Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-январындагы № 35 токтому менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Чек аралык ветеринардык контролдоо департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ведомстволук бөлүнүшү болуп эсептелет. Департамент юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, тиешелүү штамптары, жеке алыш-бериш эсеби, ошондой эле банктарда эсеби бар.
2. Чек аралык ветеринардык контролдоо пункттары жана ички ветеринардык контролдоо пункттары Департаменттин түздөн-түз баш ийүүсүндө турат.
3. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери менен ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдар менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Департаменттин толук аталышы:
- мамлекеттик тилдеги толук аталышы: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Чек аралык ветеринардык контролдоо департаменти";
- расмий тилдеги толук аталышы: "Департамент пограничного ветеринарного контроля Государственной инспекции по ветеринарной и фитосанитарной безопасности при Правительстве Кыргызской Республики".
Департаменттин юридикалык дареги: 720051, Кыргыз Республикасы Бишкек шаары, Буденный көчөсү, 247.
5. Кыргыз Республикасынын аймагын жаныбарлардын, анын ичинде адамдар жана жаныбарлар үчүн бирдей болгон жугуштуу оорулардын козгогучтарынын киришинен коргоо, мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн контролуна алынуучу жүктөрдү (товарларды) Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарууга жол бербөө.
6. Жаныбарларды, мал азыктары менен чийки заттарды жана башка мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн контролуна алынуучу жүктөрдү, кол жүгүн кошкондо, унаанын жана жөнөтүүнүн бардык түрү менен импорттоодо, экспорттоодо, реэкспорттоодо жана ички республикалык ташууларда контролдоону жана көзөмөлдөөнү ишке ашыруу.
7. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн контролуна алынуучу жүктөрдү импорттоодо, экспорттоодо, реэкспорттоодо жана транзиттөөдө тиешелүү ветеринардык документтерди ветеринария чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тариздөө.
8. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарынын технологиялык долбоорлоо ченемдерин иштеп чыгууга катышуу.
9. Өткөрмө пункттарына дезинфекциялык тосмолорду, санитардык өткөрмөлөрдү жана башка курулмаларды орнотуу, аталган курулмаларды долбоорлоодо жана курууда ветеринардык талаптардын сакталышын контролдоону ишке ашыруу.
10. Жаныбарларды, мал азыктары менен чийки заттарды, ошондой эле мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн контролуна алынуучу башка жүктөрдү импорттоо учурунда чет элдик ветеринардык тастыктамаларды Кыргыз Республикасында колдонулуучу ветеринардык күбөлүктөргө жана экспорттоо учурунда ветеринардык күбөлүктөрдү ветеринардык тастыктамаларга кайрадан тариздөө.
11. Департаменттин директору, Департаменттин директорунун орун басары, чек аралык ветеринардык контролдоо пунктунун бөлүм башчылары жана түзүмдүк бөлүнүштөрдүн адистери мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү ишке ашырат. Анын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- чет мамлекеттерден келген жана көзөмөлдөөгө алынуучу жүктөрдү карап чыгууга жана аларды андан ары ташуу же Кыргыз Республикасынын аймагына киргизбөө мүмкүнчүлүктөрү менен шарттары жөнүндө чечим кабыл алууга;
- унаа каражаттарына жана ташылып жаткан жүктөрдүн ветеринардык эрежелерге шайкеш келишин аныктоо максатында унаа каражаттарына жана ташылып жаткан жаныбарларга, мал азыктарына, тоюттарга жана тоюттук кошулмаларга ветеринардык-санитардык жактан кароо өткөрүүгө;
- ветеринардык мыйзамдардын бузулгандыгы жөнүндө протокол түзүүгө жана аны четтетүү жөнүндө эскертүү берүүгө;
- жугуштуу оорулар менен ооруган же ага шектүү малды ташууга (өткөрүүгө) жана айдоого (топтоого) тыюу салууга жана аларды бөлүү жөнүндө эскертүү берүүгө;
- аэропорттордун, темир жол станцияларынын аймактарына, почтамттарга, карантин базаларына, жүктөп-түшүрүүчү аянтчаларга, чарбаларга, ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ветеринардык кызматтын контролуна алынуучу жүктөрдү даярдоо, сактоо, кайра иштетүү жана экспорттоо-импорттоо жаатында иштеген ишканаларга кирүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынан, аэропорттордон, темир жол станцияларынан жана башка ишканалар менен уюмдардан жаныбарлар менен байланышкан жүктөрдүн келиши, сакталышы жана ташылышы жөнүндөгү маалыматтарды жана тиешелүү документтерди алууга;
- кызмат адамдарынан аймактардын, ветеринардык кызматтын контролундагы жүктөрдү ташууну ишке ашырган ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин, чарбалардын эпизоотикалык абалын аныктоо үчүн зарыл болгон документтерди талап кылууга;
- ветеринардык-санитардык коопсуздук эрежелерине жүктүн шайкеш келбегендиги аныкталган учурда жаныбарларды, мал азыктарын ташууну токтотууга, жүктөөгө жана түшүрүүгө тыюу салууга;
- ветеринардык мыйзамдарды бузууга жол берген адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө материалдарды сот жана укук коргоо органдарына берүүгө.
12. Чек аралык ветеринардык контролдоо пункттарынын мөөрлөрү жана тиешелүү штамптары болот.
13. Департаменттин кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууда белгиленген үлгүдөгү кийимди кийүүгө укуктуу.
14. Департаменттин директору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
15. Департаменттин директорунун орун басары Департаменттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
16. Департаменттин бөлүм башчылары, башкы инспекторлору, улук инспекторлору жана инспекторлору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
17. Департаменттин директору:
- чек аралык жана транспорттук ветеринардык контролдоо пункттарынын ишин жетектөөнү, алардын каржыланышын жана материалдык-техникалык жактан жабдылышын камсыз кылууну, мамлекеттик ветеринардык көзөмөл жүргүзүүдө чек аралык ветеринардык контролдоо пункттарынын иштерин уюштурууну жана контролдоону ишке ашырат;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүнүштөрүн жетектейт жана чек аралык жана транспорттук ветеринардык контролдоо пункттарынын, посттордун, убактылуу сактоочу кампалардын жана бажы терминалдарынын иштерин контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пункттарындагы мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү ишке ашыруу жана ташуу маселелери боюнча токтомдорун, көрсөтмөлөрүн, буйруктарын белгиленген мөөнөттө сапаттуу аткарууну камсыз кылат;
- Департаменттин кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин бекитет, анын иши, эмгек тартибинин абалы, мүлкүнүн, унаасынын жана башка материалдык баалуулуктарынын сакталышы жана туура пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
- кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана башка сыйлыктары менен сыйлоого белгиленген тартипте сунуштайт;
- Департаментке бөлүнгөн акча каражаттарын, ошондой эле атайын эсептин каражаттарын жана материалдык-техникалык ресурстарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тескейт;
- кызыкдар мамлекеттик жана башка мекемелер, чарбалык уюмдар жана ишканалар менен келишимдерди, мүлктүк бүтүмдөрдү түзөт;
- чек аралык жана транспорттук ветеринардык контролдоо пункттарындагы жана постторундагы кызматтык жана турак жайларды толук оңдоону (зарыл болгон учурларда ижарага алат) ишке ашырат;
- Департаменттин бардык түзүмдүк бөлүнүштөрү тарабынан милдеттүү түрдө аткарыла турган буйруктарды чыгарат;
- түзүмдүк бөлүнүштөрдөн түшкөн сунуштарды эске алуу менен адистерди кайра даярдоонун жана кесиптик деңгээлин жогорулатуунун келечектүү пландарын түзөт, алар менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пункттарындагы ветеринардык контролду уюштурууну, жүргүзүүнү жана ташууну жакшыртуу маселелери боюнча кеңешмелерди, семинарларды өткөрөт;
- анын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик, коомдук мекемелерде, ишканаларда, уюмдарда, ошондой эле соттордо өкүлчүлүк кылат;
- контролдон өткөн жүктөрдүн, ветеринардык-санитардык талаптардын бузулган фактыларын, кармалгандардын санын, кайтарылган жана жок кылынган же пайдалануудан чыгарылган жүктөрдүн эсебинин жүргүзүлүшүн камсыздайт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга белгиленген тартипте тиешелүү отчетторду берет.
18. Департаменттин мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык милдеттерин тиешелүү түрдө аткарбагандыгы, ошондой эле жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын пайда болгон фактыларын жана алардын пайда болушуна жана жайылышына коркунуч туудурган жагдайларды, ветеринардык-санитардык жактан коркунучтуу болгон жаныбарлардан алынган азыктардын өндүрүлүшүн жана сатылышын жашыргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.
19. Департаментти каржылоо республикалык бюджеттин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каржылоонун башка булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
20. Департаменттин мүлкү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга бөлүнгөн каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен түзүлөт.
21. Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн имараты, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү мамлекеттин менчиги болуп эсептелет.
8. Жоюу жана кайра уюштуруу
22. Департаментти кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, бөлүү, чыгаруу, кайра түзүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
23. Департаменттин иш процессинде келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.