Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-июлу № 510
Базарларда ишкердик иш жүргүзгөн жарандардан камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 токтомуна ылайык)
Базарларда ишкердик иш жүргүзгөн жарандарды мамлекеттик социалдык камсыздандыруу, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө шарттарын түзүү, төгүлгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнө ылайык камсыздандырылган адамдарга пенсия чектөө, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жана камсыздандыруу стажынын топтолушунун эсебинен келечектеги пенсияларынын өлчөмдөрүн андан ары көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Төмөнкүлөр сунушталсын:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына базарларда ишкердик иш жүргүзгөн жарандардан камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноого жана аларды базарлардын администрацияларынын Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарына төлөөсүнө көмөк көрсөтүү;
- базарлардын администрацияларына базарларда ишкердик иш жүргүзгөн жарандардан камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо жана аларды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарына төлөө.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду базарлардын администрациялары менен бирдикте каттоо, жекелештирилген эсепке алуу, базарларда ишкердик иш жүргүзгөн ар бир жарандын жеке камсыздандыруу эсебиндеги маалыматтарды социалдык коргоого жана берүүгө күбөлүктөрдү берүү үчүн орундарды жабдысын.
4. Жарандардын аты-жөнүн, жеке идентификациялык номерин көрсөтүп, тизмесин берүү менен камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү жөнүндө банктык квитанция же чек, төлөм тапшырмасы менен ырасталган иш жүзүндө чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмүнөн 3 процентке чейин базарлардын администрацияларына сый акы белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 2-сентябрындагы № 474 "Базарларда ишкердик иш жүргүзгөн жарандарды социалдык камсыздандыруу жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
|