Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 14-сентябры № 579
Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүүгө
багытталган иш-чаралардын 2009-2010-жылдарга карата
планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын курулуш комплексин натыйжалуу өнүктүрүүнү камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралардын 2009-2010-жылдарга карата планы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-августундагы № 483 "Кыргыз Республикасынын курулуштук комплекс тармагында мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгуу боюнча биринчи кезектеги иш-аракеттердин 2008-2010-жылдарга карата планын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө тапшырылсын.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-сентябрындагы № 579 токтому менен бекитилген
|
┌──┬───────────────────────────┬───────────┬─────────────┬────────────┐
│№ │ Иш-чаралар │ Аткаруу │Аткаруу үчүн │ Күтүлгөн │
│ │ │ мөөнөтү │ жооптуулар │ натыйжа │
├──┼───────────────────────────┼───────────┼─────────────┼────────────┤
│1 │Жергиликтүү жана │2009-2010- │Архкурулуш, │Белгиленген │
│ │республикалык бюджеттерде │жылдар │Финмин, ОМА, │тартипте │
│ │каралган каражаттардын │ │Бишкек жана │макулдашыл- │
│ │эсебинен Кыргыз │ │Ош │ган жана │
│ │Республикасынын калктуу │ │шаарларынын │бекитилген │
│ │конуштарынын тийиштүү шаар │ │мэриялары │Кыргыз Рес- │
│ │куруу документтерин иштеп │ │(макулдашуу │публикасынын│
│ │чыгуу │ │боюнча) │калктуу │
│ │ │ │ │конуштарынын│
│ │ │ │ │шаар куруу │
│ │ │ │ │документтери│
├──┼───────────────────────────┼───────────┼─────────────┼────────────┤
│2 │Калктуу конуштарда курулуш │2009-жылдын│Архкурулуш, │КРӨ токтомун│
│ │куруунун жана жерди │31-декабры-│Мамкаттоо │кабыл алуу │
│ │пайдалануунун типтүү │на чейин │ │ │
│ │эрежесин иштеп чыгуу жана │ │ │ │
│ │Кыргыз Республикасынын │ │ │ │
│ │Өкмөтүнө киргизүү │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼───────────┼─────────────┼────────────┤
│3 │Башкы пландарга ылайык │2010-жылдын│ОМА, │Магистралдык│
│ │магистралдык инженердик │30-июнуна │Архкурулуш, │инженердик │
│ │тармактарды жана жылуулук │чейин │Отунэнермин, │тармактарды │
│ │менен камсыздоо булактарын │ │Финмин │жана │
│ │өнүктүрүү схемаларын иштеп │ │ │жылуулук │
│ │чыгуу жана долбоорлоо │ │ │менен │
│ │ │ │ │камсыздоо │
│ │ │ │ │булактарын │
│ │ │ │ │өнүктүрүү │
│ │ │ │ │схемаларын │
│ │ │ │ │белгиленген │
│ │ │ │ │тартипте │
│ │ │ │ │бекитүү жана│
│ │ │ │ │долбоорлоо │
├──┼───────────────────────────┼───────────┼─────────────┼────────────┤
│4 │Инженердик инфраструктураны│2010-жылдын│Бишкек жана │КРӨ токтомун│
│ │курууну кошо каржылоо │30-июнуна │Ош │кабыл алуу │
│ │булагын аныктоочу Кыргыз │чейин │шаарларынын │ │
│ │Республикасынын нормативдик│ │мэриялары │ │
│ │укуктук актысын иштеп чыгуу│ │жана ОМА │ │
│ │жана Кыргыз Республикасынын│ │(макулдашуу │ │
│ │Өкмөтүнө киргизүү │ │боюнча), │ │
│ │ │ │ЖӨБУА │ │
│ │ │ │(макулдашуу │ │
│ │ │ │боюнча), │ │
│ │ │ │Отунэнермин, │ │
│ │ │ │Финмин, │ │
│ │ │ │Экономсоода- │ │
│ │ │ │мин │ │
├──┼───────────────────────────┼───────────┼─────────────┼────────────┤
│5 │Магистралдык инженердик │2010-жылдын│Отунэнермин, │КРӨ токтомун│
│ │тармактардын жана жылуулук │30-июнуна │Финмин, │кабыл алуу │
│ │менен камсыздоо │чейин │Архкурулуш │ │
│ │булактарынын схемаларын │ │ │ │
│ │иштеп чыгууну жана │ │ │ │
│ │долбоорлоону этаптуу │ │ │ │
│ │каржылоо боюнча конкреттүү │ │ │ │
│ │чараларды даярдоо │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼───────────┼─────────────┼────────────┤
│6 │Курулуш комплекстерин, анын│2010-жылдын│Отунэнермин, │КРӨ токтомун│
│ │ичинде турак жай │30-июнуна │Архкурулуш, │кабыл алуу │
│ │имараттарды жана │чейин │Курулушчулар │ │
│ │курулмаларды тургузууда │ │союзу │ │
│ │курулуш уюмдары үчүн │ │(макулдашуу │ │
│ │энергия үнөмдөө саясаты │ │боюнча), │ │
│ │боюнча чаралар комплексин │ │Экономсоода- │ │
│ │иштеп чыгуу: │ │мин │ │
│ │а) муздак жана ысык сууну │ │ │ │
│ │керектөө үчүн приборлорду, │ │ │ │
│ │жалпы үй үчүн жылуулук │ │ │ │
│ │эсептегичтерди, газ │ │ │ │
│ │эсептегичтерди милдеттүү │ │ │ │
│ │орнотууну караштыруу; │ │ │ │
│ │б) көп квартиралуу үйлөрдү │ │ │ │
│ │курууда энергиянын кайра │ │ │ │
│ │жаңыланчу булактарын │ │ │ │
│ │(ЭКЖБ), жылытуунун жана │ │ │ │
│ │жылуулук менен камсыздоонун│ │ │ │
│ │жеке системаларын │ │ │ │
│ │пайдалануу │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼───────────┼─────────────┼────────────┤
│7 │Уюмдардын жана ишканалардын│Жыл сайын │Миграциямам- │Кесиптер │
│ │курулуш жагындагы адистерге│1-декабрга │ком, │боюнча │
│ │жана жумушчу кадрларга │чейин │Архкурулуш, │кадрларды │
│ │муктаждыгын аныктоо │ │Кесиптехмам- │даярдоого │
│ │ │ │ком, │жыйынтык │
│ │ │ │Соода-өнөржай│өтүнмөлөр │
│ │ │ │палата │ │
│ │ │ │(макулдашуу │ │
│ │ │ │боюнча) │ │
├──┼───────────────────────────┼───────────┼─────────────┼────────────┤
│8 │Эмгек рыногунун реалдуу │2010-жылдын│Билиммин, │Мамлекеттик │
│ │талабын эске алуу менен │31-майына │Кесиптехмам- │органдардын │
│ │башталгыч, орто жана │чейин │ком, │тийиштүү │
│ │жогорку билим берүү │ │Миграциямам- │актылары │
│ │программаларына │ │ком, │ │
│ │өзгөртүүлөрдү киргизүү │ │Архкурулуш, │ │
│ │ │ │Соода-өнөржай│ │
│ │ │ │палата │ │
│ │ │ │(макулдашуу │ │
│ │ │ │боюнча) │ │
├──┼───────────────────────────┼───────────┼─────────────┼────────────┤
│9 │Адистерди жана жумушчу │Жыл сайын │Кесиптехмам- │КРӨ токтомун│
│ │кадрларды сапаттуу даярдоо │30-январга │ком, │кабыл алуу │
│ │жана кайрадан даярдоо үчүн │чейин │Билиммин, │ │
│ │курулуш жагындагы билим │ │Финмин, │ │
│ │берүүчү уюмдарды каржылоо │ │Архкурулуш, │ │
│ │механизмин өркүндөтүү │ │Экономсоода- │ │
│ │(жыл сайынкы негизде) │ │мин │ │
├──┼───────────────────────────┼───────────┼─────────────┼────────────┤
│10│Курулуш жагындагы окуу │2009- │Билиммин, │Мамлекеттик │
│ │жайлардын учурдагы │2010-жж. │Кесиптехмам- │органдардын │
│ │материалдык-техникалык │ │ком, Финмин, │тийиштүү │
│ │базасын өнүктүрүү жана │ │Архкурулуш │актылары │
│ │жаңыртып жабдуу │ │ │ │
├──┼───────────────────────────┼───────────┼─────────────┼────────────┤
│11│Адистерди жана жумушчу │2009- │Экономсоода- │Келишимдер, │
│ │кадрларды өндүрүштөн │2010-жж. │мин, │макулдашуу- │
│ │ажыратпастан даярдоонун │ │Архкурулуш, │лар │
│ │жана кайра даярдоонун │ │Билиммин, │ │
│ │механизмдерин иштеп чыгуу │ │Кесиптехмам- │ │
│ │жана киргизүү │ │ком, │ │
│ │ │ │Соода-өнөржай│ │
│ │ │ │палата │ │
│ │ │ │(макулдашуу │ │
│ │ │ │боюнча) │ │
└──┴───────────────────────────┴───────────┴─────────────┴────────────┘