Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-июлу№ 508
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертизанын органдары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү, башка аскердик түзүлүштөрүндөгү жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарындагы аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертизаны бирдиктүү жана сапаттуу өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү, башка аскердик түзүлүштөрүндөгү жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарындагы (тынч жана согуш убагында) аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертизанын органдары жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
2. Министрликтер жана ведомстволор өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
|