Загрузка документа…
(КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 2-февралы № 33
токтомунун редакциясына ылайык
кγчγн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-январы № 35
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Чек аралык ветеринардык контролдоо департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Натыйжалуу чек аралык ветеринардык контролдоону камсыз кылуу, ветеринардык эрежелерди сактоо, мал чарбачылык жүктөрүн импорттоодо, экспорттоодо жана ташууда Кыргыз Республикасынын аймагын жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын киришинен коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамынын 32-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Чек аралык ветеринардык контролдоо департаменти түзүлсүн.
2. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Чек аралык ветеринардык контролдоо департаменти жөнүндө жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жободо:
11-пунктунун сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башкаруу схемасы төмөнкү мазмундагы позиция менен толукталсын:
Чек аралык ветеринардык контролдоо департаменти.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 34-пунктунда:
- 3-сабындагы "77" цифрасы "67" цифрасына алмаштырылсын;
- 4-сабындагы "539" цифрасы "432" цифрасына алмаштырылсын;
- 5-сабындагы "290" цифрасы "407" цифрасына алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте Чек аралык ветеринардык контролдоо департаментинин уюштуруучулук, финансылык жана башка маселелерин 2013-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын чегинде чечсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын аймагын чет мамлекеттерден жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын киришинен коргоону күчөтүү, алар келип чыккан учурда ылаңдардын очокторун чектөө жана жоюу боюнча чаралардын комплексин жүргүзүүдө өз ара аракеттенүүнү камсыз кылышсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |