Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 20-майындагы № 313 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 29-октябры № 603
"Түндүк электр", "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдорунун акцияларынын мамлекеттик пакеттерин жана Бишкек шаарынын ТЭЦинин мүлктүк комплексин сатуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде бекитилген "Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн программасына, "Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Түндүк электр", "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдорунун жана Бишкек шаарынын ТЭЦинин натыйжалуу иштешин жана өнүгүүсүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети "Түндүк электр", "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдорунун акцияларынын мамлекеттик пакеттерин жана Бишкек шаарынын ТЭЦинин мүлктүк комплексин бир пакет менен бир стратегиялык инвесторго сатуу боюнча инвестициялык конкурсту аныкталган тартипте өткөрсүн.
2. "Түндүк электр", "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдорунун акцияларынын мамлекеттик пакеттерин жана Бишкек шаарынын ТЭЦинин мүлктүк комплексин сатуу боюнча инвестициялык конкурска даярдануу жана өткөрүү боюнча тиркелген негизги шарттар жана талаптар жактырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-октябрындагы № 603 токтому менен жактырылган |
"Түндүк электр", "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдорунун (мындан ары - ААК) конкурска коюлчу акцияларынын мамлекеттик пакеттеринин уставдык капиталдардын 80,49 проценти өлчөмүндөгү старттык нарктары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин коллегиясынын чечимине ылайык аныкталат. ТЭЦтин мүлктүк комплексинин старттык наркы "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун Директорлор кеңешинин чечимине ылайык аныкталат.
1. Конкурска катышууга төмөнкүлөр укуктуу:
- рынокто 5 (беш) жылдан кем эмес иштеген, ишмердик бедели жакшы жана жылдык жүгүртүүсү АКШнын 100,0 млн. (жүз миллион) долларынан кем эмес энергия компаниялары;
- ишмердик бедели жакшы жана тике инвестициялар боюнча АКШнын 100,0 млн. (жүз миллион) долларынан кем эмес тажрыйбасы бар жана энергетика рыногунда 5 (беш) жылдан кем эмес иштеген компаниялар/холдингдер - институттук инвесторлор;
- жогоруда айтылган талаптарга жооп берген компания курамына кирген консорциумдар.
2. Конкурска төмөнкүлөр катыша алышпайт:
- оффшордук зоналарда жана пошлинасыз соода зоналарында катталган юридикалык жактар же оффшордук зонада жана пошлинасыз соода зонасында катталган жана компанияда акцияларын/үлүштөрдүн 50 процентинен ашыгына ээлик кылган юридикалык жактар уюштуруучусу же катышуучусу болгон юридикалык жактар;
- мамлекеттик мекемелер, мамлекеттик ишканалар жана аракетке жараксыз деп мыйзамда белгиленген тартипте эсептелген жеке адамдар.
1. Өндүрүштүк иштин негизги багытын сактоо:
- Бишкек шаарынын ТЭЦи - электр жана жылуулук энергияларын чыгаруу жана 2009-2010-жылдарда күз-кыш мезгилинде 350 МВт өлчөмдөгү жүктөмдү камсыздоо үчүн 2009-жылы АКШнын 20,0 млн. (жыйырма миллион) долларынан кем эмес өлчөмдө капиталдык салымды ишке ашыруу, ошондой эле тараптар менен макулдашылган график боюнча 2009-2012-жылдардагы мезгилде станциянын белгиленген 600 МВт кубаттуулукка чыгышын камсыздаш үчүн станцияны реконструкциялоого же турбоагрегаттарды алмаштырууга АКШнын 281,0 млн. (эки жүз сексен бир миллион) долларынан кем эмес өлчөмдө капиталдык салымды ишке ашыруу;
- "Түндүк электр" ААК - электр энергиясын жеткирүү, бөлүштүрүү жана электр тармактарын жана энергия жабдууларын модернизациялоого 2012-жылга чейин АКШнын 64,0 млн. (алтымыш төрт миллион) долларынан кем эмес өлчөмдө, анын ичинде 2009-жылы АКШнын 4,0 млн. (төрт миллион) долларынан кем эмес өлчөмдө инвестиция салуу;
- "Бишкек жылуулук тармагы" ААК - жылуулук энергиясын жеткирүү, бөлүштүрүү жана 2012-жылга чейин АКШнын 22,0 млн. (жыйырма эки миллион) долларынан кем эмес өлчөмдө, анын ичинде 2009-жылы АКШнын 121,0 миң. (жүз жыйырма бир миң) долларынан кем эмес өлчөмдө инвестиция салуу.
2. "Түндүк электр" ААКны, "Бишкек жылуулук тармагы" ААКны жана Бишкек шаарынын ТЭЦин өнүктүрүүгө 5 (беш) жылдын ичинде жалпысынан АКШнын 366,1 млн. (үч жүз алтымыш алты миллион жүз миң) долларынан кем эмес өлчөмдө инвестиция салуу.
3. Сатып алуучу инвестициялык милдеттенмелерин толук аткарганга чейин акцияларды сатуусуна тыюу салынат.
1. Керектүү сапаттагы продукциянын - электр жана жылуулук энергияларынын белгиленген кубаттуулукка чейинки зарыл көлөмүн өндүрүү көбөйтүлүшүн этаптуу камсыздоо.
2. Бишкек шаарынын ТЭЦин жогорку калориялуу, күлү аз көмүртек-суутектүү отунга которуунун эсебинен күл төккүч аянттарды оптималдаштыруу. Бишкек шаарынын ТЭЦинде өндүрүштүн көмүр менен жабдууга узак мөөнөттүү контракттар менен гарантиялуу камсыз болушу жана көмүрдүн запасын 115 миң (жүз он беш миң) тоннадан кем эмес көлөмдө кармоо. Бишкек шаарынын ТЭЦинин көмүргө керектөөсүнүн 10 проценттен кем эмесин Кыргызстандын көмүр казуучу ишканаларынан сатып алуунун эсебинен камсыздоо.
3. Бишкек шаарынын ТЭЦинин иштеши үчүн жабдуулардын техникалык даярдыгынын зарыл деңгээлин эсептелген температуралык графикке ылайык камсыздоо.
4. Бишкек шаарынын ТЭЦинин жабдууларынын технологиялык жана экологиялык коопсуздук деңгээлдерин жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу.
5. Бишкек шаарынын ТЭЦинин коопсуздугунун комплекстүү системасы (кайтарык сигнализация, сырткы жарыктандыруу, байкоо, өрттөн сактануучу сигнализация, байланыш линиялары) киргизилишин камсыздоо.
6. Бишкек шаарынын ТЭЦинде, "Бишкек жылуулук тармагы" ААКда жана "Түндүк электр" ААКда эскирген жабдууларды, бөлүштүрүлчү электр жана жылуулук энергияларын эсептөө жана контролдоо системаларын модернизациялоо жана реконструкциялоо.
7. Бишкек шаарынын ТЭЦинде, "Бишкек жылуулук тармагы" ААКда жана "Түндүк электр" ААКда жылытуучу-техникалык жабдууларды, электрдик жана жылуулук тармактарын жана подстанцияларды оңдоо жана модернизациялоо боюнча жаңы технологиялык процесстерди өздөштүрүү.
8. Системалык оператор катары "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААК менен электр энергиясын иштеп чыгуунун жана кубаттуулуктун режимин макулдашуу.
9. Системалык операторду - "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКны байланыштын, автоматиканы релелик сактоонун (АРС) жана аварияга каршы автоматиканын (АКА) түзүлүштөрүнүн иштерин алыстан өлчөө маалыматтарын берүүнүн диспетчердик жана технологиялык каналдары менен камсыздоо.
10. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эмгекти коргоонун жана коопсуздук ыкмаларынын, айлана-чөйрөнү коргоонун, жаратылыштык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануунун нормалары жана эрежелери, өнөр жайлык курулуштун эрежелери жана нормалары сакталышын камсыздоо.
1. Өзүнүн продукциясын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же анын энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы белгилеген тарифтер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатуу.
2. Ишканалардын 2516,7 млн. (эки миллиард беш жүз он алты миллион жети жүз миң) сом суммадагы карыздарын төлөө боюнча милдеттенмени аткаруу.
3. "Түндүк электр", "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдорунун акцияларынын мамлекеттик пакеттерин, Бишкек шаарынын ТЭЦинин мүлктүк комплексин сатып алган күндөн тартып бир айдан кеч эмес мөөнөттө аталган ишканалардын салыктар, эмгек акылар жана Кыргыз Республикасынын социалдык фондуна которуулар боюнча карыздарын жоюу.
4. Мамлекеттик маанидеги жана социалдык маанилүү объекттерди электр энергиясынан жана жылуулук энергиясынан негизсиз ажыратууга жол бербөө.