Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-январы № 56
Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан Кепилдик милдеттенмени берүү жана толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык, 2004-жылдын 26-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Товарларды Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу автомобиль унаасы менен транзиттик ташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан Кепилдик милдеттенмени берүү жана толтуруу тартиби жөнүндө нускама бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып бир жумалык мөөнөттө Кепилдик милдеттенменин үлгүсүн Казакстан Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жөнөтсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-январындагы № 56 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
1. Бул Нускама Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан Кепилдик милдеттенмени толтуруу жана берүү тартибин аныктайт.
2. Кепилдик милдеттенме – бул 2004-жылдын 26-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Товарларды Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу автомобиль унаасы менен транзиттик ташуу жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) ылайык товарларды бажы контролунан өткөрүүдө алар белгиленген бажы органына жеткирилбеген учурда бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөөнү камсыздоону ырастаган, бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөөнү камсыздоо жөнүндө документти кабыл алган Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан берилүүчү документ.
3. Бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөөнү камсыздоо Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 253-беренесинде аталган ыкмалар менен жүргүзүлөт.
Бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөөнү камсыз кылуу катары банктын кепилдиги кабыл алынган учурда мындай кепилдиктин колдонуу мөөнөтү товарларды Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу автомобиль унаасы менен транзиттик өткөрүүнүн бардык мезгилине белгилениши зарыл, ал аралыкта бажы органдары декларанттын бажы органдарынын алдында өзүнүн милдеттенмелерин аткарбаган учурда банктан акча каражатынын суммаларын төлөөнү талап кылууга укуктуу.
4. Казакстан Республикасында төлөнө турган бажы төлөмдөрүн жана салыктарды эсептөө үчүн өткөрүлүп жаткан товардын билдирилген наркынын тактыгына жоопкерчилик декларантка жүктөлөт.
5. Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөөнү камсыздоо жөнүндө документти кабыл алуусу үчүн тийиштүү бажы төлөмдөрүн жана салыктарды эсептөө Казакстан Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
2. Кепилдик милдеттенмени берүү
6. Кепилдик милдеттенмени алуу үчүн декларант бажы органына төмөнкүлөрдү берет:
- кепилдик милдеттенмени түзүү үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 “Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана унаа каражаттарын бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо боюнча нускамада аныкталган, өткөрүлүп жаткан товарлар жана унаа каражаттары жөнүндө маалыматтар жана документтер көрсөтүлгөн арызды;
- бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөөнү камсыздоо жөнүндө документти.
7. Бажы органы арызды жана бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыздоо жөнүндө документти кабыл алган жана каттоодон өткөргөн күндөн тартып эки иш күнүнөн кечиктирилбеген мөөнөттө аларды текшерет жана кепилдик милдеттенмени 3 нускада ушул Нускаманын 3-главасында көрсөтүлгөн тартипке ылайык бул Нускаманын тиркемесинде келтирилген формада толтурат.
Кепилдик милдеттенменин 1-нускасы Казакстан Республикасына киргенде бажы органына берүү үчүн декларантка берилет.
2-нускасы Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу өтүү үчүн декларантка берилет.
3-нускасы – кепилдик милдеттенмени берген Кыргыз Республикасынын бажы органында калат, анын арткы бетинде бажы органынын кызмат адамы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөр жөнүндө жазуу жазылып, аты-жөнү жана кызмат ордун көрсөтүү менен өздүк номерлүү мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлөт.
8. Кепилдик милдеттенмеге Кыргыз Республикасынын бажы органынын начальнигинин же анын милдетин аткарган адамдын колу коюлат жана кепилдик милдеттенмени берген бажы органынын герб түшүрүлгөн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
9. Кыргыз Республикасынын бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы кол тамгалардын жана мөөрлөрдүн үлгүлөрүн Казакстан Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жөнөтөт.
3. Кепилдик милдеттенмени толтуруу тартиби
10. 1-графада каттоо номери жана Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан кепилдик милдеттенме берилген күнү төмөнкү схема боюнча жазылат: 111111/22 33 4444/5555, мында:
111111 – бажынын 6 орундуу санариптик коду;
22 33 4444 – кепилдик милдеттенме катталган күн, ай жана жыл;
5555 – тийиштүү бажы органы тарабынан каттала турган кепилдик милдеттенменин катар номери (жыл сайын улануучу, жыл аяктаганда номер коюу кайрадан башталат). Кепилдик милдеттенменин катар номери кайталанбашы керек.
11. 2-графада юридикалык жактын аталышы жана дареги же финансылык жөнгө салууга жооптуу жактын аты-жөнү, дареги жана өздүгүн ырастаган документтеги маалыматтар, ишеним каттын номери жана күнү көрсөтүлөт.
12. 3-графада товар жөнөтүүчү жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт: юридикалык жактын аталышы жана дареги же жеке адамдын аты-жөнү, дареги жана өздүгүн ырастаган документтеги маалыматтар, жөнөтүүчүнүн өлкөсү.
13. 4-графада бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөөнү камсыздоо ыкмасы, ошондой эле бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөөнү камсыздоону ырастаган документтин номери жана берилген күнү көрсөтүлөт.
14. 5-графада товар алуучу жөнүндө маалыматтар, тышкы экономикалык иштин субъектисинин аталышы жана дареги же жеке адамдын аты-жөнү жана дареги көрсөтүлөт.
15. 6-графада унаа каражатынын түрү, товарлар ташылган унаа каражатынын документинин номери, унаа каражатынын мамлекеттик каттоо номери, жүк ташуучу жөнүндө маалыматтар (аты-жөнү, паспорт №, ким тарабынан берилгени), чиркелгичтин мамлекеттик номери, контейнердин каттоо номери көрсөтүлөт.
16. 7-графада өткөрүлүп жаткан товарга тийиштүү бажы төлөмдөрүн жана салыктарды камсыздоо суммасы Казакстан Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык АКШ долларында көрсөтүлөт.
Графанын төмөн бөлүгүндө кепилдик милдеттенме катталган күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча АКШ долларына карата сомдун курсу көрсөтүлөт.
17. 8-графада товарлардын аталышы, маркалоо, орундардын саны Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына (мындан ары - ТЭИ ТН) ылайык көрсөтүлөт.
18. 9-графада декларацияланып жаткан товардын коду ТЭИ ТНге ылайык көрсөтүлөт.
Товарлардын бир нече аталышы толтурулган учурда бардык товарлардын ТЭИ ТН коду көрсөтүлөт.
19. 10-графада сатып алуу-сатуу келишиминин номери жана күнү (эгер бар болсо), эсеп-фактурасынын (инфойстун) күнү, номери жана бажы максаттары үчүн башка зарыл маалыматтар көрсөтүлөт.
20. 11-графада товарлардын жалпы таңгакталган салмагы килограмм менен көрсөтүлөт. Жалпы салмагы бир килограммдан ашык товарларга карата салмак жакынкы бүтүн чоңдукка чейин тегеректелет.
21. 12-графада товардын таза салмагы таңгаксыз килограмм менен көрсөтүлөт. Салмагы бир килограммдан ашык товарларга карата салмак жакынкы бүтүн чоңдукка чейин тегеректелет.
22. 13-графада декларацияланып жаткан товарлардын партиясынын фактуралык наркы келишимдин (контракттын) валютасында көрсөтүлөт.
Эгер фактуралык нарк бөлчөк бирдиктерден турса, ал жакынкы бүтүн чоңдукка чейин тегеректелет.
23. 14-графада товарларды белгиленген жерге чейин жеткирүүгө кеткен кошумча киргизилбеген чыгымдарды кошуу менен фактуралык наркы боюнча келтирилген, декларацияланып жаткан товарлардын статистикалык наркы АКШ долларында көрсөтүлөт.
24. 15-графада Казакстан Республикасынын бажы аймагына кирүүдө Казакстан Республикасынын бажы чек арасындагы өткөрмө пунктунда жайгашкан Казакстан Республикасынын бажы органы көрсөтүлөт.
25. 16-графада Казакстан Республикасынын бажы аймагынан чыгууда Казакстан Республикасынын бажы чек арасындагы өткөрмө пунктунда жайгашкан Казакстан Республикасынын бажы органы көрсөтүлөт.
26. 17-графада кепилдик милдеттенмени берген Кыргыз Республикасынын бажы органы көрсөтүлөт.
Графанын төмөн бөлүгүндө бажы органынын начальнигинин же анын милдетин аткарган жактын аты-жөнү жана колу көрсөтүлөт.
27. 18-графада кепилдик милдеттенмени берген бажы органынын герб түшүрүлгөн мөөрү коюлат.
| Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан Кепилдик милдеттенмени берүү жана толтуруу тартиби жөнүндө нускамага тиркеме |
Кепилдик милдеттенменин каттоо номери______________________
20__ ж. «__» ______________________
| 2. Ыйгарым укуктуу жак, декларант: | |
3. Жөнөтүүчү: | 4. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыздоо ыкмасы
____________________________________________ 20___ж. «___» ___________________ №______
| |
5. Алуучу:
| 6. Унаа каражатынын түрү:
Унаа каражатынын документинин №:
Унаа каражатынын каттоо №:
Ташуучу (аты-жөнү, паспортунун №, ким тарабынан берилген):
Чиркелгич/контейнер: | |
7. Камсыз кылуунун суммасы АКШ долларында
валюта курсу | ||
8. Товардын сүрөттөлүшү, маркалоо, орундардын саны: | 9. Товардын коду | |
10. Кошумча маалымат/берилүүчү документтер
| 11. Брутто салмагы, кг | 12. Нетто салмагы, кг |
13. Товардын фактуралык наркы | 14. Товардын статистикалык наркы | |
15. Казакстан Республикасына кирүүдөгү бажы органы | 16. Казакстан Республикасынан чыгуудагы бажы органы | |
17. Кепилдик милдеттенме берген Кыргыз Республикасынын бажы органы
____________________________________ Бажы органынын начальнигинин аты-жөнү жана колу | 18.
Бажы органынын М.О. | |