Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 13-июну № 380
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты З.И.Жамалдинов демилге кылган "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-июнундагы № 380 токтому менен жактырылган
|
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты З.И.Жамалдинов демилге кылган "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй эскертүүлөрдү жана сунуштарды берет.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунуш кылынып жаткан оңдоолор, тактап айтканда тамеки өстүрүү, жыйноо жана тамекини иштетүү менен эмгектенген тамекичилерди зыяндуу эмгек шарттарына байланыштуу жеңилдик берүүчү шарттарда курагы боюнча пенсия алууга укугу бар адамдардын категориясына кошуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражаттарды талап кылат.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеңилдик берүүчү шарттарда курагы боюнча пенсияга чыгуу укугу № 1 тизме жана № 2 тизме боюнча кызматкерлерге берилген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлундагы № 298 "Жеңилдик берилген пенсиялык камсыздоого укук берүүчү өндүрүштөрдүн, иштердин, кесиптердин, кызмат орундарынын жана көрсөткүчтөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген № 2 тизмеге тамеки өндүрүшүндө, калыбына келтирилген тамеки өндүрүшүндө, махорка өндүрүшүндө, никотин өндүрүшүндө эмгектенген адамдар кирген. Ошол эле мезгилде № 2 тизме боюнча пенсияларды дайындоо жана төлөө жумуш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Мындан тышкары агрардык-жер реформасынын натыйжасында түзүлгөн фермердик жана дыйкан чарбалары, ар кандай бирикмелер жана ассоциациялар, алардын ичинде кооперативдер тамеки өстүрүү жана аны андан ары иштетүү боюнча өз ишин агрардык рыноктун конъюнктурасына жараша, башкача айтканда туруктуу эмес негизде жүргүзгөндүгүнө байланыштуу мыйзам долбоорун ишке ашыруу кыйынчылыкка тураарын белгилейбиз. Ошол эле мезгилде юридикалык жакты түзбөй тамеки чөйрөсүндө өз ишин жүргүзгөн жеке жактар өздөрүнүн иш эсебин жүргүзүшпөйт, демек жеңилдик берилген камсыздандыруу стажы жөнүндө ырастоочу документтердин жоктугунун айынан пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу укугун колдоно алышпайт.
Жеңилдик берилген шарттарда пенсияга укугу бар адамдардын тизмесине тамекичилерди киргизүүдөн мурда эмгек шарттарын экспертизалоо боюнча иштер жүргүзүлүүгө тийиш.
Сунуш кылынган мыйзам долбоорун ишке ашыруу пенсия төлөө үчүн республикалык бюджеттен олуттуу кошумча финансылык каражаттарды табууну талап кылаарын эске алып, жогоруда аталган мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.