Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-августундагы № 475
“Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 92 918 123,7 миң сом жана сарптоолор боюнча 110 842 508,1 миң сом суммасында (операциялык сарптоолор 81 697 138,7 миң сом суммасында, финансылык эмес активдер 29 145 369,4 миң сом суммасында) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 17 924 384,4 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгын жабууга тышкы жана ички каржылоо булактарынан 17 924 384,4 миң сом суммасында каражат 1-тиркемеге ылайык багытталсын.
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2014-2015-жылдарга бириктирилген бюджетинин болжолу 2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2015-2016-жылдарга республикалык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын:
1) 2015-жылга кирешелер боюнча болжол – 100 757 151,0 миң сом суммасында (өнүктүрүү бюджетинин алкагында 5 866 667,7 миң сом суммасында гранттык каражаттарды кошкондо), 2016-жылга – 110 750 694,5 миң сом суммасында (өнүктүрүү бюджетинин алкагында 4 925 643,1 миң сом суммасында гранттык каражаттарды кошкондо);
2) 2015-жылга сарптоолор боюнча болжол – 118 259 613,8 миң сом, 2016-жылга – 125 998 005,7 миң сом суммасында;
3) Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын болжолу – 17 502 462,8 миң сом суммасында, 2016-жылга – 15 247 311,2 миң сом суммасында.
3. Кыргыз Республикасынын 2015-2016-жылдарга республикалык бюджетинин жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алганда такталууга тийиш.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджетинин киреше бөлүгү жана 2015-2016-жылдарга болжолу 3- жана 6-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджетинен сарптоолорду каржылоого каражаттар жана 2015-2016-жылдарга болжол 4, 4-1, 4-2, 4-3, 4-4, 5-тиркемелерге ылайык белгиленсин.
5-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2014-жылга өнүктүрүү бюджетинин сарптоолору жана 2015-2016-жылдарга болжолу 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.
2014-жылга өнүктүрүү бюджетин каржылоо үчүн каражаттар республикада төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
1) ички булактардан – 3 350 000,0 миң сом, анын ичинде: МИПти кошо каржылоо 950 000,0 миң сом суммасында, капиталдык салымдар 2 000 000,0 миң сом суммасында, дем берүүчү (үлүштүк) гранттар 400 000,0 миң сом суммасында;
2) тышкы булактардан: МИП кредиттери – 16 364 002,1 миң сом, гранттык каражаттар – 4 983 194,7 миң сом.
2. Капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2 000 000,0 миң сом суммасында бекитилсин жана алар 2013-жылга бекитилген тизмедеги курулуш объектилерин аяктоого багытталсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун дотациялык органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыгы белгиленсин.
6-берене.
1. Сарптоолорду каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпулдар, социалдык жөлөкпулдар, стипендиялар жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелер боюнча жүргүзүлөт.
2. Сарптоолордун корголгон беренелери бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош орундарга жана ченемдик-укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн.
3. Сарптоолордун корголгон беренелерин каржылоо үчүн жоопкерчилик министрликтерге, административдик ведомстволорго жана башка мамлекеттик органдарга жүктөлөт.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2014-2016-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин сарптоолорун каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызматтар боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
7-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) эгерде бул Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген сумманын чегинде, ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
2) тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынуучу ченемдик-укуктук актылардан, ошондой эле өндүрүш көлөмдөрүнүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн), баалардын деңгээлинин өзгөрүшүнөн, түзүмдүк өзгөртүүлөрдөн келип чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери менен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин өз ара эсептерине тактоо киргизүүгө.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана тактоолор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралгандан жана кабыл алынгандан кийин аткарылат. Зарыл болгондо бул өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча тиешелүү түзөтүүлөр жөнүндө Мыйзам кабыл алынганга чейин аткарылышы мүмкүн.
8-берене.
2014-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 150 000,0 миң сом суммасында белгиленсин.
9-берене.
Мурда облустардын бюджетинде турган мекемелерди 2014-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен жалпы 174 784,2 миң сом суммасында каржылоо 8-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
Мурда облустардын бюджетинде турган мекемелерди 2015-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоонун суммасынын болжолу 8-1, 8-2-тиркемелерине ылайык жактырылсын.
10-берене.
1. 2014-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
1) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан, шаарлар менен айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн сатуудан түшкөн салыктан - 50 пайыз өлчөмүндө;
2) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан, милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салыктан, бирдиктүү салыктын негизинде түшүүлөрдөн - шаарлар менен айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө;
3) иштетилген жери (жайгашкан жери) боюнча тиешелүү бюджеттерге жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтынды, нефтини, газды кошпогондо, роялти) шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттерине - 50 пайыз өлчөмүндө;
4) өндүрүлгөн, анын ичинде шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттерине мамлекеттик органдар салган, административдик айыптардын суммасынан 50 пайыз өлчөмүндө, буга төмөнкүлөр кирбейт:
– жол кыймылынын коопсуздугунун жана унаа каражаттарын пайдалануунун эрежелерин бузган административдик укук бузуулар болгондо өндүрүлүүчү административдик айыптардын суммасы;
– бажы органдары өндүрүүчү административдик айыптардын суммасы;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары салган административдик укук бузуулар үчүн айыптардын суммасы.
2. Салыктын ар бир түрү боюнча пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдеринин чектеринде ашыра аткаруу болжолдору болгондо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда жалпы мамлекеттик салыктардын суммаларын бөлүштүрүү белгиленсин.
3. Жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес жыйымдардан түшкөн жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдердеги бюджеттерге алынууга жатпайт.
11-берене.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2014-жылы бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин жергиликтүү бюджеттерден Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине кайтарылышын 9-тиркемеге ылайык жалпы 71 398,9 миң сом, 2015-жылы – 71 229,3 миң сом, 2016-жылы – 54 095,9 миң сом суммасында камсыз кылсын.
12-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңөөчү гранттардын өлчөмү кирешелерди теңдештирүү үчүн 10-тиркемеге ылайык сарптоолордун жалпы 696 046,5 миң сом суммасында бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2015-2016-жылдарга республикалык бюджетинен теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүнүн болжолу 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн 2014-2016-жылдарга теңөөчү гранттарды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүргүзүлсүн.
4. Жергиликтүү бюджеттердин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоону толук камсыздоо үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тартат.
5. Жергиликтүү бюджеттердин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоо дотациялуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча гана жүргүзүлсүн.
13-берене.
Минималдык эмгек акынын өлчөмү 2014-жылга - 900,0 сом, 2015-жылга – 970,0 сом, 2016-жылга – 1060,0 сом суммасында белгиленсин.
14-берене.
1. Бюджеттик мекемелер, чарбакер субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган республикалык бюджеттин каражаттары тиешелүү бюджетке өндүрүп алынууга тийиш.
Кайтарып берүү негизинде берилген бюджеттик каражаттарды өз убагында кайтарбоо, ошондой эле аларды пайдаланганы үчүн пайыздарды төлөөнүн мөөнөтүн өткөрүп жиберүү мамлекеттик колдоонун бардык түрлөрүн кыскартууга же токтотууга жана ушул Мыйзамдын беренелерин аткарбаганы үчүн кызмат адамдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга негиз катары кызмат кылат.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдө жайгашкан мекемелерин кошпогондо, бюджеттик мекемелерге казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынат.
15-берене.
Коомдук уюмдардын, чыгармачыл бирликтердин, өздүк көркөм чыгармачыл жамааттардын сарптоолорун каржылоого ушул бюджетте көрсөтүлгөн алкактарда жол берилет.
16-берене.
Үстүдөгү жылы кошумча финансы ресурстарын талап кылган, кабыл алынган мыйзамдык жана ченемдик укуктук актылар боюнча сарптоолор кийинки жылдын бюджетинде каралаары белгиленсин.
17-берене.
Сот органдарынын чечимдери боюнча жеке жактарга аткаруу барагы боюнча төлөмдөр тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
18-берене.
Сынамык министрликтердин жана административдик ведомстволордун 2014-2016-жылдарга программалык бюджети 11-тиркемеге ылайык жактырылсын.
19-берене.
Бул Мыйзам 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |
“Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 2014-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоору даярдалды. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 20-июнундагы № 3313-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2014-жылга бюджеттик резолюциясы жана 2015-2016-жылдарга болжолу менен аныкталган негизги артыкчылыктарды жана багыттарды эсепке алуу менен иштелип чыкты.
Эсептөө негизине бюджеттин долбоорунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин 2013-жылдын 29-майындагы №17-36 чечими менен жактырылган Кыргыз Республикасынын бюджетинин Орточо мөөнөттү болжолунун көрсөткүчтөрү алынган.
Бюджеттин долбоору 2001-жылдын Мамлекеттик финансы статистикасынын бюджеттик классификациясына ылайык жаңы форматта түзүлгөн.
2014-2016-жылдарга экономикалык көрсөткүчтөрдүн болжолун иштеп чыгуу үчүн база болуп 2011-2013-жылдар үчүн өнүктүрүү тенденцияларын талдоо; макроэкономикалык туруктуулукту сактоо; туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо; 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2013-жылга иш чаралар планы болду.
ИДПнын анык өсүшү арымы 2014-жылы 6,9% деңгээлинде, 2015-жылы 6,6% деңгээлинде жана 2016-жылы 5,9% деңгээлинде экономиканын төмөндөгү тармактарынын өсүш эсебинен жетишилет: кызмат көрсөтүү чөйрөсү (2014-ж.- 5,3%, 2015-ж. – 5,9%, 2016-ж. – 5,8%), курулуш (2014-ж. – 15,5%, 2015-ж. – 18,4%, 2016-ж. – 19,8%), айыл чарбасы (2014-ж. - 2,0%, 2015-ж. – 2,5%, 2016-ж. - 2,5%), өнөр жай (2014-ж. – 13,2%, 2015-ж. – 8,2%, 2016-ж. – 3,4%).
МИП гранттарын эсепке алганда республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 92 918,1 млн. сом суммасында каралууда, же ИДПга карата 23,2% (2013-жылдын бекитилген бюджети – ИДПга карата 25,2%). Номиналдуу туюнтууда 2013-жылдын бекитилген бюджетине карата республикалык бюджеттин кирешелери 4,0%га же 3 604,7 млн. сомго өсөт. 2015-2016-жж. мезгилинде республикалык бюджеттин кирешелери тийиштүү түрдө 100 757,2 млн. сомду жана 110 750,7 млн. сомду түзөт.
Республикалык бюджеттин киреше курамында салыктык кирешелер 2014-жылы 72 149,5 млн. сомду (ИДПга карата 18,0%), 2015-жылы – 83 600,2 млн. сомду (ИДПга карата 18,0%), 2016-жылы– 95 061,5 млн. сомду (ИДПга карата 18,1%) түзөт. Алардын үч жылдык мезгил үчүн орточо жылдык өсүш арымы 114,1% түзөт.
Республикалык бюджеттин салыктык эмес кирешелери 2014 –жылы – 12 785,5 млн. сом көлөмүндө (ИДПга карата 3,2%), 2015-жылы – 9 877,4 млн. сом (ИДПга карата 2,1%) жана 2016-жылы – 10 047,3 млн. сом (ИДПга карата 1,9%) каралууда.
Республикалык бюджеттин 2014-жылга чыгашаларынын жалпы көлөмү 110 842,5 млн. сом (ИДПга карата 27,6%) деңгээлинде белгиленген, анын ичинде бюджеттик каражаттар эсебинен – 81 349,1 млн. сом, атайын каражаттар – 7 196,2 млн. сом, МИП каражаттары – 22 297,2 млн. сом. 2014-жылы бюджеттин чыгашалары 2013-жылдын бекитилген бюджетине карата 4 598,9 млн. сомго көбөйтүлгөн. Республикалык бюджеттин 2015-жылга чыгашалары 118 259,6 млн. сом (ИДПга карата 25,5%) суммасында, 2016-жылы - 125 998,0 млн. сом (ИДПга карата 24,0%) долбоорлонгон.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөөгө 2014-жылы - 15 161,4 млн. сом, 2015-жылы – 15837,3 млн. сом, 2016 –жылы – 18 670,2 млн. сом багыттоо пландалууда.
2014-жылга жергиликтүү бюджеттердин долбоорунун жалпы көлөмү 15147,3 млн. сомду түзөт, же 2013-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 10 236,1 млн. сомго азайды.
Бюджеттин тартыштыгы
Республикалык бюджеттин 2014-жылга долбоору боюнча бюджеттин тартыштыгы 2013-жылга бекитилген бюджетте 16 930,2 млн.сом тартыштыкка каршы 17924,4 млн.сом суммасында болжолдонот, бул ИДПга карата 4,5%ды түзөт.
2015–жылга бюджеттин тартыштыгы 17 502,5 млн. сом суммасында болжолдонууда.
2016–жылга бюджеттин тартыштыгы 15 247,3 млн. сом суммасында болжолдонууда.
2014-жылы бюджеттин тартыштыгын жабууга 17 924,4 млн. сом суммасында каржылоо булактары каралган.
Бюджеттин тартыштыгын каржылоонун ички булактары боюнча 602,0 млн. сом өлчөмүндө оң сальдо каралган.
Ички булактардан түшүүлөр:
- МБК сатуудан түшүүлөр – 8223,8 млн.сом;
- КРӨ эсеп-чотторунда калдыктар – 248,1 млн. сом;
- кредиттер, ссудалар, зайымдар (чыгаруу) – 300,0 млн.сом;
- дагы башка ички дебитордук карыз (тындыруу) – 1349,3 млн.сомду түзөт.
Ички карызды тындыруу 8 919,1 млн. сомду түзөт.
Тышкы булактар боюнча 17 322,4 млн. сом суммасында оң сальдо долбоорлонот.
Тышкы программалык зайымдардын түшүүсү 3 793,7 млн. сомду түзөт;
МИПке тышкы зайымдардын түшүүсү 16364,0млн. сомду түзөт.
Тышкы карыздын негизги суммасын тындыруу 2 835,3 млн. сом өлчөмүндө болжолдонууда.
Министр | О.Лаврова |
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ