Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-январы № 10
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 370 "Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Менчиктештирүү маселелерине тиешелүү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 370 "Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аукциондо сатуу ыкмасы менен мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө жободо:
- 8-пунктунун алтынчы абзацы, 9-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- № 3 тиркемесинин 4-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- № 4 тиркемесинин эскертүүсүнүн 2-пунктундагы "(старттык бааны азайтуу") деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 29-ноябрындагы № 801 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-январы № 1
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигин Психикалык бузулуудан жабыр тарткан адамдарды мажбурлап дарылоо жүргүзүү үчүн берүү жөнүндө конвенцияны жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган катары аныктоо тууралуу
Психикалык бузулуудан жабыр тарткан адамдарды мажбурлап дарылоо жүргүзүү үчүн берүү жөнүндө конвенцияны жүзөгө ашыруу боюнча милдеттенмелерди аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 15-июлундагы № 138 Мыйзамы менен ратификацияланган Психикалык бузулуудан жабыр тарткан адамдарды мажбурлап дарылоо жүргүзүү үчүн берүү жөнүндө конвенцияны жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган катары аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарийге - Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Аткаруу комитетине аталган Конвенцияны жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган бекитилгендиги жөнүндө билдирүү жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
|