Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-январы № 54
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баңги заттарга каршы программасын бекитүү жөнүндө
Калктын баңги заттарга көз карандылыгынын жана аны менен байланышкан терс кесепеттердин деңгээлин төмөндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баңги заттарга каршы программасы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баңги заттарга каршы программасын аткаруу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгашаны каржылоо республикалык бюджетте тийиштүү жылга министрликтер жана ведомстволор үчүн каралган каражаттардын чектеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев
|