Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23- январы № 43
Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча 2014-жылга иммиграциялык квотаны бекитүү жөнүндө
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча 2014-жылга чектүү санын белгилеген иммиграциялык квота тиркемеге ылайык бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги:
- ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн;
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында иммиграциялык квотаны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитүү бөлүгүндө "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына езгөртүүлөрдү киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүне кирет
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23 январындагы № 48 токтомуна тиркеме
|
Региондун аталышы | Саны (адам) |
Бишкек шаары | 300 |
Ош шаары | 45 |
Баткен облусу | 20 |
Жалал-Абад облусу | 35 |
Ысык-Кол облусу | 15 |
Нарын облусу | 10 |
Ош облусу | 45 |
Талас облусу | 10 |
Чүй облусу | 200 |
Жыйынтыгы | 680 |