Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 5-февралы № 75

Лотереяларды уюштурууга жана өткөрүүгө карата коюлуучу айрым талаптар жөнүндө

Лотереяларды уюштурууну жана өткөрүүнү өркүндөтүү максатында “Лотереялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 18-беренелерин жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Төмөнкүлөр бекитилсин:

-Электрондук лотереянын катышуучуларына маалыматтарды берүү үчүн электрондук лотереяны уюштуруучу тарабынан телевизордун же компьютердин экранына жайгаштырылуучу керектүү кабарлардын милдеттүү тизмеси (мындан ары – тизме) 1-тиркемеге ылайык;

-Лотерея боюнча отчет берүү тартиби жөнүндө нускама (мындан ары – нускама) 2-тиркемеге ылайык;

2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы лотереяларды уюштуруучулардын тизмеде жана нускамада каралган өткөрүү шарттарын жана талаптарын сактоосу боюнча чара көрсүн.

3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын каржы жана насыялык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев