Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-январы № 9
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр |
| Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-жыл, № 3, 123-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү жана сандык формалардагы "шериктештик (коом)" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "коом" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. 1-статья "менчигине" деген сөздөн кийин "акы төлөтүү менен" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 4-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"4-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы
1. Мамлекеттин менчигинде турган мүлктү менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына ылайык ишке ашырылат.
2. Менчиктештирүү программасы мамлекеттик менчик объекттеринин тизмесин камтыйт:
менчиктештирилүүгө тийиш болгон, чарбалык коомдордун уставдык капиталдарындагы акцияларды жана үлүштөрдү;
менчиктештирилүүгө тийиш болгон, мүлктүк комплекстерди жана кыймылсыз мүлктү.
3. Менчиктештирүү программасы белгилүү бир календардык мөөнөткө кабыл алынат жана Программа кезектеги мөөнөткө бекитилген учурга чейин колдонулат. Менчиктештирүү программасынын колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аны аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет.".
4. 10-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"10-статья. Менчиктештирүү объекттери
Менчиктештирүү объекттерине төмөнкүлөр кириши мүмкүн:
чарбалык коомдордун акциялары (уставдык капиталдагы үлүштөрү);
мамлекеттик ишкананы өзгөртүп түзүүнү (жоюуну) жүргүзүүнүн натыйжасында түзүлгөн, мүлктүк комплекс катары мамлекеттик ишкананын иштөөгө жөндөмдүү өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес бөлүнүштөрүн түзүүчүлөр;
тармактык мыйзамдар менен менчиктештирүүгө тыюу салуу белгиленбеген, башка мамлекеттик мүлк.".
5. 11-статьянын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
6. 14-статьяда:
1-бөлүктө:
алтынчы абзацтагы "шериктештиктердин жана" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкү мазмундагы жетинчи-тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"фондулук биржада акцияларды жайгаштыруу жана сатуу;
алмашуу;
тикелей сатуу.";
2-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
"Жогоруда аталып өткөн усулдун кайсынысы менен болсун объектти 3төн кем эмес жолу сатууга мүмкүн болбогон өзгөчө учурларда тикелей сатуу усулу колдонулушу мүмкүн.".
7. 15-статья төмөнкү мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:
"Жабык акционердик коомдордун (жоопкерчилиги чектелген коомдордун) акционерлери (катышуучулары) уставдык капиталдагы мамлекетке тиешелүү акцияларды (үлүштөрдү) артыкчылыктуу сатып алуу укуктарына ээ.
Жабык акционердик коомдун (жоопкерчилиги чектелген коомдун) бир нече акционери (катышуучусу) болгон учурда акциялар (үлүштөр) эң чоң бааны сунуштаган акционерге (катышуучуга) сатылат.".
8. 16-статьянын 1-бөлүгү "жолу менен" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде электрондук форматта" деген сөздөр менен толукталсын.
9. 20-статьянын аталышында жана бүткүл текст боюнча "шериктештиктердин жана" деген сөздөр алып салынсын.
10. Төмөнкү мазмундагы 20-2 жана 20-3-статьялар менен толукталсын:
"20-2-статья. Фондулук биржада акцияларды жайгаштыруу жана сатуу
1. Фондулук биржаларда мамлекетке тиешелүү акцияларды жайгаштыруу жана сатуу Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
2. Чет мамлекеттердин фондулук биржаларында мамлекетке тиешелүү акцияларды жайгаштыруу жана сатуу биржа белгилеген талаптарга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча ишке ашырылат.
3. Фондулук биржаларда мамлекетке тиешелүү акцияларды жайгаштыруунун ыкмасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. Фондулук биржаларда мамлекетке тиешелүү акцияларды жайгаштыруу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу аркылуу жүргүзүлөт.
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу менен келишим мамлекетке тиешелүү акцияларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген, минималдуу баадан төмөн эмес сатуу боюнча милдетти камтышы керек.
20-3-статья. Мамлекеттик мүлктү алмашуу
Мамлекеттик мүлктү алмашуу - мамлекеттик мүлктү мамлекеттик менчикте турбаган мүлккө алмашып, жеке жана юридикалык жактардын менчигине берүү.
Мамлекеттик мүлктү алмашууну ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген жобо менен жөнгө салынат.".
11. 21-статьяда:
1-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
"Өткөрүлө турган тооруктар тууралуу маалымат аталган мүлктү сатуу ишке ашырылган күнгө чейин кеминде 30 календардык күн мурда, ал эми стратегиялык объекттер үчүн кеминде 90 күн мурда жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланышы керек";
төмөнкү мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"Менчиктештирүү боюнча бүтүмдөрдүн натыйжалары жөнүндө төмөнкү маалыматтар жарыяланууга тийиш:
менчиктештирилүүчү объекттин аталышы;
менчиктештирилүүчү дата;
менчиктештирүүнүн усулу;
менчиктештирилүүчү объекттин сатык баасы.";
6-бөлүктө:
биринчи абзацтагы "Менчиктештирүү процессинде түзүлгөн" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкү мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"менчиктештирилүүчү объектке карата оордук келтирүүлөр жана юридикалык дооматтар тууралуу маалыматтар.".
12. 23-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"23-статья. Өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим
Мамлекеттик ишкананы өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.
Рынокто үстөмдүк кылуучу же монополиялык абалды ээлеген мамлекеттик ишканаларды өзгөртүп түзүү, монополияга каршы мамлекеттик орган менен макулдаштыкта ишке ашырылат.".
13. 24-статьянын 2-бөлүгү "ведомстволордун," деген сөздөн кийин "кайра өзгөртүлүп түзүлүүчү ишкананын" деген сөздөр менен толукталсын.
14. 25-статьянын 2-бөлүгүндөгү "өзгөртүү" деген сөз алып салынсын.
15. 26-статьянын 2-бөлүгүндөгү "жөнүндө" деген сөз "тууралуу" деген сөзгө алмаштырылсын.
16. 27-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"27-статья. Өзгөртүп түзүүнү аяктоо
Өткөрүү актысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте бекитилүүгө тийиш, ал чарбалык коомду мамлекеттик каттоо үчүн уюштуруу документтери менен бирге берилет.".
17. 28-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"28-статья. Мүлктү тескөөгө убактылуу чектөөлөр
Акционердик коомго (жоопкерчилиги чектелген коомго) өзгөртүп түзүү тууралуу чечим кабыл алынган мамлекеттик ишкана, мүлк менен негизги фонддордун баланстык наркынын азайышына алып келүүчү бүтүмдөрдү жасоого укуксуз.".
18. 33-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"33-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө ага акы төлөө тартиби
Сатып алуучулардын сатып алынган мамлекеттик мүлккө акы төлөөсү сатып алуу-сатуу келишимине кол коюлган күндөн тартып бир айдын ичинде жүргүзүлөт.
Объекттерди конкурста менчиктештирүүдө объекттин наркын бөлүп төлөөгө жол берилет, мында менчиктештирилүүчү объекттин баасы боюнча конкурстун катышуучуларынын сунуштары сатып алуу төлөмдөрүн төгүүнүн шарттарын, тартибин жана мөөнөттөрүн камтууга тийиш.
Менчиктештирилүүчү объект бөлүп төлөө жолу менен сатылганда баштапкы төгүмдүн өлчөмү сатуу баасынын кырк пайызынан кем болбоого, ал эми бөлүп төлөө мезгили бир жылдан ашпоого тийиш.
Төлөнгөндөн кийин, бөлүп төлөө жолу менен берилген акча каражатынын суммасына, ал берилген учурдагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ставкасына жараша каражаттарды пайдалангандыгы үчүн пайыздар чегерилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|