Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 6-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ жарандар Болот Овматович Раяпов жана Муратбек Аланович Асановдун өтүнүчтѳрү боюнча
2014-жылдын 5-марты № 18-р
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: тѳрагалык кылуучу – судья М.Ш. Касымалиев, судьялар – Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, Дж.М. Макешов, Э.Т. Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, К.С. Сооронкулованын курамында,
сот жыйналышынын катчысы М.Э. Толобалдиевдин, кайрылуучу тараптар – Болот Овматович Раяпов, Мурат Аланович Асанов жана ишеним каттын негизинде аракеттенген М.А. Асановдун ѳкүлү Марат Асанбекович Асыранкулов,
жоопкер-тарап: ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин өкүлү Мирбек Исамаматович Арзиевдин катышуулары менен, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзамдын 18-беренесинин 1-бѳлүгүн, 24-беренесин жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 6-бөлүгүнүн конституциялуулугун аныктоо боюнча суроо-талаптарынын негизинде козголгон, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясынын 2014-жылдын 21-февралында кабыл алган аныктамасы менен бир конституциялык ѳндүрүшкѳ бириктирилген конституциялык ѳндүрүштѳгү иш каралды.
Ушул ишти кароонун себеби болуп Болот Овматович Раяпов жана Муратбек Аланович Асановдун өтүнүчтѳрү эсептелинет.
Өтүнүчтѳрдү кароонун негизи «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 26-беренесинин 6-бөлүгүнүн Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу эсептелет.
Судья-баяндамачы Ч.О. Осмонованын баяндамасын жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2013-жылдын 20-августунда жаран Б.О. Раяповдун «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 26-беренесинин 6-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктѳрүнө, 20-беренесинин 2- бөлүгүнѳ, 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык эмес деп табуу жөнүндө өтүнүч келип түшкөн.
Өтүнүчтү негиздөө ирээтинде төмөнкү жүйөөлөр келтирилген.
2009-жылдын 12-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеӊеши (мындан ары - Судьялар кеӊеши) «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 29-беренесинин 1-бөлүгүнө, 28-беренесинин 2-бөлүгүнө, 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык жеке жактардын даттануусунун негизинде козголгон тартип өндүрүштү кароонун натыйжасы боюнча, Судьялар кеӊеши Талас областтык сотунун төрагасынын орун басары Б.О. Раяповго ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жѳнүндѳгү тартиптик жаза чарасын колдонуу чечим кабыл алган.
Кыргыз Республикасынын Президенти Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, 2010-жылдын 10-февралындагы № 41 Б.О. Раяповду ээлеген жергиликтүү сотунун судьясы деген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндөгү Жарлыгына кол койгон.
2012-жылдын 6-июлунда, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин 9-бөлүгүнүнүн 2-пунктундагы белгинилген кынтыксыз эмес жүрүм-турумуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын судьялык кызмат ордунан мурда бошотулган адамдар Жогорку сотко судья боло алышпайт деген ченемине ылайык, Судьяларды тандоо боюнча кеңеш Б.О. Раяповду Жогорку соттун судья кызматына конкурстук тандоого катышууга киргизилбестиги жөнүндө чечим чыгарган.
Арыз берүүчүнүн пикири боюнча, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын талаш болуп жаткан ченеми Конституцияда каралган соттук коргонуу укугун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып, ушуну менен соттук коргонуу укугуна эч кандай чектөө коюлууга тийиш эмес деген конституциялык жобосун бузат (20-берененин 5-бөлүгүнүн 8-пункту).
Кайрылуучу тарап «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын талашылып жаткан ченеми ошондой эле адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык (Конституциянын 16-берененин 1-бөлүгү), Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктары менен эркиндиктерин урматтайт жана камсыз кылат (Конституциянын 16-бересинин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы), Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей (Конституциянын 16-берененин 3-бөлүгү) деген ченемдерине ылайык келбейт жана адамдын, жарандын укуктарын, эркиндиктерин чектеген мыйзамдык актыларды кабыл алуу конституциялык тыюуга карама-каршы келет деп эсептейт.
Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2013-жылдын 9-сентябрындагы аныктамасы менен арыз берүүчүнүн өтүнүчү ѳндүрүшкө кабыл алынган.
2014-жылдын 13-январында Конституциялык палатанын ѳндүрүшүнѳ жаран М.А. Асановдун кайрылуусу келип түшкѳн. Кайрылууда М.А. Асанов, ал Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын аткарып жаткан, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судья кызматынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 6-ноябрындагы №214 Жарлыгы менен мѳѳнѳтүнѳн мурда бошотулгандыгын билдирет. Мындай Жарлыкты кабыл алууга, М.А. Асановдун Бишкек шаарынын Свердлов районунун соту менен эки жолу соттолгондугу тууралуу бурмаланган ѳкүмдѳрдүн кѳчүрмѳлѳрүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2013-жылдын 31-октябрында кабыл алган чечими себеп болгон. М.А. Асанов кайрылуусунда, Кыргыз Республикасынын судья кызматынан мѳѳнѳтүнѳн мурда бошотуу жѳнүндѳгү чечимге даттанууга тыюу салган Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жѳнүндѳ” конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 6-бѳлүгү Конституцияга ылайык келбейт деген пикирин кѳрсѳткѳн. Себеби, Конституциянын 20-беренесинин 1-бѳлүгү менен Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек, ал эми 40-беренесинин 2-бѳлүгү менен ар ким ѳз укугун жана эркиндигин мыйзам менен тыюу салынбаган бардык ыкмалар менен коргоого укуктуу деп белгиленген. Ошондой эле Конституциянын 6-беренесинин 1-жана 2-бѳлүктѳрү менен Конституция эң жогорку юридикалык күчкѳ ээ жана түздѳн-түз колдонулары, Конституциянын негизинде конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынары аныкталган, ошондуктан «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 26-беренесинин 6-бөлүгүн Конституциянын 6-беренесинин 1, 2-бѳлүктѳрүнѳ, 20-беренесининин 1-бѳлүгүнѳ, 40-беренесинин 2- бѳлүгүнѳ карама каршы келет деп табууну сурайт.
Көрсөтүлгөн суроо-талаптардын бир түрдүүлүгүн эске алып, Конституциялык палатанын судьясы Ч.О. Осмонованын 2014-жылынын 21-февралында, “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конституциялык палатасы жѳнүндѳ” конституциялык Мыйзамынын 30-беренесине ылайык чыгарган аныктамасы менен жогоруда көрсөтүлгөн суроо-талаптар боюнча козголгон өндүрүштөрү бир конституциялык өндүрүшкө бириктирилген.
Арыз берүүчүүлѳр Б.О. Раяпов, М.А.Асанов жана анын ѳкүлү М.А. Асыранкулов сот жыйналышында ѳздѳрүнүн кайрылууларын колдошуп, аларды канааттандырууну ѳтүнүшѳт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү М.И. Арзиев «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдын 26-беренесинин 6-бөлүгү Конституцияга карама-каршы келет дегенге толугу менен макул эместигин билдирди.
Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянактарга келди:
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-бересинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, ушул иш боюнча Конституциялык палатанын кароосунун предмети болуп, төмөнкү мазмундагы «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 26-беренесинин 6-бөлүгү каралат: «Кыргыз Республикасынын судьясын ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун деген чечим даттанылууга жатпайт.».
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамы мыйзамдарда бекитилген тартипке ылайык кабыл алынган, 2008-жылдын 15-июлундагы № 51 «Эркин Тоо» газетасында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы мыйзам болуп эсептелет.
2. Конституция эӊ жогорку юридикалык күчкѳ ээ жана ал Кыргыз Республикасында түздѳн-түз колдонулат (6-берененин 1-бѳлүгү).
Конституция, укуктук мамлекет принцибин ишке ашыруу менен, ар кимге анын Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган укуктары менен эркиндигин соттук коргоо укугун кепилдейт (40-берененин 1-бѳлүгү). Ушул Конституцияда белгиленген соттук коргонуу укугу эч чектелүүгѳ тийиш эмес (20-берененин 5-бѳлүгүнүн 8-пункту).
Конституцияда кѳрсѳтүлгѳн соттук коргонуу укугу, ар бир адам конституциядагы же мыйзамдагы анын негизги укуктары бузулган учурда, компетенттүү улуттук соттор аркылуу укуктарын толук калыбына келтирүүгѳ акылуу экендигин белгилейт. Бул конституциялык жоболор Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 8-беренеси менен ѳз ара катышта турат. Адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого багытталган Адам укуктарынын жалпы декларациясынын ченемдери андан ары Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактта (мындан ары - Пакт). Кыргыз Республикаcы бул Пактка Кыргыз Республикаcынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 12-январындагы N 1406-XII токтому менен кошулган жана Кѳз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин адамдын укуктары жана негизги эркиндиктери жѳнүндѳ Конвенциясында (мындан ары - Конвенция) орун алышкан. Кыргыз Республикасы Конвенцияны Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 1-августундагы №182 мыйзамы менен ратификациялаган. Аталган Пакттын 2-беренесинин 3-пунктунун «а» пунктчасында, Пактта таанылган укуктары бузулган учурда, мамлекет ар бир адамды, укукту жана эркиндиктерди коргоонун эффективдүү куралдары менен камсыздоого милдеттүү деп бекитилген, ал эми Конвенциянын 6-беренесинин 1-бѳлүгүндѳ сот алдында баардыгы бирдей, жана кайсы гана болбосун ишти кароодо ар бир адам акылга сыяр мѳѳнѳттүн ичинде кѳз карандысыз жана калыс сот аркылуу адилет жана коомдук териштирүүгѳ укуктуу деп белгиленген.
Ошондой эле, Бириккен Улуттар Уюмунун (мындан ары БУУ) Башкы Ассамблеясы 1985-жылдын 29-ноябрындагы 40/32 резолюциясы менен кылмыштуулукту алдын алуу жана укук бузуулар менен кайрылуу боюнча БУУнун жетинчи Конгресси тарабынан кабыл алынган «Сот органдарынын кѳз карандысыздыгына тиешелүү негизги принциптер» жактырылган.
Ошентип, Кыргыз Республикасы ар бир адамдын соттук коргонууга болгон укугун бекиткендигин Конституцияда гана эмес, Пактка жана Конвенцияга кошулуу, кол коюу жана ратификациялоо аркылуу тастыктады, ошондой эле БУУнун мүчѳсү болуп, Сот органдарынын кѳз карандысыздыгына тиешелүү негизги принциптерди сактоо милдетин ѳзүнѳ алган.
Конституциянын 6-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ ылайык, адамдын укуктары боюнча эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык гана бѳлүгү болбостон, мындай келишимдер түздѳн-түз колдонулат жана башка эл аралык келишимдердин ченемдерине караганда артыкчылыкка ээ.
3. Конституция (95-беренесинин 1-бѳлүгү) Кыргыз Республикасынын баардык сотторунун судьялары жүрүм-туруму кынтыксыз болуп турганга чейин ѳзүлѳрүнүн кызматтарын ээлешет жана ыйгарым укуктарын сакташат деп аныктайт. Судья жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузган учурда, конституциялык мыйзам менен аныкталган тартипте жоопкерчиликке тартылыт.
Судьянын статусу эң биринчиден, судьянын ѳзүнүн бардык ыйгарым укуктарын мыйзамдуу, так жана туура аткаруусу менен аныкталат жана судьяны бул аракеттерге аны кызмат орунуна шайлаган учурда, салтанаттуу түрдѳ берген анты дагы милдеттендирет.
Ант берүү судьяга ѳзгѳчѳ конституциялык-укуктук статусту ыйгарат. Мындай статус, судьянын мыйзам менен бекитилген талаптарды кармоосуна жана ага жүктѳлгѳн чектѳѳлѳрдү сактоосуна даяр экендигин билдирет, башкача айтканда, судья кесиптик билиминин жана ички ишениминин негизинде гана кѳз карандысыз жана калыстык менен сот адилеттигин жүргүзүүгѳ милдеттенет.
Судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу, судьянын атайын (конституциялык-укуктук) статусу менен шартталган ѳзгѳчѳлүккѳ ээ. Бирок ал ѳз учурунда, кѳзѳмѳлсүздүк жана жоопкерчиликсизди түшүндүрбѳгѳн судьянын кѳз карандысыздыгы менен коом алдындагы милдеттеринин ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылып турат.
«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, судьяны тартиптик жорук жасагандыгы үчүн тартип жоопкерчилигине тартуу, судьяга карата эскертүү, сѳгүш жарыялоо же ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндѳгү тартиптик жаза чараларын колдонууну алып келет (28-берененин 2-бѳлүгү). Ошону менен, тартиптик жорук жасагандыгы үчүн кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу, судьялар тараптан кынтыксыз жүрүм-туруму жөнүндө талаптарды орой бузгандыгы үчүн тартиптик таасир этүүнүн катуу чарасы катары колдонулат (28-берененин 5-бѳлүгү).
4. «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзам соттун ишине кийлигишүүгө тыюу салуу менен судьянын алмашылбастыгы жана кол тийбестиги аркылуу судьялардын кѳз карандысыздыгынын кепилдиктерин орнотот жана камсыз кылат (11-берененин 1-бѳлүгү). Бирок, бул кепилдиктер абсолюттук мүнѳзгѳ ээ эмес жана судьяны тартиптик жоопкерчиликке тартуу мүмкүнчүлүгүн четке какпайт, себеби анын ичинде Судьялар кеңешинин чечими менен ырасталган жүрүм-турумунун кынтыксыздыгы жана судьянын бийик наамына коошпогон тартиптик жорук жасаганда судья ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулат деген талап камтылган (26-берененин 2-бѳлүгүнүн 8-пункту).
Судьяга ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндѳгү тартиптик жаза чараларын колдонуу, бир жагынан судьянын кѳз карандысыздыгы, кол тийбестиги жана экинчи жагынан соттук бийликтин коомдун алдындагы жоопкерчилиги ортосундагы теӊ салмактуулукту эске алуу менен ѳлчѳмдѳштүк принцибинин негизинде ишке ашырылууга тийиш. Бул принциптен четке чыгуу сот адилеттигин ишке ашырууда соттор тарабынан ѳз алдынча жана теӊ салмактуу чечим кабыл алууга тоскоол кылышы мүмкүн.
Судьянын жүрүм-турумун кесипкѳй судьялардан турган судьялар коомчулугунун органы баалайт. Бул орган бир тараптан сот бийлигинин беделин бекемдеп, Судьянын абийир кодекси менен коюлган талаптарды судьялар тараптан аткарылышын камсыздаса, экинчи тараптан судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргойт.
Ошого байланыштуу, судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жѳнүндѳ чечим Соттор кеӊешинин чечим чыгаруудагы объективдүүлүгүн жана калыстыгын баалоо үчүн кѳз карандысыз текшерүүнүн предмети болушу керек. Демек, Судьялар кеӊешинин ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жѳнүндѳ чечимин негизсиз деп эсептеген судья, ѳзүнүн соттук коргонуу укугун ишке ашыруу менен бул чечимди соттук тартипте талашуу мүмкүнчүлүгү болушу керек. Мындай укук «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзамдын 5-2 беренесинин 2-бѳлүгүнүн мазмунунан дагы келип чыгат.
Ошондуктан, мыйзам чыгаруучуга Жогорку соттун, ошондой эле жергиликтүү соттордун судьяларына Кыргыз Республикасынын Судьялар кеӊешинин судьяны кызмат ордунан алуу жѳнүндѳ чечимине мыйзамдуу тартипте даттанууга юридикалык мүмкүнчүлүк караштыруу зарыл. Мындай мүмкүнчүлүк Кыргыз Республикасынын Судьялар кеӊеши тарабынан чечим чыгарылгандан тартып, анын негизинде Кыргыз Республикасынын Президенттине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жибергенге чейинки аралыкта берилиши тийиш.
5. Конституцияга ылайык, адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык жана эӊ жогорку баалулук болуп эсептелет. Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган, бардык адамдардын укуктары менен эркиндиктерин урматтайт жана мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдейликтин негизинде камсыз кылат (16-берене).
Соттук коргонуу болсо, Конституциялык палатанын мурда билдирилген укуктук позициясы боюнча, баардык башка конституциялык укуктарды жана эркиндиктерди камсыз кылуу жана калыбына келтирүү функциясын аткарган, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин мамлекеттик коргоонун универсалдуу укуктук чарасы болуп эсептелет (2013-жылдын 27-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча чечим).
Демек, соттук коргонуу укугу ар бир инсандын укугу болуп эсептелет. Ал эми мамлекет болсо, мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей болгондугунун негизинде, Конституция жана эл-аралык келишимдер менен белгиленген бузулуп жаткан укуктарды калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган соттук коргонуу укугун урматтап, аны ар бир адамга ошондой эле судьяларга карата камсыз кылышы зарыл.
Ушуга байланыштуу, судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндөгү Судьялар кеӊешинин чечими, судьянын ошондой чечимди соттук тартибинде даттануу укугун чектебеши керек.
6. «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бѳлүгүнѳ ылайык, Жогорку жана жергиликтүү соттордун судьяларын мѳѳнѳтүнѳн мурда бошотуу жѳнүндѳгү чечим Президент, Жогорку Кеңеш тарабынан Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде кабыл алынат. Мындай учурларда Президент жана Жогорку Кеңеш тарабынан судьяны мѳѳнѳтүнѳн мурда бошотуу жѳнүндѳгү чечими акыркы чечим катары кабыл алынышы, Судьялар кеӊешинин чечимине толук ишеним кѳрсѳткѳндүгү катары эсептѳѳгѳ болот.
Жогорку жана жергиликтүү соттордун судьяларын мѳѳнѳтүнѳн мурда бошотуу жѳнүндѳгү чечимди соттук же башка тартипте даттануу мүмкүнчүлүгү «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 26-беренесинин 6-бөлүгү тарабынан таанылбайт.
Жогоруда белгилегендей, Президент, Жогорку Кеңеш Жогорку жана жергиликтүү соттордун судьясын мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндөгү чечимдер Конституция менен бекитилген тартибине ылайык чыгарылат жана мыйзамдык акт катары судьянын соттук коргонуу укугун чектебейт. Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 6-бөлүгү Конституциянын 6-беренесинин 1, 2-бѳлүктѳрүнѳ, 16-беренесинин 1, 2, 3-бѳлүктѳрүнѳ, 20-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 40-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ карама-каршы келбейт.
Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
1. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 26-беренесинин 6-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 1, 2-бѳлүктѳрүнѳ, 16-беренесинин 1, 2, 3-бѳлүктѳрүнѳ, 20-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 40-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ карама-каршы келбейт деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ушул чечимдин негизинде тийиштүү ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүүгѳ милдеттендирилсин.
3. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт. Бардык мамлекеттик органдар, юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына» жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
.