Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 26-июнундагы № 376 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 13-марты № 178
2004-2006-жылдардагы иштердин жыйынтыктары боюнча мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларынын, мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участкаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө
"Жазгы-талаа иштерин жүргүзүүнүн жыйынтыктары жана 2008-жылдын түшүмүн жыйноого даярдык көрүүнүн жүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 328 токтомуна, "Күздүк өсүмдүктөрдү өз убагында себүү жана кыртышты 2007-жылдагы түшүмгө даярдоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы № 697 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын үрөн чарбалары жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2004-2006-жылдардагы иштердин жыйынтыктары боюнча мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларынын, мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участкаларынын тиркелген тизмеси бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги белгиленген тартипте аларды өндүрүшкө киргизүүнү тездетүү максатында ата мекендик жана чет элдик селекциянын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы келечектүү жана тартыш сортторунун жана гибриддеринин алгачкы үрөнчүлүгүн жүргүзүү укугун мамлекеттик сорт сыноо станцияларына жана мамлекеттик сорт сыноо участкаларына берсин.
3. "2000-2003-жылдардагы иштин жыйынтыгы боюнча аттестациядан өткөн Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларынын, мамлекеттик сорт сыноочу станцияларынын жана мамлекеттик сорт участокторунун тизмелерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-августундагы № 586 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |