнча штаттык АДКнын төрагасынын көрсөтмөлөрү менен жетекчилик кылат.
22. Гарнизондук АДК төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ККда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого, ушул Жобого жана башка жетектөөчү документтерге ылайык токтомдорду чыгарууга;
2) эгерде күбөлөндүрүүчүнүн ден соолугунун абалында мурда чыгарылган токтомду кайтадан карап чыгуу үчүн негиз берген өзгөрүүлөр болсо, аскердик кызматка жарактуу категориясы жөнүндө өзүнүн токтомдорун (штаттык АДК бекиткен токтомдордон тышкары) кайтадан карап чыгууга;
3) АДЭ маселелерин чечүү үчүн зарыл болгон документтерди аскердик бөлүктөрдөн, аскердик комиссариаттардан, саламаттык сактоо уюмдарынан суроого.
23. Гарнизондук АДКга төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) Аскер кызматчыларын жана башка категориядагы жарандарды аскердик-дарыгердик экспертизадан жана күбөлөндүрүүдөн өткөрүү, эксперттик документтерди (оору тууралуу күбөлүктөрдү, маалымкаттарды) тариздөө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү медициналык күбөлөндүрүү жаатындагы ченемдик укуктук жана ведомстволук актыларына ылайык жүргүзүлөт;
2) АДЭге тиешелүү аскердик-медициналык мекемеде (саламаттык сактоо органынын АДК түзүлгөн адистештирилген мекемесинде), ошондой эле гарнизондун аскердик бөлүктөрүндө дарылоо-диагностикалык ишинин уюшулушун, өтүшүн жана жыйынтыктарын контролдоо;
3) аскер кызматчыларды жана жарандардын башка категорияларын күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктарына анализ кылуу жана жалпылоо;
4) жарандарды чакыруу участокторуна каттоодо, аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырууда медициналык күбөлөндүрүүдө чакыруу комиссияларынын дарыгерлерине методикалык жана практикалык жардамды көрсөтүү;
5) АДЭ максатында медициналык документтеринин сапаттуу таризделишин контролдоо;
6) аскердик-медициналык мекеменин башчысына жана штаттык АДКнын төрагасына гарнизондун аскердик бөлүктөрүнө келген жаш толуктоолорду медициналык күбөлөндүрүүдө табылган кемчиликтер жана ден соолугунун абалына, дене түзүлүшүнүн өнүгүүсүнө ылайык бөлүкчөлөр жана аскердик адистиктер боюнча бөлүштүрүү жөнүндө билдирүүлөрдү берүү;
7) АДЭ маселелери боюнча аскердик-медициналык мекеменин дарыгерлерин, гарнизондун аскердик бөлүктөрүнүн дарыгерлерин даярдоо;
8) АДК ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды жогору турган АДКга көрсөтүү.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-августундагы № 485 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Госпиталдын АДКсы аскердик дарылоо-профилактикалык мекеменин башчысынын буйругу менен дайындалат. Госпиталдын АДКсынын төрагасы болуп аскердик госпиталдын дарылоо бөлүгү боюнча, аскердик санаторийдин, медициналык бөлүк боюнча башчысынын орун басары дайындалат, ал эми аскер госпиталынын АДКсынын төрагасынын орун басары болуп комиссия мүчөсүндөгү дарыгерлердин ичинен бирөө дайындалат. Аскер госпиталынын АДКнын төрагасы аскердик дарылоо-профилактикалык мекеменин (госпиталдын) башчысына баш ийет, ал эми АДЭ маселелери боюнча штаттык АДКнын төрагасынын көрсөтмөлөрү менен жетекчилик кылат.
25. Аскердик-медициналык мекемеде АДЭнин жана күбөлөндүрүүнүн өтүүсүн уюштурууну аскер госпиталынын АДКнын төрагасы камсыздайт.
Күбөлөндүрүүчүнүн өз убагында, толук текшерилишин, текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча дарыгердик-эксперттик документтердин даярдалышын жана таризделишин, аларды АДКга көрсөтүүнү текшерүү жүрүп жаткан медициналык бөлүмчөсүнүн башчысы камсыздайт.
26. Аскер госпиталынын АДКсы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ККда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого, ушул Жобого жана башка жетектөөчү документтерге ылайык токтомдорду чыгарууга;
2) эгерде күбөлөндүрүүчүнүн ден соолугунун абалында мурда чыгарылган токтомду кайтадан карап чыгуу үчүн негиз берген өзгөрүүлөр болсо, кайтадан өткөн күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктары боюнча аскердик кызматка жарамдуу категориясы жөнүндө өзүнүн токтомдорун (штаттык АДК менен бекитилген токтомдордон сырткары) кайтадан карап чыгууга;
3) АДЭ маселелерин чечүү үчүн зарыл болгон документтерди аскердик бөлүктөрдөн, аскердик комиссариаттардан, саламаттык сактоо органдарынын мекемелеринен суроого.
27. Аскер госпиталынын АДКсына төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) ККда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого, ушул Жобого жана башка жетектөөчү документтерге ылайык АДЭни жана аскер кызматчыларды, жарандардын башка категорияларына күбөлөндүрүүнү өткөрүү;
2) АДЭге тиешелүү бөлүгүндө тейленүүчү аскердик бөлүктөрдөгү аскердик-медициналык мекемеде (саламаттык сактоо жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзгөн саламаттык сактоонун адистештирилген уюмдарында) дарылоо-диагностикалык ишинин уюшулушун, өтүшүн жана жыйынтыктарын контролдоо;
3) аскер кызматчыларды жана жарандардын башка категорияларын күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктарына анализ кылуу жана жалпылоо;
4) АДЭ боюнча дарыгерлерге методикалык жана практикалык жардамды көрсөтүү;
5) АДЭ максатында медициналык документтердин сапаттуу таризделишине, аскер госпиталына жаткыруунун өз убагында жана негиздүүлүгүнө, текшерүүнүн жана дарылануунун толуктугуна жана сапаттуулугуна, ошондой эле медициналык күбөлөндүрүүгө өз убагында жиберүүгө, дарыланууга (текшерилүүгө) муктаж болгондорго мөөнөтүнөн мурда чыкпоосун эскертүү же алардын негизи жок узакка дарылануусун (текшерилүүсүн) контроль кылуу;
6) аскердик-медициналык мекеменин башчысына жана штаттык АДКнын төрагасына текшерүүдө табылган кемчиликтер жана аскердик бөлүктөрдү тейлөөчү аскердик-медициналык мекемеде жүргөн адамдарды дарылоо жөнүндө билдирүүлөрдү берүү;
7) АДЭ маселелери боюнча аскердик бөлүктөрдү тейлөөчү аскердик-медициналык мекеменин дарыгерлерин даярдоо;
8) жогору турган АДКга АДКнын ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды берүү.
28. Гарнизондук, аскер госпиталынын АДКсынын токтомдору каралып чыгат жана бекитилет, ал эми зарыл болгондо ККда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого ылайык штаттык АДК тарабынан кайтадан каралат.
29. ДУКтун төрагасы комиссия түзүлгөн мекеменин башчысына түздөн-түз баш ийет, ал эми АДК маселелери боюнча КК ГШ АДК төрагасына баш ийет.
30. Штаттан тышкаркы дайыма иштөөчү ДУКтар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн учуучу курамын медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө нускамага ылайык токтомдорду чыгарууга;
2) эгерде күбөлөндүрүүчүнүн ден соолугунун абалында мурда чыгарылган токтомду кайтадан карап чыгуу үчүн негиз берген өзгөрүүлөр пайда болсо, кайтадан өткөн күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктары боюнча учуу ишине жарактуулугу жөнүндө өзүнүн токтомдорун (КК ГШ АДК менен бекитилген токтомдордон сырткары) кайтадан карап чыгууга;
3) АДЭ маселелерин чечүү үчүн зарыл болгон документтерди аскердик бөлүктөрдөн, аскердик комиссариаттардан, саламаттык сактоо органдарынын мекемелеринен суроого.
31. Штаттан тышкаркы дайыма иштөөчү ДУКтарга төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) учуучу курамды (аскер кызматчыларды жана запаста жүргөн жарандарды), учуучу курамды даярдоо боюнча аскердик-окуу жайларына өтүүчү жарандарды, учуучу курамды даярдоо боюнча аскердик-окуу жайлардын курсанттарын (угуучуларын), учууларды жетектөө жана башкарууну ишке ашырган аскер кызматчыларын, аба кыймылдарынын операторлорун, парашютисттерди, планеристтерди, абада учуучуларды, аба кемесинин бортунда учуу тапшырмаларын аткарууга катышкан аскер кызматчыларын күбөлөндүрүү;
2) учуучу курамды күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктарын анализ кылуу жана жалпылоо;
3) аскердик-медициналык мекемелеринде, авиациялык аскердик бөлүктөрдө, учуучу курамды даярдоо боюнча аскердик-окуу жайларында дарылоо-диагностикалык ишинин АДЭге тиешелүү бөлүгүндө уюшулушуна, өтүшүнө жана жыйынтыктарына контроль кылуу;
4) АДЭ маселелери боюнча авиациялык аскердик бөлүктөрдүн, аскердик-медициналык мекемелердин дарыгерлерине методикалык жана практикалык жардамды көрсөтүү;
5) ден соолугунун абалында өзгөрүүлөрдү, алардын пайда болушуна түрткү берген себептерди өз убагында табуу жана зарыл болгон дарылоо-профилактикалык иш чараларды өз убагында өткөрүү максатында учуучу курамдын ден соолугунун абалына жана учуу ишине болгон жарамдуулугуна аскердик эмгектин факторлорунун таасир беришин иликтөө.
32. ДУКтун токтомдорун тариздөө, карап чыгуу жана бекитүү тартиби Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн учуучу курамын медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө нускама менен аныкталат.
33. ДУКтун төрагасынын чечими боюнча ДУКтун жыйынында анын мүчөлөрү укугунда катышууга медицина кызматынын башчысы (дарыгер) жана авиациялык аскердик бөлүктүн өкүлү тартылышы мүмкүн.
34. Саламаттык сактоо уюмунун аскердик-дарыгердик комиссиясынын төрагасы Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы түзгөн саламаттык сактоо уюмунун жетекчисине баш ийет, ал эми АДЭ маселелери боюнча КК ГШ АДК төрагасынын көрсөтмөлөрүн жетекчиликке алат. Саламаттык сактоо уюмунун АДКсы госпиталдык АДКнын укуктарына ээ.
35. Саламаттык сактоо уюмунун АДКнын токтомдору каралат, бекитилет, зарыл болгондо ККда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого ылайык КК ГШ АДКда кайтадан каралат.
36. Саламаттык сактоо уюмунун АДК документтери ушул комиссиянын төрагасынын жана катчысынын кол тамгалары, дарыгердик комиссия түзүлгөн саламаттык сактоо уюмунун гербдүү мөөрү менен кол коюлуп бекитилет.
37. Аскердик санаториянын АДКсы аскер госпиталынын АДКсынын укуктарына ээ.
38. Аскердик санаториянын АДКсы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-июлундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө санаториялык-курорттук камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомун (мындан ары - ККда санаториялык-курорттук камсыздоо жөнүндө жобо). ККда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобону жана башка жетектөөчү документтерди жетекчиликке алат.
39. Аскердик санаториянын АДКсы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ККда санаториялык-курорттук камсыздоо жөнүндө жобонун, ККда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобонун талаптарына ылайык токтомдорду кабыл алууга;
2) аскердик санаторияда санаториялык-курорттук дарыланууда жүргөн адамдардын текшерилишинин, дарыланышынын толуктугун жана сапатын текшерүүгө;
3) каршы көрсөткүчтөрү бар же ден соолугунун абалы боюнча көрсөткүчтөрү жок адамдар санаториялык-курорттук дарыланууга келген учурларда акттарды түзүү менен токтомдорду кабыл алууга;
4) медициналык көрсөткүчтөр боюнча санаториялык-курорттук дарыланууну узартуу муктаждыгы жөнүндө токтомдорду кабыл алууга;
5) стационардык дарылануу үчүн көрсөткүчтөрү бар адамдарды аскердик санаториядан аскердик (жарандык) дарылоо-профилактикалык мекемелерине которуу жөнүндө токтомдорду кабыл алууга.
40. Аскердик санаториянын АДКсы санаториялык-курорттук дарыланууда жүргөн аскер кызматчыларын аскердик кызматка жарамдуулугу, оорусу боюнча алардын өргүүгө муктаждыгы, аныкталган мөөнөткө кызматтык милдеттерди (сабактарды) аткаруудан бошотуу жөнүндө токтомдорду кабыл албайт.
41. Аскердик санаториянын АДКсына төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) аскердик санаториянын АДКсынын иш жыйынтыктарына анализ кылуу жана жалпылоо;
2) аскердик санаториянын башчысына жана КК ГШ АДК төрагасына кемчиликтерди жоюу максатында санаториялык-тандоо комиссиялары менен тандоодо, санаторияда оорулууларды текшерүүдө жана дарылоодо табылган кемчиликтер жөнүндө билдирүү.
42. Штаттан тышкаркы убактылуу иштөөчү АДКлар (ДУКтар) ушул Жобонун 18-пункту менен каралган тартипте жана курамда тийиштүү кызмат адамдарынын буйруктары менен белгилүү бир мезгилге түзүлөт. Лицейдин АДКсы, аскердик-окуу жайынын АДКсы (ДУК) тиешелүү окуу жайынын жетекчисинин буйругу менен түзүлүшөт.
Аскердик кызматка чакырылган жарандарды жана кызмат ордуна келгендерди күбөлөндүрүү үчүн лицейдин АДКсынын, аскердик-окуу жайынын АДКсынын (ДУК) курамына кошумча дерматовенеролог, зарыл болгондо башка адистиктин дарыгерлери дайындалышат. Аскердик лицейдин АДКсына дарыгер-педиатр дайындалат.
43. Штаттан тышкаркы убактылуу иштөөчү АДКнын (ДУКтун) төрагасы болуп КК ГШ АДКсынын штаттык курамынын ичинен АДЭ (ДУЭ) маселелери боюнча жакшы даярдалган дарыгер-адис дайындалат.
44. Штаттан тышкаркы убактылуу иштөөчү АДКларга дайындалышына ылайык аскердик лицейге, аскердик-окуу жайларына өтүүгө жарандардын жарактуулугун (жараксыздыгын), аскердик-каттоо боюнча окууга (кызматка) жарандардын жарактуулугун (жараксыздыгын) аныктоо жана ушул Жобого ылайык башка маселелерди чечүү жүктөлөт.
45. Штаттан тышкаркы убактылуу иштөөчү ДУКтарга төмөнкүлөрдү аныктоо жүктөлөт:
1) учуучу курамды даярдоо боюнча аскердик-окуу жайларына өтүүчү жарандарды учуу окуусуна жарамдуулугун (жараксыздыгын);
2) учуу ишине жарамдуулугун;
3) учууларды жетектөөнү жана башкарууну ишке ашырган аскер кызматчылардын, аба кыймылынын операторлорунун учууларды жетектөөгө жарамдуулугун;
4) парашют менен секирүүлөрүнө жарамдуулугун;
5) кезектеги пландык күбөлөндүрүүдө аба кемесинин бортунда учуу тапшырмаларын аткарууга катышкан планеристтердин, абада сүзүүчүлөрдүн жана аскер кызматчылардын учууларга жарамдуулугун.
Штаттан тышкаркы убактылуу иштөөчү ДУКтар жогоруда көрсөтүлгөн ишмердүүлүктүн түрүнө жарамдуулугуна же кезектеги күбөлөндүрүү менен амбулатордук жана стационардык текшерүүгө жиберүү жөнүндө токтомдорду чыгарууга укугу бар.
46. Штаттан тышкаркы убактылуу иштөөчү АДКларда (ДУКтар) алар атайын түзүлгөн маселелерди чечүү үчүн токтомдорду чыгарууга укугу бар. Аскердик-каттоо адистиги боюнча окууга (кызматка) жараксыз деп табылган аскер кызматчыларына штаттан тышкаркы убактылуу иштөөчү АДКлар аскердик кызматка жарактуу категориялары боюнча гана аскердик кызматка жарактуулугу жөнүндө токтомдорду чыгарууга укугу бар.
Штаттан тышкаркы убактылуу иштөөчү АДКлар тарабынан ККда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобонун Оорулардын расписаниеси боюнча аскер кызматчыларында майыптыктын, оорунун барында аскердик-каттоо адистиги боюнча окууга (кызматка) жараксыз деп табылганда, аскердик кызматка жарамдуулук категорияларынын төмөндөгү аныктамалардын бири каралган болсо - тынч убакта аскердик кызматка жарактуу эмес, согуш убагында чектүү жарактуу, - аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз же АДК токтомду чыгарууда кыйынчылык туулса, гарнизондук же аскер госпиталынын АДКсында кийин күбөлөндүрүү менен амбулатордук же стационардык текшерилүүгө жиберилүүгө тийиш.
47. Штаттан тышкаркы убактылуу иштөөчү АДКнын төрагасы иш жыйынтыктары жөнүндө билдирүүлөрдү штаттык АДКга көрсөтөт.
48. Аскердик окуу жайларына кабыл алуу эрежелерине ылайык аскердик-окуу жайларына өтүп жаткандарды көчүп жүрүүчү кабыл алуу комиссиялары менен акыркы тандоодо медициналык күбөлөндүрүү үчүн тиешелүү органдын жетекчисинин буйругу менен, аскердик-медициналык башкармалыгынын башчысынын жана штаттык АДКнын төрагасынын көрсөтмөсү боюнча өтүп жаткан талапкерлерди медициналык күбөлөндүрүү үчүн тиешелүү аскердик-окуу жайларында АДК (ДУК) кандай болсо, ошол эле курамда АДК (ДУК) дайындалат. Убактылуу иштөөчү АДКнын (ДУКтун) төрагасы көчүп жүрүүчү кабыл алуу комиссиясынын төрагасына баш ийет, ал эми АДЭ маселелери боюнча штаттык АДКнын төрагасынын көрсөтмөлөрүн жетекчиликке алат.
49. Республикалык (облустук) чакыруу комиссиясынын убактылуу иштөөчү АДК курамы саламаттык сактоо жана коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскер кызматы каралган мамлекеттик органдарынын сунушун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет. Облустук чакыруу комиссиясынын убактылуу иштөөчү дарыгердик комиссиясынын курамы АДЭдеги жакшы квалификацияланган дарыгер-адистердин ичинен саламаттык сактоо жана коргоо уюмдарынын көрсөтүүсү менен облустук Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (тийиштүү облустагы) ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан бекитилет.
Республикалык (облустук) чакыруу комиссиясынын АДК башчысы (төрагасы) Республикалык (облустук) чакыруу комиссиясынын төрагасына, АДЭ маселелери боюнча КК ГШ АДК төрагасына түздөн-түз баш ийет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-октябрындагы № 586 токтомунун редакциясына ылайык)
50. Республикалык (облустук) чакыруу комиссиясынын АДКсына төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) ККда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого жана башка жетектөөчү документтерге ылайык АДЭни (ДУЭни) жана медициналык күбөлөндүрүүнү уюштуруу жана өткөрүү;
2) аскердик комиссариаттардын дарыгердик комиссияларынын ишин методикалык жетектөө жана аларга практикалык жардамды көрсөтүү;
3) саламаттык сактоо жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзгөн саламаттык сактоо уюмунун башкаруу органдары менен биргеликте КК Генералдык штабы жана саламаттык сактоо уюмдары бекиткен тартипте аскердик кызматка жарандарды даярдоодо медициналык камсыздоону уюштурууга контролдук, жана бул иштин жыйынтыктарына анализ кылуу;
4) согуш убагында аскердик кызматка убактылуу жараксыз деп АДК тапкан жарандарды күбөлөндүрүү;
5) аскердик кызматка чакырылган жарандардын аскердик кызматты өтөө жерине жиберүү алдында медициналык кароо, ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка чакыруудан кийинкиге калтырууну же бошотууну алган жарандарды, ошондой эле ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка алардын жарамдуу категориясы жөнүндө чакыруу комиссиясынын чечими менен макул болбогон жарандарды контролдук күбөлөндүрүүнү өткөрүү; ККда аскердик кызматты өтөө үчүн жарандарды жиберүү негизин контролдоо;
6) аскердик кызматка жарандарды даярдоодо медициналык камсыздоо маселелери боюнча саламаттык сактоо жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзгөн саламаттык сактоо уюмдарынын башкаруу органдары, башка уюмдар менен өз ара аракеттешүү;
7) аскердик каттоого алгачкы ирет коюуда, аскердик кызматка чакырууда, контракт боюнча аскердик кызматка өтүүдө, аскердик лицейге, аскердик-окуу жайларына өтүүдө жарандарды дарылоонун (текшерүүнүн) жана күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктарын каттоо жана анализ кылуу, ошондой эле ушул ишти жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана КК Генералдык штабынын начальнигине, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине көрсөтүү;
8) ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка чакырылуудан бошонууга тийиштүү же ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка чакырылуудан кийинкиге калтыруу бериле турган жарандарды райондук бөлүүсү жок шаарлардын, райондордун, чакыруу комиссияларына (мындан ары - чакыруу комиссиялары) чогултуу пунктунан кайтарып жиберүү себептерин каттоо, иликтөө жана анализ кылуу,
9) аскердик кызматты өтөө менен байланышпаган оорулары менен ден соолугунун абалы боюнча аскер кызматчыларды аскердик кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошонуу себептерин каттоо, билүү жана анализ кылуу;
10) КК ГШ АДК аскердик кызматка жарандарды даярдоодо медициналык камсыздоо, аскердик каттоого биринчи ирет коюуда, аскердик кызматка чакырууда, контракт боюнча аскердик кызматка өтүүдө, аскердик лицейге, аскердик-окуу жайларына өтүүдө жарандарды күбөлөндүрүү жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды берүү.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-октябрындагы № 586 токтомунун редакциясына ылайык)
51. Республикалык (облустук) чакыруу комиссиясынын АДКсы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ККда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого жана башка жетектөөчү документтерге ылайык токтомдорду чыгаруу;
2) чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүүдө талаш-тартыш жана кыйынчылык туудурган учурларда КМнын АДКсына жиберүүгө;
3) кайталанган күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктары боюнча өзүнүн токтомдорун жана баш ийген дарыгердик комиссиялардын токтомдорун кайтадан карап чыгууга жана жокко чыгарууга;
4) АДЭ маселелерин чечүү үчүн зарыл болгон документтерди (маалыматтарды) аскердик комиссариаттардан, баш ийген дарыгердик комиссиялардан, аскердик-медициналык мекемелерден, саламаттык сактоо башкармалыгынын аймактык органдарынан жана мекемелеринен, аскердик бөлүктөрдөн, мекемелерден, аскердик лицейден жана аскердик-окуу жайларынан суроого.
52. Аскер комиссариаттардын дарыгердик комиссияларына ККда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого ылайык жарандарга АДЭни жана күбөлөндүрүүнү уюштуруу жана өткөрүү жүктөлөт.
53. Аскердик комиссариаттын дарыгердик комиссиясы ККда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого, ушул Жобого жана башка жетектөөчү документтерге ылайык токтомдорду чыгарууга укуктуу.
Райондук, шаардык чакыруу комиссияларынын улук дарыгери аскер комиссарына баш ийет, ал эми АДЭ маселелери боюнча КМнын АДКсынын төрагасынын көрсөтмөлөрүн жетекчиликке алат.
54. Аскер комиссариатына караштуу дарыгердик комиссиясынын токтомдору ККда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого ылайык КМнын АДКсында каралып чыгат, бекитилет, зарыл болгондо кайтадан каралып чыгат.
55. Өзүнчө медициналык отряддын АДКсы өзүнчө медициналык отряддын командиринин буйругу менен түзүлөт. Өзүнчө медициналык отряддын АДКсы аскер госпиталынын АДКсынын укугуна ээ.
56. Өзүнчө медициналык отряддын АДКсынын төрагасы өзүнчө медициналык отряддын командирине түздөн-түз баш ийет, ал эми АДЭ маселелери боюнча КК ГШ АДКсынын көрсөтмөлөрүн жетекчиликке алат.
57. Өзүнчө медициналык отряддын АДКсына АДЭни уюштуруу жүктөлөт.