Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2014-жылдын 3 – февралы № 54 токтому менен бекитилген
|
Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана калктын баңги заттарга берилишине каршы активдүү аракеттенүү заманбап Кыргызстандын аймагында XIX кылымдын соңку үчүнчү бөлүгүнөн тартып жүзөгө ашырылууда, бул учурда апийим өсүмдүгүн өстүрүү жана апийимди өндүрүү менен байланышкан көйгөйлөр белгиленген.
1916-жылдан тартып 1974-жылга чейинки мезгилде өлкө дарылык апийимди өнөр жайлык өндүрүү боюнча дүйнөдө лидерлик позициялардын бирин ээлеген. Апийим талааларынын жалпы аянты 64 миң гектарга чейин жеткен, ал эми дарычылык апийимдин өндүрүлгөн көлөмү, айрым эсептөөлөр боюнча, СССРде өндүрүлгөн апийимдин 80 пайызына жеткен жана апийимди дүйнөлүк мыйзамдуу өндүрүүнүн 16 пайызына барабар болгон. Өндүрүлгөн апийимдин ондон бир бөлүгү мыйзамсыз жүгүртүүгө кетип, калктын баңги заттарга берилишин пайда кылган. 1974-жылы СССРдин Жогорку Советинин Президиуму Кыргыз ССРинде апийим өсүмдүгүн мыйзамдуу өстүрүүнү токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган.
Мындан тышкары, республикада жапайы өскөн кара куурайдын (каннабис) жана чекендинин кеңири өскөн аянттары бар, бул гашиш, марихуана жана меткатинон жана эфедрон сыяктуу баңги каражаттарын даярдоого өбөлгө түзгөн.
1974-жылдан тартып 1993-жылга чейинки мезгилде Кыргызстанда негизинен каннабис тобундагы баңги заттар тартып алынып турду. Бирок 1993-жылдан тартып Афганистандан чыккан опиоидди мыйзамсыз жүгүртүү көлөмү кескин өстү. Алардын трафиги керектөөчүлөрдүн санынын өсүшүнө, ошондой эле калктын айрым бөлүгүнүн кылмыштуу баңги бизнесине тартылуусуна түрткү болду. Мыйзамсыз рынокто диацетилморфин (героин) баңги каражатынын пайда болушу менен баңги заттарды керектөөчүлөрдүн түзүмүндө анын салыштырма салмагы өсө баштады. 1999-жылга карата бул зат керектелүүчү баңги заттардын түзүмүндө алдыңкы позицияны ээледи жана аны азыркы учурга чейин бербей турат.
Эгемендүүлүккө ээ болуу менен, Кыргыз Республикасында 1993-жылы баңги заттарга контролдук кылуу боюнча улуттук орган түзүлдү, Баңгиликке жана баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча биринчи улуттук программа иштелип чыкты. 1994-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 1961-жылдагы Баңги каражаттар жөнүндө бирдиктүү конвенцияга, Акыл-эске таасир берүүчү заттар жөнүндө 1971-жылдагы конвенцияга жана БУУнун Баңги каражаттарды жана акыл-эске таасир берүүчү заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө 1988-жылдагы конвенциясына кошулуу жөнүндө чечим кабыл алган.
Ошол учурдан тартып Кыргыз Республикасы калк үчүн дары-дармек формаларынын, баңги каражаттардын жана акыл-эске таасир берүүчү заттардын, ал эми өнөр жай үчүн – прекурсорлордун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда эл аралык укуктун талаптары менен ченемдерин аткарууда жана баңги каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды, алардын прекурсорлорун мыйзамдуу жүгүртүүгө контролдук кылуу жаатында Баңги заттарды контролдоо боюнча эл аралык комитеттин (мындан ары - БКЭК) жетектөөчү принциптерин сактоодо.
Кыргыз Республикасында баңги кырдаалынын өнүгүү тенденцияларынын калыптанышына шарт түзгөн негизги факторлор болуп төмөнкүлөр саналат:
- мыйзамсыз баңги заттарга туруктуу суроо-талапты калыптандырган жана сактап турган терс социалдык процесстер;
- өлкөнүн аймагы аркылуу эл аралык баңги транзити;
- баңги заттарды мыйзамсыз даярдоо үчүн өздүк чийки зат базасынын болушу.
Кыргыз Республикасында баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн күчөгөн динамикасы байкалууда. Дүйнөдөгү бардык мыйзамсыз опиоиддин 90 пайыздан ашыгы өндүрүлгөн Афганистанга өтө жакын жайгашуу менен республика анын өзүнүн аймагы аркылуу ташылышынын бардык кесепеттерин башынан өткөрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын аймагына баңги заттар Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорунун; Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунун багытында жеткирилүүдө.
Кыргыз Республикасында баңги кырдаалы тышкы жана ички факторлордун таасири астында калыптанууда.
Тышкы факторлор: региондо баңгини өндүрүүнүн негизги булагы катары Афганистанга жакын жайгашуу, Борбордук Азияда эл аралык баңги мафиясынын аракеттери, баңги жаатында региондук коопсуздук маселелерине бирдиктүү мамиленин жоктугу, мамлекеттик чек аралардын ачыктыгы.
Ички факторлор: калктын кедейлиги, жумушсуздугу, миграциясы, коррупция, баңги заттарды жасоонун өздүк чийки зат базасынын болушу, мамлекеттик чек аралардын ачыктыгы, баңги заттарга каршы мамлекеттик түзүмдөрдү каржылоонун жана материалдык-техникалык жактан жабдуунун жетишсиздиги.
Баңги заттарды колдонуунун медициналык кесепеттери өзүнө баңги заттарга көз карандылык оорусун, тазаланбаган шаймандар менен инъекция кылуунун жүрүшүндө берилүүчү коркунучтуу инфекциялардын таралышын жана өлүмгө учуроону (тикелей, ошондой эле кыйыр себептерден улам) камтыйт.
Инфекциялык оорулардын таралышы. БУУ БКБнын маалыматтары боюнча, Кыргыз Республикасында инъекциялык баңги заттарды колдонуунун баа берилген саны 25 миң адамды түзөт, бул улуттук статистиканын маалыматтарына караганда дээрлик 3,5 эсеге жогору. Пенитенциардык тутумунда соттолгондордун жалпы санынын 5 пайызын наркологиялык эсепте турат. Бирок эксперттик маалыматтар боюнча, пенитенциардык мекемелерде баңги заттарды инъекциялык жол менен колдонгон адамдардын баа берилген саны түрмөдө отурган калктын жалпы санынын 19 пайызга чейинкисин түзүшү мүмкүн.[1]
Баңги заттарды инъекциялык колдонуу АИВдин, кургак учуктун, гепатиттин жана коркунучтуу инфекциялардын башка түрлөрүнүн таралышын күчөткөн фактор болуп саналат.
АИВ инфекциясынын жугушунун бардык учурларынын жарымынан ашыгы баңги заттарды инъекциялык колдонуу чөйрөсүндө болуп өтөт (2013-жылдын 1-январына карата абал боюнча АИВ-инфекциянын катталган учурларынын жалпы санынын 59,8 пайызды). Мындай жагдай Чүй жана Ош облустарына, ошондой эле Ош, Бишкек жана Жалал-Абад шаарларына алда канча мүнөздүү. Баңги заттарды инъекциялык керектөөчүлөрдүн жарымынан ашыгы С гепатитинин вирусун жугузуп алгандар.
Өлүмгө учуроо. Баңги заттардын дозасын ашырып жиберүүдөн улам өлүмгө учуроонун расмий статистикасы толкун түрүндөгү амплитудага ээ жана наркологиялык мекемелерде эсепте турган адамдардын жалпы санынын 2 пайызына жетет. Бирок эксперттик баалоолор боюнча, өлүмгө учуроонун реалдуу деңгээли кыйла жогору.
Баңги заттарды колдонуудан улам өлүмгө учуроонун негизги тикелей себептери болуп дозаны ашырып жиберүү, инфекциялык оору жана алардын ырбап кетиши; негизги кыйыр себептери - баңги заттарга көз каранды адамдын коркунучтуу жүрүш-турушу менен байланышкан кырсыктар (өзүн-өзү өлтүрүү, майып болуучулук, тоңуп калуу жана башкалар) саналат.
Кыргыз Республикасы эл аралык укуктун ченемдеринин жана БУУнун баңги заттарга каршы негизги институттарынын сунуштарынын негизинде баңги заттар менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө комплекстүү жана балансташкан ыкма принциптерин ишке ашырып жатат. Бул жаатында мамлекеттик саясат, мыйзамсыз баңги заттарга суроо-талапты кыскартууга, аларды мыйзамсыз сунуш кылууну азайтууга жана баңги заттарды колдонуудан келтирилген зыянды төмөндөтүүгө негизги багыттарда маалымдалган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы (мындан ары - БКМК) – Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү, ошондой эле алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырууну; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында баңги заттарды контролдоо боюнча органдын компетенциясына кирген кылмыштардын алдын алууну, табууну, бөгөт коюуну, бетин ачууну жана тергөөнү; баңги каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу менен байланышкан маселелер боюнча аткаруучу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоону, өз компетенциясынын чектеринде баңги каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүгө контролдукту камсыз кылууну жүзөгө ашырат.
«Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуунун, өндүрүүнүн, кайра иштетүүнүн, ташып чыгуунун, транзитинин, ташуунун, жөнөтүүнүн, сатып алуунун, сактоонун, бөлүштүрүүнүн, сатуунун, жок кылуунун, медициналык, илимий жана окуу, эксперттик иш максаттарында жана криминалисттик изилдөөлөрдү жүргүзүүдө пайдалануунун так жол-жоболору белгиленген.
Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду ташып келүү, ташып чыгуу, транзити жана өнөр жайлык пайдалануу Баңги заттарды контролдоо боюнча эл аралык комитети жыл сайын бекитүүчү (баңги заттарга жана акыл-эске таасир берүүчү заттарга) квоталардын чектеринде баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органы берген уруксаттын негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын түзүмүндө баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча адистешкен бөлүмдөр бар. Алардын ишинин негизги багыты баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн уюшкан жана топтошкон формаларына каршы күрөшүүгө, эл аралык баңги трафигинин каналдарын, жергиликтүү чийки заттан (кара куурай, апийим өсүмдүгү жана чекенди) баңги заттарды жасоону табууга жана жоюуга багытталган.
Эл аралык баңги трафигин жоюу мамлекеттик чек араны кайтаруунун, ташып келинген жүктөрдү жана келген адамдарды контролдоонун жүрүшүндө, ошондой эле баңги заттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду контролдоо астында берүү ыкмасы боюнча биргелешкен эл аралык операцияларды жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
Баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы ички иштер органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте жапайы өскөн, өзгөчө жергиликтүү калк, өсүмдүк чийки затынан баңги заттарды жасагандыгы байкалган региондордо өскөн кара куурайды жок кылуу боюнча чараларды көрүп жатат.
Баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана тиешелүү эл аралык институттар менен эриш-аркак аракетте баңги заттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгып кетишине бөгөт коюуда.
Кыргыз Республикасында мыйзамсыз жүгүртүүдөн алып салынган баңги заттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун көлөмү соңку 5 жылда 3,5 эсе өстү.
2012-жылы баңги каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан 1933 кылмыштын бети ачылган, бул Кыргыз Республикасындагы кылмыштуулуктун жалпы түзүмүндө 6,7 пайызды түзөт [2].
Мыйзамсыз баңги заттарга суроо-талапты кыскартуу биринчи, экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги баңгиликти профилактикалоонун форматында жүзөгө ашырылат.
Биринчи деңгээлдеги баңгиликти профилактикалоо Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо, билим берүү, укук коргоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коом, ата-энелер жана жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын айкаштыруусу менен жүзөгө ашырылат. Кызыкдар министрликтер менен ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коом жана эл аралык уюмдар калк үчүн жыл сайын маалыматтык-билим берүү иш-чараларын жүргүзөт. Баңгиликке жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн, анын ичинде пенитенциардык тутумунда күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө арналган ар жылдагы кампанияларды өткөрүү салтка айланып калды.
Жалпыга маалымдоо каражаттарында баңгиликти профилактикалоо темасында материалдар жарыяланып турат. Эң мыкты макалалардын авторлору сыйлык алууга жыл сайын көрсөтүлөт.
2012-жылы «Бири-бирибизге жакын – баңги заттардан оолак» темасында улуттук медиакампания уюштурулду, анда үй-бүлөлүк дөөлөттөрдү өнүктүрүүгө басым жасалды жана ал Кыргыз Республикасынын Президенти жарыялаган Үй-бүлөнүн жылына туш келтирилди.
Баңги каражаттарына жана башка психикалык активдүү заттарга көз карандылыгы бар адамдарга саламаттык сактоо уюмдарынын базасында жалпы жана атайын наркологиялык жардам көрсөтүлөт. Дарыланган учурлардын санынын көбөйүшү баңги каражаттарына көз карандылыгы бар адамдарга дарылоо-реабилитациялык жардам көрсөтүү тутумунун айрым жылыштары жөнүндө маалымат берет.
Мындан тышкары, баңги заттарга көз карандылыкты дарылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары - ЖАМК) медициналык мекемелеринде жана жеке наркологиялык клиникаларда жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасында дарылоочу кызмат көрсөтүүлөрүнүн спектри өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- детоксификацияны, же жокко чыгаруу синдромун дарылоо;
- опиоидди алмаштыруу терапиясын;
- көз карандылыкты дары-дармексиз айыктырууну (медициналык-психологиялык реабилитациялоо программасы).
Детоксификация. Детоксификациянын негизги үлгүсү болуп «психофармакологиялык үлгү», башкача айтканда, медициналык препараттардын кеңири спектрин пайдалануу менен дарылоо саналат.
Опиоидди алмаштыруу терапиясынын (мындан ары - ОАТ) программалары баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органынын контролдугу астында мамлекеттик наркологиялык уюмдардын жана кабинеттердин базасындагы 20 пунктунда жүзөгө ашырылат. Бул программалар расмий эсепте турган опиоидге көз карандылыгы бар адамдардын үчтөн бирин жана инъекциялык баңги заттарды керектөөчүлөрдүн баа берилген санынын 5 пайызга жакынын камтыйт. ОАТ программаларынын милдеттүү курам бөлүгү болуп алардын катышуучуларына психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүү саналат.
Программалардын натыйжалуулугу эл аралык уюмдар дайыма жүргүзүп турган баа берүүлөр менен ырасталат. Аларда, атап айтканда, апийимди мыйзамсыз керектөөнүн, кылмыштуу жосундардын, АИВти жугузуу жана андан соң анын берилиши менен байланышкан жүрүш-туруштун азайышы, ошондой эле бейтаптардын ден-соолук абалынын жана кайра социалдашуусунун жакшырышы белгиленген.
2004-жылдан тартып өлкөдө медициналык-психологиялык реабилитациялоо программалары (дары-дармексиз айыктыруу программалары) жүзөгө ашырылууда, алар ооруканаларда жана амбулаториялык шарттарда ишке ашырылып жатат.
Бирок азырынча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тутумунда ойдогудай реабилитациялык борборлору жок.
Амбулаториялык программалар негизинен дарыланууну алууга жүйөлөштүрүүгө жана улантууга, ошондой эле рецидивдерди профилактикалоого багытталган.
Стационардык реабилитациялык дарылоо программаларынын негизги милдеттери болуп дарылоо программасы аяктагандан кийин туруктуу ремиссияга же баңги заттарды колдонууну толук токтотууга жетишүү саналат.
Дары-дармексиз айыктыруу программасына кабыл алуунун критерийлери болуп детокс-терапиядан алдын ала өтүү жана бейтаптарды дарыланууга жүйөлөштүрүүнүн жогорку деңгээли эсептелет.
Зыянды азайтуу программалары инъекциялык баңги заттарды керектөөчүлөргө жана алардын маанилүү чөйрөсүнө (туугандары, өнөктөрү) багытталган жана медициналык, социалдык кызматкерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик органдары, коммерциялык эмес уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
Бул программалар баңгиликке жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча артыкчылыктуу багыттардын бири жана инъекциялык баңги заттарды керектөөчүлөр арасында АИВ-инфекциянын профилактикалоо жаатында мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Мамлекеттик органдардын, коммерциялык эмес уюмдардын күч-аракеттерин бириктирүү, ошондой эле баңги заттарга көз карандылык жана АИВ/ЖИКС көйгөйлөрүн чечүүгө көп секторлуу ыкма жарандык сектордо, ошондой эле пенитенциардык мекемелерде зыянды азайтуу программаларын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түздү.
Алар дарылоо-профилактикалык уюмдардын базасында, жарандык сектордо жана пенитенциардык мекемелерде институтташтырылган.
Зыянды азайтуу программаларынын кызмат көрсөтүүлөрү өзүнө адистердин берген кеңешин; базалык медициналык жардамды; ийнелерди жана шприцтерди алмаштырууну; дезинфекциялоочу каражаттарды, презервативдерди берүүнү; маалыматтык-билим берүү иш-чараларын, анын ичинде «тең-теңи менен» ыкмасын; АИВ жаатында кеңеш берүүнү жана тестирлөөнү; «ишеним телефонун»; укуктук жардамды жана социалдык коштоону камтыйт.
2013-жылдын 1-январына карата баңги заттарды керектөөдөн келтирилген зыянды азайтуу үчүн өлкөдө 48 шприц алмаштыруу пункту (ШАП) иштейт, анын ичинде 7 пункту пенитенциардык тутумда, алар ИБКнын 50 пайыздан ашыгын камтыйт.[3]
Пенитенциардык тутумда «Атлантис» деген 8 реабилитациялык борбору ачылган жана иштеп жатат, алар алкоголго жана баңги заттарга көз каранды адамдарды реабилитациялоо программаларын ишке ашырат.
ЖАМКнын № 31 мекемесинде Европа Союзунун «Баңги заттарга бөгөт коюу» (CADAP) программасынын колдоосунда реабилитациялоо жана социалдык адаптациялоо борбору – РСАБ («таза зона») ачылган жана иштеп жатат, бул «Атлантис» программасынын терапиянын негизги курсун ийгиликтүү аяктаган бейтаптары өзүнүн реабилитациялоосун улантууга, эмгек жөндөмдөрүнө ээ болууга жана аны бекемдөөгө, башталгыч кесиптик билимди алууга жана бошонуп чыккандан кийин жарандык коомдо реинтеграциялоо жана адаптациялоо процессинен ийгиликтүү өтүүгө мүмкүндүк берет.
ИБК тобундагы АИВ-инфекция жаатында чабалдарга, АИВ менен жашаган адамдар (мындан ары - АЖА), кургак учук менен ооруган адамдарга басым жасоо менен, бошонуп чыккан соттолгондорду социалдык коштоо программаларын өнүктүрүүгө катуу көңүл бурулууда. Соттолгондорду бошотууга даярдоо программасы 12 пенитенциардык мекемеде киргизилген жана иштеп жатат.
Үч пенитенциардык мекемеде (эки тергөө изоляторунда жана бир түзөтүү мекемесинде) опиоидди алмаштыруу терапиясынын (мындан ары - ОАТ) программасы ишке ашырылууда, алардын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- бейтаптардын жашоосунун жана социалдык тиричилигинин сапатын жогорулатуу;
- программалардын катышуучуларынын арасында кан аркылуу жугуучу инфекциялык ооруларды профилактикалоо.
Баңги заттарды керектөөдөн улам өлүмгө учуроону кыскартуу.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги «Налоксон препаратын колдонуу менен опиоиддин дозасын ашырып жиберүүнүн профилактикалоонун стандарты» бекитилген жана опиоидди керектөөчүлөрдүн арасында өлүмгө учуроону кыскартуу боюнча программа жүзөгө ашырылууда, ал опиоиддик рецепторлордун антагонистин – налоксонду таратууга негизделген. 2009-жылдан тартып бул программанын катышуучуларынын саны 500дөн 2500 адамга чейин көбөйдү.
Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгон учурдан тартып баңгиликке каршы саясатты алда канча активдүү жүргүзгөн өлкөлөрдүн ичине кирет.
Баңги заттарга каршы күрөшүүдө эл аралык кооперациянын маанисин түшүнүү менен өлкө эл аралык координациялоо тутумун активдүү өнүктүрүп жатат.
Бул багытта 1994 - жылы баңгиликке каршы негизги конвенцияларга кошулуу биринчи, алда канча олуттуу кадам болду, бул республиканын баңгиликке каршы бирдиктүү дүйнөлүк системага киришин юридикалык жактан тариздеди. Бул кадам БКЭК, БУУ БКБ жана БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП), Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (мындан ары - ДСУ) жана БУУнун АИВ/ЖИКС боюнча программасы (ЮНЭЙДС) сыяктуу БУУнун башка профилдик институттары менен активдүү эриш-аркак аракеттенүүгө алып келди.
Кыргыз Республикасы баңги заттарга контролдук кылуу жана баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү чөйрөсүндө өкмөттүк жана ведомстволор аралык деңгээлдерде бир катар өлкөлөр менен эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык макулдашууларды түздү.
Жазык полициясынын эл аралык уюмуна (мындан ары - интерпол) Кыргыз Республикасынын кириши маанилүү кадам болуп калды.
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (мындан ары - КМШ) алкагында ички иштер органдары КМШнын өкмөт башчыларынын Кеңешинин 1993-жылдын 24-сентябрындагы чечими менен түзүлгөн Уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштардын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөштү координациялоо боюнча бюронун (мындан ары - УКККБ) алакасы астында баңгиликке каршы ишин координациялайт.
2005-жылдын 23-июнунда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (мындан ары - ЖККУ) Кеңешинин сессиясында ЖККУга мүчө - мамлекеттердин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча тиешелүү органдарынын жетекчилеринин координациялоо кеңеши (мындан ары - БМЖКК) жөнүндө жобо бекитилди, андан соң баңги заттарга каршы аракеттенүү боюнча активдүү иш кулач жайды.
Шанхай Кызматташтык Уюмунун (мындан ары - ШКУ) алкагында баңгиликке каршы багыттагы бир катар иш-чаралар, анын ичинде Баңгиликти профилактикалоо боюнча иш-аракеттердин стратегиясынын жана планынын долбоорун иштеп чыгуу, биргелешкен «Чычкан капканы - 2012» оперативдүү-профилактикалык иш-чараларын, жумушчу топтордун конференцияларын жана жыйындарын өткөрүү, маанилүү маалыматты алмашууну жөнгө салуу жүзөгө ашырылып жатат.
Кыргыз Республикасы жыл сайын БУУнун алакасы астында өткөрүлүүчү «Тарсет» эл аралык операцияларга активдүү катышууда. Европалык союз менен бирге аракеттенүү алкагында Кыргыз Республикасы баңгиликке каршы иштерге «КАДАП-5» программасы боюнча катышкан.
Кыргыз Республикасы ошондой эле АЙДЕК (IDEC - International Drug Enforcement Conference) сыяктуу таасирдүү уюмдун мүчөлөрүнүн курамына кирди, ал баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүүгө умтулган дүйнөнүн 91 өлкөсүн бириктирип турат.
Өсүп бараткан баңгилик коркунучунун негизинде, Баңги заттарга контролдук кылуу жаатында региондук кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койгон мамлекеттер (Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан) Борбордук Азиялык региондук маалыматтык координациялык борборун (БАРМКБ) түзүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бул борбордун негизги милдеттери баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча макулдашылган биргелешкен эл аралык операцияларды уюштурууга, жүргүзүүгө жана координациялоого көмөктөшүү, ошондой эле баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү менен байланышкан чек аралык кылмыштуулук боюнча маалыматты чогултууну, сактоону, коргоону, талдоону жана алмашууну камсыз кылуу болуп калды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы № 120 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун Концепциясында «Борбордук Азия регионунун маанилүү стратегиялык ролун түшүнүү менен Кыргызстан региондук интеграцияны андан ары тереңдетүү маселесине биринчи даражадагы маани берет, бул социалдык-экономикалык туруктуу өнүктүрүүнүн зарыл шарты болуп саналат. Регион боюнча бардык коңшулаш өлкөлөр менен түбөлүк достук жана жакын коңшулаштык жөнүндө келишимдер түзүлгөн. Эл аралык терроризмге, баңги бизнеске жана кылмыштуулукка каршы күрөш, жалпы социалдык-экономикалык жана экологиялык көйгөйлөрдү жана башка региондук көйгөйлөрдү чечүү коңшу мамлекеттердин бул багыттагы күч-аракеттерин бириктирүүнүн негизи болуп эсептелет» деп айтылган.
Кыргыз Республикасы баңги заттар менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө комплекстүү жана балансташкан ыкма принциптерине толук кошулат. Кыргыз Республикасы жүзөгө ашырып жаткан саясат ошондой эле БУУнун Уставында бекемделген жана Баңги каражаттары жөнүндө 1961-жылдагы Бирдиктүү Конвенцияда, Акыл-эске таасир берүүчү заттар жөнүндө 1971-жылдагы Конвенцияда жана Баңги каражаттарды жана акыл-эске таасир берүүчү заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө БУУнун 1988-жылдагы конвенциясында камтылган жалпы кабыл алынган принциптерден жана максаттардан келип чыккан.
БУУнун толук укуктуу мүчөсү болуп саналуу менен, республика БУУнун Башкы Ассамблеясы кабыл алган Саясий принциптерди ишке ашырып, ошондой эле БКЭКтин жана ДСУнун жетектөөчү принциптерин сактайт.
Ошентип, Кыргыз Республикасы баңги заттарды өндүрүүчүлөрдөн тартып акыры керектөөчүлөргө чейин жеткирүүнүн жолуна бөгөт коюу үчүн бардык: улуттук, региондук жана эл аралык деңгээлдерде чараларды көрүп жатат.
Баңги заттардын терс таасирине каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасы жетишкен ийгиликтерге карабастан, чечүүнү талап кылган бир катар көйгөйлөр бар.
Өткөөл мезгилдин экономикалык оорчулуктары баңгиликке жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программаларды максаттуу каржылоону камсыз кылууга мүмкүндүк берген жок. Аларды аткаруу тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин камсыз кылууга республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын же эл аралык гранттардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Бул, өлкөдө баңгиликке каршы аракеттенүү боюнча жүзөгө ашырылып жаткан иш-чаралардын тутумдуулугун чектейт.
Биринчи деңгээлдеги баңгиликти профилактикалоо. Кыргыз Республикасында биринчи деңгээлдеги баңгиликти профилактикалоо маселелери көбүнесе иштелип чыкпаган бойдон калууда. Анын укуктук базасы, ошондой эле стандарттары, өзгөчө билим берүү чөйрөсүндөгү стандарттары жок.
Биринчи деңгээлдеги баңгиликти профилактикалоодо баңги заттарды керектөөнүн терс натыйжасына басым жасоо менен коркутуу түрүндө түшүнүү басымдуулук кылат. Тиричиликте сленгдик атоолор же криминалдык шарттуу сөздөр колдонулат, бул тыюу салынган субстанцияларды колдонууга кызыгууну гана күчөтөт.
Биринчи деңгээлдеги баңгиликти профилактикалоонун бир катар жоболору мамлекеттик жана улуттук программаларда бар, бирок алар көбүнесе конференцияларды жана «тегерек столдорду» өткөрүү, чакан нускадагы адабиятты чыгаруу аркылуу жүзөгө ашырылат. Тажрыйбада жүргүзүлүп жаткан профилактикалоо иш-чараларында жаңычыл элементтер жок жана азырынча иш жүзүндө болгон бир гана – баңги заттарды ашкере колдонуу көйгөйлөрүнө коомдун көңүлүн буруу маселеси чечилип жатат.
Баңги заттарга көз карандылыктын калыптанышына, эреже катары, тамеки, алкоголь, ингалянт (учуп кетүүчү аралашмаларды камтыган) жана ушул сыяктуу психикалык активдүү заттарды (мындан ары - ПАЗ) колдонуу жол ача тургандыгы жалпы түшүнүүнү пайда кылбайт. Натыйжада тамекини, алкоголду жана баңги заттарды пайдаланууга карата балдардын жана жаштардын терс мамилесин калыптандырууга багытталган профилактикалык иш-чаралары өз-өзүнчө жана окшош эмес усулдук негизде жүргүзүлөт.
Ошентип, биринчи деңгээлдеги баңгиликти профилактикалоо, баңги заттарды керектөөнүн өөрчүшүнө каршы аракеттенүүнүн алда канча маанилүү өбөлгөсү катары, Кыргыз Республикасында азырынча жетиштүү өлчөмдө өнүгө элек.
Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги баңгиликти профилактикалоо. Мамлекеттик наркологиянын койка фонду, анын материалдык-техникалык курамы соңку жылдары тиешелүү түрдө өнүккөн жок, анын каржылоосу натыйжалуу дарылоо-профилактикалык ишин жүргүзүү үчүн өтө жетишсиз. Медициналык программалар көбүнесе детоксикацияга негизделген, бул дарыланууга муктаждыкты жана кызмат көрсөтүүлөрдүн талап кылынган сапатын камсыз кылууга мүмкүндүк бербейт.
Реабилитациялык программалар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык наркология борборунун (мындан ары – РНБ) базасында гана иштейт. Айрым өзгөчөлүктөрдү кошпогондо, мамлекеттик органдардын кадрларын кесиптик даярдоо жана кайра даярдоо тутумунда көрсөтүлгөн багыттагы адистерди даярдоонун толук иштелип чыккан атайын программасы жок.
Пенитенциардык тутумдун шарттарында баңгиликти профилактикалоо. Жетишкендиктердин болгондугуна карабастан, пенитенциардык тутумдагы баңгини профилактикалоо абалы заманбап талаптарга жооп бербейт. Пенитенциардык тутумдагы дарылоо- профилактикалык бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык абалы жана жабдылышы канааттандырарлыксыз абалда калууда.
Баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөш. Көрүлүп жаткан чараларга карабастан, баңги заттарга контролдук кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана укук коргоо органдарында профилдик бөлүнүштөр дээрлик түзүлгөнгө чейин уюшкан баңги кылмыштуулугуна олуттуу зыян келтирилген эмес. Эксперттик баа берүүлөр боюнча, өлкөдө мыйзамсыз жүгүртүүдө болгон баңги заттардын 1 пайыздан ашпаган көлөмү алып салынчу. Кыргыз Республикасы эл аралык баңги трафигинин каналдарынын бири бойдон калууда, ал аркылуу кыйла көлөмдөгү баңги заттар КМШ өлкөлөрүнө жана андан аркы жакка салыштырмалуу эркин өтүп кетүүдө.
Ушуну менен бирге, укук коргоо органдарынын иши кыйла даражада баңги заттарды чекене сатуучуларды жана өзү колдонуу үчүн сактаган адамдарды жоопкерчиликке тартуу менен гана чектелген. Алсак, 2012-жылы бети ачылган баңгилик кылмыштарынын түзүмүндө сатуу максатын көздөбөстөн баңги заттарды сактоо баңгилик кылмыштарынын жалпы санынын үчтөн экисин түзгөн.
Кыргыз Республикасында иштеп жаткан эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү профилактикалык программалардын же шприцтерди алмаштыруу жана ОАТ пункттарынын кардарларына карата жогорулаган укук коргоо активдүүлүгүнүн фактыларын көрсөтүп жатат, бул наркологиялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн тоскоолдук кылган фактор болуп саналат.
Жеткиликтүү маалымат базасынын жоктугу сатуу максатын көздөбөстөн чакан өлчөмдөрдө баңги заттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн адамдарды администрациялык жоопкерчиликке тартуу тутумунун өнүгүшүн кечеңдетип жатат, ал баңги заттарга каршы аракеттенүүнүн алдын алуучу курамдык тутумун күчөтүүгө чакырылган.
Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тартылганына карабастан, бул чөйрөдө коррупцияга каршы күрөшүү талаптагыдай жүргүзүлбөй жатат.
Криминалдык баңги бизнесинен алынган каражаттарды мыйзамдаштыруу фактылары гана эмес, ошондой эле алардын бетин ачуу методологиясы жок. Бул багыттагы күрөш өнүкпөй жатат, бирок дүйнө өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө ал эң келечектүү багыттардын бири болуп саналат. Ошол эле учурда, эл аралык терроризмдин жана экстремизмдин күчтөрү криминалдык баңги бизнесин өзүнүн бузуп-жаруучулук ишин каржылоонун булагы катары активдүү пайдаланат.
Чек ара инфратүзүмүнүн жоктугунан гана эмес, ошондой эле коррупциядан улам келип чыккан өлкөнүн чек араларынын ачыктыгы көйгөйдү глобалдаштырып, Кыргызстанды дүйнөлүк баңги рыногунда жүрүп жаткан процесстерге көз каранды кылууда.
Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү республикадагы жалпы оперативдүү кырдаалды да түздөн-түз начарлатып жатат. Криминалдык баңги бизнесинде таасир этүү чөйрөлөрүн кайра бөлүштүрүүнүн негизинде киши өлтүрүүлөр адаттагы көрүнүш болуп калды.
Баңги каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүгө контролдук. Кыргыз Республикасы баңги заттарды контролдоо чөйрөсүндө өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин толук көлөмдө аткаруу боюнча чараларды көрүүдө. Негизинен бул чөйрөдөгү эл аралык ченемдерди аткаруу мыйзамдык деңгээлде бүткөрүлгөн. Ушуну менен бирге, адекваттуу тутумун түзүүнү аяктоо максатында, мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу зарыл.
Эл аралык милдеттенмелер. БУУнун Баңги каражаттар боюнча комиссиясынын (мындан ары - БКК) 2009-жылдын 11-12-мартындагы Жогорку деңгээлдеги жыйналыштарынын этабында кабыл алынган. Саясий декларациясынын 36 жана 40-пункттарына ылайык Кыргыз Республикасы 2019-жылга карата төмөнкүлөрдү этап-этабы менен (БККнын 57-сессиясындагы баа берүүсү бар 2014-жылга чейинки мезгилде, ошондой эле андан кийин 2019-жылга чейин) жоюуну же олуттуу жана баа бериле турган кыскартууну камсыз кылуусу керек:
апийим өсүмдүгүн жана каннабис өсүмдүгүн мыйзамсыз өстүрүүнү;
баңги каражаттарга жана акыл-эске таасир берүүчү заттарга мыйзамсыз суроо-талапты, ошондой эле ден соолук үчүн баңги заттар менен байланышкан тобокелдиктерди жана социалдык тобокелдиктерди;
акыл-эске таасир берүүчү заттарды мыйзамсыз өндүрүүнү, жасоону, сатууну жана таратууну, ошондой эле жүгүртүүнү;
прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүүдөн чыгышын;
мыйзамсыз баңги заттар менен байланышкан акча каражаттарын адалдоонун масштабдарын.
Баңги заттарды контролдоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясаты төмөнкүлөрдү кыскартуу (азайтуу) боюнча төмөнкүдөй стратегиялык багыттардын алкагында жүргүзүлөт:
мыйзамсыз баңги заттарды сунуш кылууну;
мыйзамсыз баңги заттарга суроо-талапты;
баңги заттарды пайдалануудан келтирилген зыянды.
Бул Кыргыз Республикасынын баңги заттарга каршы программасы (мындан ары – Программа) төмөнкүлөргө багытталган:
калктын баңги заттарга көз карандылыгынын жана аны менен байланышкан терс кесепеттердин деңгээлин төмөндөтүүгө;
мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун баңги заттарга каршы ишин мобилизациялоого жана координациялоого;
өлкөдөгү баңги кырдаалга натыйжалуу мамлекеттик жана коомдук контролду орнотууга;
баңги заттарга көз карандылыктын таралышына жана баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүүнүн ченемдик-укуктук негизин өркүндөтүүгө.
Программаны ишке ашыруунун принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
демократизм – саясий чечимдерди кабыл алууга жарандардын, алардын коомдук бирикмелеринин кеңири катышуу мүмкүнчүлүгү;
гуманизм – адамдын инсан катары баалуулугун таануу, адамдын укуктары менен эркиндиктерин, ошондой эле анын муктаждыктары менен керектөөлөрүн эсепке алуу жана урматтоо, гендердик теңчилик;
ачыктык – баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүүнүн жүрүшү жөнүндө калктын маалымдар болушунун жетиштүү деңгээли, тиешелүү маалыматты, ошондой эле профилактикалоо, дарылоо жана баңги заттарды керектөөдөн келтирилген зыянды азайтуу жөнүндө маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү;
мыйзамдуулук – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү жана профилактикалык программаларды жүзөгө ашыруу;
максатка багыт алуу – бардык аракеттерди алдыга коюлган максаттарга, конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө баш ийдирүү, аларды өлкөдө баңги заттарга контролдук кылуу маселелерин чечүүгө багыттоо, баңги коркунучуна каршы аракеттенүүгө таламдаш болгон бардык тараптардын күч-аракеттерин бириктирүү;
комплекстүүлүк – бардык стратегиялык багыттарды көздөө жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик жана улуттук программалары менен макулдашуу;
илимий жактан – баңгиликтин таралышына жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү жаатында сарамжалдуу жана балансташкан саясаттын негизин заманбап илимий ыкмаларды жана далилдөө медицинасын колдонуунун жардамы менен алынган фактылар жана болжолдор түзүүгө тийиш, бул болсо ушул көйгөйдү чечүүнүн алда канча натыйжалуу ыкмаларын аныктоого мүмкүндүк берет;
үзгүлтүксүздүк жана узак мезгилге улануу – криминалдык баңги бизнесине каршы чечкиндүү күрөшүүгө, ошондой эле анын кесепеттеринен арылууга багытталган туруктуу аракеттерди, ошондой эле баңги заттарды керектөөнүн жана анын кесепеттеринин алдын алуу боюнча маалыматтык-билим берүү, медициналык жана социалдык иш-чаралардын тутумдарын институтташтырууну болжолдойт;
реалдуулук - өлкөдөгү реалдуу баңги кырдаалын эске алуу менен баңгиликтин таралышына каршы аракеттенүүнү жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнү жүзөгө ашыруу, алдыга коюлган максаттарды жана милдеттерди тиешелүү уюштуруу, материалдык жана кадр ресурстары менен камсыз кылуу;
кеңири камтуу - баңги коркунучу жана аны менен байланышкан мамлекеттик башкаруудагы коррупция коркунучу, уюшкан кылмыштуулук, коомдун криминалдашуусу жана радикалдашуусу алардын ар кандай көрүнүштөрүнө: баңгиден түшкөн кирешелерин мыйзамдаштырууга («адалдоо»), террористтик аракеттерге, адамдарды мыйзамсыз сатууга, диний экстремизмге бир эле учурда дифференцияланган таасирди талап кылат;
баңги каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлордун жүгүртүүлүшүн контролдоо чөйрөсүндө эл аралык укуктун ченемдерине шайкештик;
жооп иретиндеги чаралардын, көрүнүштүн коомдук коркунучтуулук даражасынын шайкештиги;
калктын катышуусу;
эл аралык кызматташтык - баңги заттардын жүгүртүлүшүнө каршы күрөштө эки жана көп тараптуу негизде эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүү.
Бул Программанын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн көлөмүн төмөндөтүү;
баңги заттарды керектөөнү жана алардан келип чыккан кесепеттерди азайтуу;
дарылык баңги каражаттарынын жана акыл-эске таасир берүүчү заттардын саламаттык сактоонун муктаждыктарына ылайык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
Баңги заттарды контролдоо чөйрөсүндө максаттарды ийгиликтүү ишке ашыруу төмөнкүдөй стратегиялык милдеттердин комплексин чечүүнү талап кылат:
биринчи, экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги баңгиликти профилактикалоо мамлекеттик системасын өнүктүрүү, мында биринчи деңгээлдеги профилактикалоого артыкчылык берүү;
баңги кылмыштуулугуна жана коррупцияга, өзгөчө уюшкан формалардагы кылмыштуулукка каршы күрөшүү;
баңги каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүгө контролдоонун мамлекеттик тутумун өркүндөтүү;
баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүүдө укук коргоо ишин өркүндөтүү;
медициналык наркологиялык жардам тутумун өркүндөтүү;
баңги заттарды мыйзамсыз керектөөнүн терс кесепеттерин (АИВ, вирустук гепатит жана башкалар) азайтуу;
баңгиликке каршы ишти уюштуруучулук, ченемдик-укуктук жана ресурстук камсыз кылууну өркүндөтүү;
баңги заттарга каршы профилактикалык иш-чараларга жарандык коомду тартуу;
эл аралык кызматташтыктын деңгээлин жана натыйжалуулугун арттыруу.
Бул Программанын укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдар, башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер саналат.
Улуттук мыйзамдар. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө», «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы № 120 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун концепциясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-майындагы № 297 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2012-2016 жылдарга Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумун өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы, «Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 токтому.
Эл аралык документтер. Баңги каражаттары жөнүндө БУУнун 1961-жылдагы бирдиктүү конвенциясы, Акыл-эске таасир берүүчү заттар жөнүндө БУУнун 1971-жылдагы конвенциясы, Баңги каражаттарды жана акыл-эске таасир берүүчү заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө БУУнун 1988-жылдагы конвенциясы, БУУнун Башкы Ассамблеясы жыйырманчы атайын сессиясында кабыл алган 1998-жылдын 10-июнундагы S-20/2 Саясий декларация, Баңги заттарга суроо-талапты кыскартуунун жетектөөчү принциптери жөнүндө БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1998-жылдын 10-июнундагы S-20/3 декларациясы, Баңги каражаттар боюнча комиссиянын Жогорку деңгээлдеги 2009-жылдын 11-12-мартындагы жыйынынын этабында кабыл алынган Баңги заттардын дүйнөлүк көйгөйлөрүнө каршы күрөшүүнүн комплекстүү балансташкан стратегиясын иштеп чыгуу максатында эл аралык кызматташтыкты жөнгө салуу боюнча Саясий декларация жана Иш-аракеттердин планы, Баңги каражаттарга контролдук кылуу боюнча эл аралык комитеттин: «Жоготуулар жана баңги каражаттарды жок кылуу жөнүндө статистикалык маалыматтарды БКЭКке берүү тууралуу», «Химиялык өнөр жайдын аракеттеринин ыктыярдуу кодексин даярдоо жөнүндө», «Эл аралык контролдогон баңги каражаттар менен дарыланууга баргандарга карата», «Эл аралык контролдо турган буюмдарды Интернет аркылуу мыйзамсыз сатуунун алдын алуу боюнча», «Эталондук үлгүлөр боюнча», «Отчеттор боюнча» жана башка жетектөөчү принциптери, ошондой эле БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин (ЭКОСОС) 2004/40 резолюциясын аткаруу үчүн иштелип чыккан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) психологиялык-социалдык коштоосу бар опиоиддик көз карандылыкты фармакологиялык дарылоо боюнча колдонмосу.
БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1998-жылдын 10-июнундагы S-20/3 резолюциясына ылайык мыйзамсыз баңги заттарга суроо-талапты кыскартуу боюнча чаралар мыйзамсыз баңги каражаттарына жана акыл-эске таасир берүүчү заттарга керектөө суроо-талабын жоюуга же кыскартууга багытталган. Алар баңги заттарды керектөөнүн алдын алууну жана аларды ашкере колдонуунун жагымсыз натыйжаларын азайтууну; географиялык абалды, экономикалык шарттарды, баңги заттарды керектөөчүлөрдүн санын, маданий өзгөчөлүктөрдү жана гендердик факторлорду эске алуу менен айрым адамдардын жана бүтүндөй алганда коомдун активдүү жана макулдашылган катышуусун камсыз кылууну жана кубаттоону камтыйт.
Бул Программанын принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
стандартташтыруу, башкача айтканда, профилактикалык иш-чараларын жүзөгө ашыруунун бирдиктүү талаптарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу жана киргизүү;
профилактикалоо объекттеринин ар биринин өзгөчөлүгүн эске алуу менен таасир этүүнүн даректүүлүгү;
позитивдүүлүк, башкача айтканда, профилактикалоо объекттерине таасир этүүдө маалыматтык коркутуп-үркүтүүнүн жоктугу;
тутумдук, башкача айтканда, жарандык коомдун субъекттеринин жана пенитенциардык мекемелердин тиешелүү көңүл буруусу жана аларды координациялоо менен профилактикалоонун бардык объекттерине комплекстүү үзгүлтүксүз таасир этүү;
адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо, гендердик теңчилик;
секторлор аралык кызматташтык, мамлекеттик жана жарандык секторлордун эриш-аркак аракеттенүүсү.
Биринчи деңгээлдеги баңгиликти профилактикалоо мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун ишинде мыйзамсыз баңги заттарга суроо-талапты төмөндөтүүнүн негизги ыкмаларынын бири болуп саналат. Биринчи деңгээлдеги баңгиликти профилактикалоонун негизги максаты үй-бүлөнүн жана мамлекеттин колдоосу менен психикалык жактан чың, инсан катары калыптанган, мыйзамдын чегинен чыкпаган жана өзүнүн жүрүш-турушу үчүн жооптуу, сергек жашоо көндүмдөрү бар, турмуштук көйгөйлөрдү адекваттуу ыкмалар менен жеңүүгө кудуреттүү адамды тарбиялоо болуп саналат.
Биринчи деңгээлдеги баңгиликти профилактикалоонун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, анын ичинде тиешелүү мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү аркылуу мыйзамсыз жүгүртүүдөгү баңги заттарга суроо-талапты натыйжалуу кыскартуу үчүн жагымдуу укуктук чөйрөнү түзүү;
баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын координациялоо ишинин профилактикалык курамын күчөтүү;
сергек жашоо ыңгайын жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү жана үй-бүлө, мамлекет, жаштар бирикмелери, жарандык жана бизнестик жамаат, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан балдар жана жаштар үчүн баңги заттарды керектөөнүн альтернативасын берүү (ден соолукту чыңдоочу жана жеткиликтүү эс алууну уюштуруу, анын ичинде дене тарбиясы менен спортту, активдүү оюндарды, жекече, топтук же массалык иш-чараларды өнүктүрүү аркылуу);
жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын профилактикалык ишин активдештүрүү, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук мекемелерде (билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо уюмдары, куралдуу күчтөр, укук коргоо органдары, пенитенциардык тутум, жалпыга маалымдоо каражаттары) санитардык-агартуу ишинин жана маданий тарбиялоонун үзгүлтүксүз тутумун түзүү;
ден - соолукту сактоого жана чыңдоого, социалдык жыргалчылыкка жетишүүгө умтулууга көмөктөшүүчү турмуштук көндүмдөрдү калыптандыруу (чечимдерди кабыл алуу, натыйжалуу баарлашуу, критикалык ой жүгүртүү, теңтуштардын терс кысымына каршылык көрсөтүү, эмоцияны башкара билүү көндүмдөрүнө үйрөтүү);
психикалык активдүү заттарды (мындан ары – ПАЗ) керектөөнүн кесепеттери жөнүндө маалымдоого илимий-негизделген усулдарды жана ыкмаларды түзүү;
кризистик кырдаалдарда жаштарды колдоо тутумун уюштуруу;
пенитенциардык мекемелерде алардын өзгөчүлүгүн сактоо шарты менен биринчи деңгээлдеги профилактикалоо тутумун түзүү.
Экинчи деңгээлдеги баңгиликти профилактикалоо – бул үй-бүлөнүн жана мамлекеттин колдоосу менен адамды жана социалдык чөйрөнү жакшыртууга, ошондой эле баңги заттарды керектөөчүлөрдү профилактикалык программаларды жүзөгө ашырууга тартууга багытталган медициналык, психологиялык жана социалдык иш-чаралардын комплекси.
Экинчи деңгээлдеги баңгиликти профилактикалоонун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
баңги заттарды керектөөчүлөрдү дарылоону, багууну жана колдоону ишке ашыруу үчүн ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жана жагымдуу укуктук чөйрөнү түзүү;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенитенциардык мекемелер жана жарандык калк үчүн жеткиликтүү, илимий жактан негизделген наркологиялык жардамды камсыз кылуу;
купуялуулук шарттарында кызмат көрсөтүүлөрдүн толук спектрин алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен мамлекеттик наркологиялык кызматтын дараметин өстүрүү жана инфратүзүмдөрүн өнүктүрүү, медициналык персоналдын ишинин натыйжалуулугунун сапатын жогорулатуу;
баңги заттарга көз каранды адамдарды диагностикалоо, дарылоо жана реабилитациялоо жаатында илимий изилдөөлөрдү колдоо, жаңы технологияларды ишке киргизүү;
баңги заттарды керектөөчүлөрдү реабилитациялоо жана социалдык жактан адаптациялоо боюнча кызмат көрсөткөн менчиктин бардык формаларындагы уюмдарды өнүктүрүү жана колдоо;
баңги заттарды керектөөчүлөрдүн жакын чөйрөсүнө (бирге көз каранды адамдарга) психологиялык, социалдык жана укуктук колдоону камсыз кылуу;
баңги заттарга көз карандылыкты агонисттер жана антагонисттер менен дары-дармектик дарылоо программаларын өнүктүрүү жана кеңейтүү;
кабыл алуучу-бөлүштүрүүчү жайларда, убактылуу кармоо жайларында, тергөө изоляторлорунда, түзөтүү мекемелеринде жана башка камакта кармоо жерлеринде баңги заттарга көз карандылыктан жабыркаган адамдардын экинчи деңгээлдеги профилактикалоо кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
Кыргыз Республикасынын пенитенциардык тутумунда психологиялык кызматын өнүктүрүү.
Үчүнчү деңгээлдеги профилактикалоо – бул наркологиялык оорулардын рецидивдеринин жана алардын ырбап кетишинин алдын алууга, ошондой эле көз каранды адамдарды андан ары реабилитациялоого багытталган иш-чаралардын комплекси.
Үчүнчү деңгээлдеги баңгиликти профилактикалоонун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
медициналык ишмердикти жүзөгө ашырууга уруксаттамасы бар, менчиктин бардык формаларындагы наркологиялык мекемелердин ишинде координациялоону жана ыкмалардын бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу;
баңги заттарга көз каранды адамдарды реабилитациялоонун жана аларды андан ары социалдык адаптациялоонун натыйжалуу инновациялык технологияларын иштеп чыгуу жана киргизүү;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык сектордо жана пенитенциардык мекемелерде жеткиликтүү, илимий жактан негизделген наркологиялык жардамды камсыз кылуу;
баңги заттарга көз каранды адамдарды реабилитациялоо жана социалдык адаптациялоо боюнча медициналык наркологиялык жардам берген жана кызмат көрсөткөн менчиктин бардык формаларындагы уюмдарды өнүктүрүү жана колдоо;
баңги заттарга көз каранды адамдардын бири-бирине жардам берүү топторун колдоо.
Бул иштин багыты баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө (өндүрүү, даярдоо, ташуу, жөнөтүү, сактоо жана сатуу) каршы күрөшүүгө, ошондой эле баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгып кетишине жол бербөөгө багытталган.
Бул багыттын принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
тутумдук, башкача айтканда, жарандык коомдун субъекттеринин жана пенитенциардык мекемелердин тиешелүү көңүл буруусунун жана координациялоосунун астында баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн бардык этаптарына үзгүлтүксүз комплекстүү таасир этүү;
мыйзамдуулук, башкача айтканда, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салган мыйзамдардын чектеринде баңгилик коркунучуна каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу;
адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо, гендердик теңчилик;
секторлор аралык кызматташтык, мамлекеттик жана жарандык секторлордун эриш-аркак аракеттенүүсү;
укук коргоо органдарынын ортосунда секторлор аралык кызматташтык жана эриш-аркак аракеттенүүсү;
эл аралык кызматташтык (баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштө эки жана көп тараптуу негизде эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүү);
баңги каражаттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндө ыкмалардын балансташкандыгы.
Бул багыттын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
баңги трафигинин, баңги каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун контрабандасынын каналдарын, мыйзамсыз баңги каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана алардын прекурсорлорунун дүң жана чекене таралышынын тарамдарын табуу жана жоюу;
баңги заттарды мыйзамсыз даярдоонун чийки зат базасын азайтуу;
баңги каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүүдөн мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгып кетишин четтетүү;
баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн түшкөн кылмыштык кирешени мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү, ошондой эле алардын мыйзамсыз орун которушунун каналдары менен ыкмаларын табуу жана жоюу;
ПАЗдын контролдонбогон түрлөрүн андан ары жүгүртүүгө жана керектөөгө жол бербөө боюнча ченемдик жана башкаруу чечимдерин кабыл алуу, тажрыйбалык чараларды көрүү менен аларды керектөө фактыларын табуу.
Баңги заттарды мыйзамсыз сунуш кылууну кыскартуу чөйрөсүндө иштин негизги багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:
баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнү жана алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн контролдоонун ченемдик укуктук базасын, анын ичинде аралыктык сатуу дарыканаларынын ишин өркүндөтүү;
баңги заттарга каршы бөлүмдөрдүн кадрларын кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу тутумун түзүү;
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын баңги заттарга каршы күрөшүү бөлүнүштөрүнүн потенциалын, анын ичинде атайын каражаттар жана техника менен чыңдоо аркылуу чек аралардын ачыктыгын азайтуу;
баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү деңгээли жогору болгон өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына келген жүктөрдү жана адамдарды контролдоону күчөтүү;
баңги бизнесине, анын ичинде анын уюшкан формаларына каршы күрөштө ыкчам издөө ишин күчөтүү. Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоо), коррупцияга, террористтик жана экстремисттик топторду баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган каражаттар менен каржылоо каналдарына, ошондой эле улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топторунун ишине бөгөт коюу;
оперативдүү маалыматтарды жана далилдерди чогултуу жана пайдалануу ыкмаларын, анын ичинде соттор санкция берген электрондук байкоо жүргүзүү жана берүүлөрдү контролдоо сыяктуу далил чогултуу ыкмаларын иштеп чыгуу;
маалымат-талдоо тутумдарын түзүү, маалыматтарды чогултууну, иштетүүнү жана талдоону өркүндөтүү, электрондук маалымат базасын түзүү жана аларга адистердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле алардын жарыяланбастыгын жана маалымат булактарын коргоону камсыз кылуу менен оперативдүү маалыматтарды алмашуу;
түзөтүү мекемелеринин контролдоп-өткөрүү режимин өркүндөтүү: баңги каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды табуу заманбап техника жана каражаттар менен (кызматтык издөө иттери, газ анализаторлор ж.б.) камсыз кылуу;
баңги кырдаалын болжолдоо тутумун түзүү жана укук коргоо органдарынын жаңы шарттарда иштөөгө даярдыгын камсыз кылуу;
баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштө укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүү үчүн калк менен эриш-аркак аракеттенүүнү күчөтүү;
ченемдик укуктук базаны чыңдоо, маалымат, тажрыйба жана байланыш офицерлерин алмашуунун мамлекеттер аралык механизмдери аркылуу эл аралык кызматташтыкты өркүндөтүү; баңги каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду контролдоп жеткирип берүүлөрдү белгиленген тартипте жүргүзүү; макулдашылган мамлекеттер аралык оперативдүү - профилактикалык операцияларын ишке ашыруу; тергөөдө, сот өндүрүшүндө жана кылмыштык жазалоодо өз ара укуктук жардам берүү.
Баңги каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо тутумунун негизги милдеттери:
Кыргыз Республикасынын эл аралык-укуктук милдеттенмелерин аткаруу аркылуу баңги каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгып кетишин болтурбоо тутумун өркүндөтүү жана препараттан таасир берүүчү заттарды бөлүп алууга тоскоолдук кылган формаларда баңги заттарды камтыган дары-дармек каражаттарын ташып келүү механизмдерин калыптандыруу;
«Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык макулдашууларда каралган максаттарда контролдонуучу заттарга калктын жана өнөр жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
Баңги каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндө иштин артыкчылыктуу багыттары:
баңги каражаттарды жана акыл-эске таасир берүүчү заттарды (ташып келүүдөн тартып, айкын керектөөчүгө чейин) бөлүштүрүүнүн мыйзамдуу каналдарын контролдоо тутумдарын өркүндөтүү, улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана аларды бул чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык келтирүү;
товарлардын агымын изилдөө жана мыйзамдуу контролдонуучу препараттарды керектөөлөргө баа берүү;
баңги каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду эсепке алуунун жана жүгүртүлүшүн контролдоонун өркүндөтүлгөн тутумун ишке киргизүү;
баңги заттарга көз карандылыкты пайда кылган баңгилик дары-дармек каражаттарын пайдаланууну ылайыкташтыруу жана тиешелүү контролдоочу чараларды көрүү;
прекурсорлорго контролдук кылуу боюнча чараларды өркүндөтүү;
эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинде эл аралык операцияларга катышуу.
Баңги дары-дармектик каражаттар оорунун синдромун жок кылуу үчүн медициналык максаттарда сатып алына тургандыгын эске алып, ошондой эле муктаж адамдарга баңги каражаттардын жана акыл-эске таасир берүүчү заттардын дары-дармектик формаларын дайындалган дарылоого ылайык толук көлөмдө берүү үчүн медициналык жана социалдык инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү менен экономикалык ыкмаларды да пайдалануу зарыл.
Баңги каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүнүн субъекттерин камсыз кылуу бул иштин зарылчылыгын төмөнкүлөрдүн негизинде шарттайт:
Кыргыз Республикасынын аймагында контролдоого тийиш болгон баңги каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун тизмелерин дайыма жаңылап туруунун;
менчиктин бардык формаларындагы субъекттердин ишине туруктуу мониторинг жүргүзүүнүн жана контролдоонун;
баңги каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүүнүн.
Зыянды азайтуу – бул баңги заттарды керектөөнүн терс медициналык, социалдык, укуктук, экономикалык жана демографиялык кесепеттерин азайтууга багытталган иш-чаралардын комплекси, алардын максаты баңги заттарды керектөөчүлөрдүн өлүмгө учуроосун азайтуу, инфекциялык оорулардын профилактикалоо, ошондой эле баңги заттарга көз каранды адамдын жана бүтүндөй алганда коомдун турмушунун сапатын жакшыртуу болуп саналат.
Бул багыттын принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
мыйзамдуулук, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында программаларды жүзөгө ашыруу;
программалардын катышуучуларынын мыйзамдуу укуктары менен таламдарын урматтоо, басмырлоодон жана стигматизациялоодон арылуу;
гендердик теңчиликке кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү;
зыянды азайтуу программаларын мамлекеттик органдардын жакташы;
программаны тандоонун жана ага катышуунун ыктыярдуулугу;
өзүнүн жүрүш-турушу үчүн кардардын жоопкерчилиги.
Зыянды азайтуу программаларынын башкы стратегиялык максаты – баңги заттарды керектөөдөн, анын ичинде АИВ-инфекциянын жана кан аркылуу өтүүчү башка инфекциялардын таралышынан келтирилген медициналык кесепеттердин алдын алуу, ошондой эле баңги заттарды керектөөчүлөрдүн өлүмгө учурашын азайтуу.
Бул багыттын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
баңги заттардан келтирилген зыянды азайтуу чөйрөсүндө тиешелүү эл аралык ченемдерди аткаруу;
жарандык сектордо, кабыл алуучу-бөлүштүрүүчү жайларда, убактылуу кармоо жайларында, тергөө изоляторлорунда, түзөтүү мекемелеринде жана камакта кармоонун башка жерлеринде муктаж адамдар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн комплекстүү пакетинин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
адистерди (дарыгерлерди, социалдык кызматкерлерди, педагогдорду, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин) кесиптик даярдоо жана дипломдон кийинки үзгүлтүксүз окутуу тутумун өркүндөтүү;
зыянды азайтуу максаттары жана милдеттери жөнүндө калкты, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусу менен агартуу үчүн маалыматтык-билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү;
зыянды азайтуу программаларын натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн үй-бүлө, мамлекет жана жарандык коом тарабынан шарттарды түзүү.
Зыянды азайтуунун артыкчылыктуу багыттары:
стерилизацияланган ийнени, шприцтерди жана презервативдерди берүү;
базалык медициналык жардамды жана адистердин кеңеш берүүсү;
коопсуз инъекциялык, сексуалдык жүрүш-туруш, АИВ-инфекциялар жана вирустук гепатиттер жөнүндө маалымат берүү;
зыянды азайтуу программаларында баңги заттарга көз каранды жана «бирге көз каранды» адамдардын коомдоштугунун ролун жогорулатуу;
зыянды азайтуу программалары үчүн кадрларды даярдоо.
Опиоиддердин дозасын ашыруудан улам өлүмгө учуроону четтетүү. Опиоиддердин дозасын ашыруудан улам өлүмгө учуроону четтетүүнүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
дарыгерге чейин кечиктирилгис жардам көрсөтүү боюнча ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу;
дозасы ашып кеткен учурда кечиктирилгис жардам көрсөтүүгө медициналык, социалдык жана башка кызматтардын, ошондой эле укук коргоо жана пенитенциардык тутумдардын жана коммерциялык эмес уюмдардын кызматкерлерин окутуу тут
[1] Кыргыз Республикасында 2012-2016 жылдарга АИВ-инфекциясын туруктуу абалга келтирүү боюнча Мамлекеттик программасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 867 токтому менен бекитилген.
[2] Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалымат борборунун 2012-жылдагы маалыматтары.
[3] Кыргыз Республикасындагы 2011-2012-жылдардагы баңги кырдаал боюнча отчет.