Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 20-майы № 313
"Түндүк электр", "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдорунун акцияларынын мамлекеттик пакеттернн жана Бишкек шаарынын ТЭЦинин мүлктүк комплексин сатуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде бекитилген "Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн программасына, "Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле "Түндүк электр", "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдорунун акцияларынын мамлекеттик пакеттерин жана Бишкек шаарынын ТЭЦинин мүлктүк комплексин бир пакет менен бир стратегиялык инвесторго сатуу боюнча инвестициялык конкурс ишке ашпай калды деп эсептелгенин көңүлгө алып, аталган энергетикалык объекттердин натыйжалуу иштешин жана өнүктүрүлүшүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети "Түндүк электр", "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдорунун акцияларынын мамлекеттик пакеттерин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 22-мартындагы № 160 буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун рекомендацияларын эске алуу менен өзүнчө лоттордо сатуу боюнча инвестициялык конкурстарды белгиленген тартипте өткөрсүн.
2. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна Бишкек шаарынын ТЭЦинин мүлктүк комплексин сатуу боюнча белгиленген тартипте инвестициялык конкурс өткөрүү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-октябрындагы № 603 "Түндүк электр", "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдорунун акцияларынын мамлекеттик пакеттерин жана Бишкек шаарынын ТЭЦинин мүлктүк комплексин сатуу жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |